# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №251 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруу эрежесин бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №251 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруу эрежесин бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12788/edition/653128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №251 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруу эрежесин бекитүү тууралуу"токтому (18.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59132

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 18-июну № 376 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2008-жылдын 30-майы № 251

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруу эрежесин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган биринчи кезектеги иш-аракеттерди жүргүзүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 126 токтому менен бекитилген Дүйнөлүк банк- тын "Бизнес жүргүзүү" отчетуна карата Кыргызстандын эл аралык ка- дыр-баркынын индикаторлорун жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи кезектеги иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруунун тиркелген эрежеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-

нистрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги уруксат берүүчү документтерди берүү жөнүндө ченем- дик укуктук актыларга текшерүү жүргүзүшсүн жана соодада техникалык тос- коолдуктарды минималдаштыруу боюнча эларалык укуктун нормаларына ылайык келтиришсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
