# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы №240 "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөө жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы №240 "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөө жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 240
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12774/edition/386222/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы №240 "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөө жөнүндө"токтому (23.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59114

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 598 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 26-майы № 240

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык

акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын

кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары

үчүн пенсия төлөө жөнүндө

"Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик

коомунун (мындан ары - "КАЖ УАТ" ААК) учуу жана учуу-сыноо курамында

иштеген жарандардын пенсия жана социалдык төлөмдөрдү алууга конституци-

ялык укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкүлөр сунуштал-

сын:

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына ылайык чектелген жана

2007-жылдын августунан тартып аларды төлөө убактылуу токтотулган учуу

жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн

пенсияларды төлөөнү жандандыруу;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте "КАЖ

УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин

өзгөчө шарттары үчүн пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (мындан

ары - КП1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2007-жылга респуб-

ликалык бюджеттин пайдаланылбаган акча каражат калдыктарынын эсебинен

каржылоону жүргүзүү;

- пенсиянын базалык жана экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (мындан ары

- Б + КП2) каржылоону социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен

жүргүзүү;

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 3-пунктунда каралган "КАЖ

УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине төлөп берүү

учуруна белгиленген 12 базалык пенсиянын өлчөмүндө төлөнүүчү акчалай

компенсацияны Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тиешелүү жыл-

дарга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетто тиешелүү түрдө чагылдыруу

менен пенсиянын базалык бөлүгүн төлөө катары эсептөө.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "КАЖ

УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын пенсионерлерине пенсия тө-

лөөгө багытталган республикалык бюджеттин чыгымдарын "КАЖ УАТ" ААКынын

мүлкүн сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсацияласын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Со-

циалдык фондуна (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
