Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиаташуучу» ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөө жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 598 "О выплате пенсий за особые условия труда работникам летного и летно-испытательного состава открытого акционерного общества "Национальный авиаперевозчик "Кыргызстан аба жолдору"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-23.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 598 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 26-майы № 240
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык
акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын
кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары
үчүн пенсия төлөө жөнүндө
"Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик
коомунун (мындан ары - "КАЖ УАТ" ААК) учуу жана учуу-сыноо курамында
иштеген жарандардын пенсия жана социалдык төлөмдөрдү алууга конституци-
ялык укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкүлөр сунуштал-
сын:
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына ылайык чектелген жана
2007-жылдын августунан тартып аларды төлөө убактылуу токтотулган учуу
жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн
пенсияларды төлөөнү жандандыруу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте "КАЖ
УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин
өзгөчө шарттары үчүн пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (мындан
ары - КП1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2007-жылга респуб-
ликалык бюджеттин пайдаланылбаган акча каражат калдыктарынын эсебинен
каржылоону жүргүзүү;
- пенсиянын базалык жана экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (мындан ары
- Б + КП2) каржылоону социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен
жүргүзүү;
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 3-пунктунда каралган "КАЖ
УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине төлөп берүү
учуруна белгиленген 12 базалык пенсиянын өлчөмүндө төлөнүүчү акчалай
компенсацияны Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тиешелүү жыл-
дарга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетто тиешелүү түрдө чагылдыруу
менен пенсиянын базалык бөлүгүн төлөө катары эсептөө.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "КАЖ
УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын пенсионерлерине пенсия тө-
лөөгө багытталган республикалык бюджеттин чыгымдарын "КАЖ УАТ" ААКынын
мүлкүн сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсацияласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Со-
циалдык фондуна (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №333 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 17.12.2010 · № 333 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 598 "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учкуч жана учкуч-сыноочу курамынын кызматкерлерине…Постановление · 23.09.2011 · № 598