# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 256 "Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 256 "Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12793/edition/328309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 256 "Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы № 369 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (30.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59137

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 30-майы № 256

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана

Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын

шаар башкармаларынын структурасы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-июнундагы

№ 369 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Атамекендик спортту колдоо жана республикалык маанидеги объекттер-

ди мамлекеттик менчикке кайта берүү, ошондой эле аларды андан ары пай-

даланууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Объекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз

Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар башкармаларынын

структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын

30-июнундагы № 369 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомго № 2 тиркемеде "СБӨОМ - адм. имараты,

окутуучу-машыгуучу базасы, спорттук-чыњдоочу комплекси" жана "СБӨАБМ -

адм. имараты, спорттук залдар" деген позициялар алып салынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
