Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер, Бвразиялык экономикалык коомдоштукка, Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттер менен билим берүү жана илим тармагында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы кеңеш жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 8-февралындагы
№ 40 токтому менен
бекитилген
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан
мамлекеттер, Бвразиялык экономикалык коомдоштукка, Шанхай
кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттер менен билим берүү жана
илим тармагында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн алдындагы кењеш жөнүндө
ЖОБО
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамле-
кеттер, Евразиялык экономикалык коомдоштукка (ЕврАзЭК), Шанхай кызмат-
ташуу уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер менен билим берүү жана илим тарма-
гында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ке-
њеш (мындан ары - Кењеш) кењеш берүүчү консультациялык орган болот.
Кењештин негизги максаты билим берүү жана илим тармагында иштеген
тиешелүү мамлекеттик, коомдук эл аралык жана башка кызыкдар уюмдар ме-
нен мекемелердин билим берүү жана илим тармагында КМШга катышкан мамле-
кеттер, ЕврАзЭКке, ШКУга мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын
кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү болуп эсептелет.
2. Кењеш өз иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, КМШ, Ев-
рАзЭК, ШКУнун уставдарын, КМШ, ЕврАзЭК, ШКУга катышкан мамлекеттердин
Мамлекет башчыларынын кењешинин жана Өкмөт башчыларынын кењешинин че-
чимдерин, билим берүү жана илим маселелери боюнча Кыргыз Республикасы
катышкан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашууларды жана
ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кењешти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, билим берүү
жана илимий мекемелердин өкүлдөрүнөн түзөт. Кењешти Кыргыз Республика-
сынын Вице-премьер-министри жетектейт.
Кењештин отурумуна, анын чечими боюнча кењеш берүүчү добуш укугу
менен мамлекеттик, коомдук эл аралык уюмдардын, ошондой эле билим берүү
жана илим тармагында иш жүргүзүшкөн башка кызыкдар уюмдар менен мекеме-
лердин өкүлдөрү катыша алат.
4. Кењештин негизги милдеттери:
- билим берүү, илим тармагында жана билим, окумуштуулук даражалар
жана наамдар жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн өз ара таануу
боюнча кызматташтык жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулардын, прог-
раммалардын жүзөгө ашырылышын мониторингдөө;
- билим берүү, илим тармагында жана билим, окумуштуулук даражалар
жана наамдар жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн өз ара таануу
боюнча кызматташтык жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашууларды жана
программаларды ишке ашыруу маселеси боюнча илимий жана билим берүү уюм-
дарынын ишмердүүлүгүн координациялоо;
- билим берүү, илим жаатындагы жана билим, окумуштуулук даражалар
жана наамдар жөнүндө документтердин эквивалентүүлүгүн өз ара таануу
тармагындагы мамлекеттер аралык макулдашуулардын, кызматташуу програм-
маларынын жана ченемдик укуктук, мыйзам актыларынын долбоорлоруна кору-
тундуларды даярдоо;
- КМШга катышкан мамлекеттердин, ЕврАзЭКге, ШКУга мүчө мамлекет-
тердин жалпы билим берүү мейкиндигин түзүүгө көмөктөшүү.
5. Кењештин отурумдары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир
жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кењештин отуруму анын мүчөлөрүнүн үчтөн
экисинен кем эмеси катышса укукка ээ.
6. Кењештин чечими катышкан мүчөлердүн жалпы санынын көпчүлүк до-
бушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана сунуш кылуу мүнө-
зүндө болот. Кабыл алынган чечимге макул болбогон Кењештин мүчөлөрү өз-
гөчө пикирлерин билдире алышат, ал отурумдун протоколуна киргизилет.
7. Кењеш өзүнүн отурумдарына маселелерди, аналитикалык-маалыматтык
материалдарды даярдоо үчүн өзүнүн компетенциясынын чегинде жумушчу жана
эксперттик топторду түзүүгө укуктуу.
8. Кењештин отурумуна протокол толтурулат, ага Кењештин төрагасы
жана катчысы кол коет.
9. Кењештин иш регламенти ал тарабынан өз алдынча аныкталат.
10. Кењештин ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык, аналитикалык жана
башка камсыздоо Кењештин жумушчу органы болуп эсептелген Кыргыз Респуб-
ликасынын Билим берүү жана илим министрлиги 4 штаттык бирдик курамда
түзүлгөн секретариат аркылуу ишке ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 8 - февралындагы №40 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер, Евразиялык экономикалык коомдоштукка, Шанхай…Постановление · 08.02.2008 · № 40
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон