# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы №248 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы №248 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12785/edition/328300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы №248 "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59129

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-майы № 248

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Почта байланыш тармагына башкаруунун корпоративдик системасын кол-

донууга киргизүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана ком-

муникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик иш-

канасын акционердик коомго өзгөртүп кайра түзүү үчүн, Кыргыз Республи-

касынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өз-

гөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-статья.

"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эр-

кинтоо" газетасы, 2006-жылдын 27-июну, № 46) төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-

зилсин:

15-статьянын үчүнчү бөлүгү алып салынсын.

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
