# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2008-жылдын 30-майындагы №255 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2008-жылдын 30-майындагы №255 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 255
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12792/edition/328308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2008-жылдын 30-майындагы №255 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59136

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек ш.өкмөт үйү

2008-жылдын 30-майындагы №255

"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам

долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конститутциасынын 64-статьясына,

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Конститутциалык Мыйзамынын 12-статьясына ылайык Кыргыз республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толук-

тоолорду киргизуу тууралуу " Кыргыз республикасынын Мыйзам долбоору

жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз республикасынын Жогорку

Кенешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги аталган мыйзам

долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши караган учурда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо газетасы,

2008-жылдын 21-марты, №21) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизилсин:

1.1-статьяда:

- биринчи бөлүктөгү "36 842 464,6", "43 099 306,2","2 731 474,9"

деген цифралар тиешелүү түрдө "39 187 580,5", "45 475 175,0",

"2 910 892,6" деген цифраларга алмаштырылсын;

- экинчи бөлүктөгү "3 525 366,7", "2 731 474,9" деген

цифралар тиешелүү түрдө "3 376 701,9", "2 910 892,6" деген цифраларга

алмаштырылсын;

- үчүнү бөлүктөгү "3 525 366,7" деген цифралар "3 376 701,9"

деген цифраларга алмаштырылсын.

2. 5-статьядагы "3 743 034,1", "5 161 818,2" деген цифралар

тиешелүү түрдө "3 551 548,1", "5 012 584,5" деген цифраларга

алмаштырылсын.

3. 9-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык

коргоо министрлигинин" деген сөздөрдөн мурда "мамлекеттик заемдук

каражаттар боюнча карыздарды жоюуга которулган акчалай түшүүлөрдүн

суммасынан чегерилүүчү каражаттарды жана" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 13-статьядагы "447 418,1" деген цифралар "544 654,5" деген

цифраларга алмаштырылсын.

5. 16-статьядагы "3 185 780,9" деген цифралар "3 213 780,9"

деген цифраларга алмаштырылсын .

6. №1,1-1, 1-2,2, 2-1, 3, 4 жана 5 тиркемелер ушул мыйзамдын

№ 1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3,4 жана 5 тиркемелерине ылайык редакцияда

берилсин.

2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө

кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти
