# "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Аксуу районунун аймагынан жер участкаларын берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын окмотунун Токтому № 254, 30 май 2008ж.

- Толук аталышы: "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Аксуу районунун аймагынан жер участкаларын берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын окмотунун Токтому № 254, 30 май 2008ж.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12791/edition/1007570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Аксуу районунун аймагынан жер участкаларын берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын окмотунун Токтому № 254, 30 май 2008ж. (30.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59135

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 30-майы № 254

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген

коомуна Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Аксуу

районунун аймагынан жер участкаларын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын экономикасына тике инвестицияларды тартуу

максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,

384-статьяларына, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин

4, 5, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-

том кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-

рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-

калык комиссия менен макулдашылган, Ысыккөл облусунун Аксуу районунун

аймагынан 163 га жерди "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги

чектелген коомуна "Лесистый" участогундагы "Трудовое" калай-вольфрам

кенин иштетүүгө 17 жылдык мөөнөткө жер казынасын пайдаланууга ижара ке-

лишими шартында берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-

гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана

башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-

рациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-

юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-

нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана

алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Сарыжаз

Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн;

"Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун

Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Аксуу районунун мамлекеттик

администрациясы менен жер участокторго жер салыгынын ставкасынын өлчө-

мүнө карата 2 (эки) коэффициентин колдонуу менен Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзүүсүн;

- "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коому-

на бөлүнүүчү жер участогунда экологиялык жана техникалык коопсуздук,

жер казыналарын коргоо жана пайдалануу жагында эксперттик корутунду чы-

гаруу менен тиешелүү документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте

иштеп чыгууну камсыздоону милдеттендирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри К.Чудинов
