# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12773/edition/393599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө"токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59113

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №132 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2008-жылдын 24-майы № 239

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинде кызмат өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинде кызмат өтөө жөнүндө жобонун 33-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы- лат:

1. Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын тиркел-

ген Тартиптик уставы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги түзүмдүк

бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын Тартиптик уставынын талаптарын кынтыксыз аткарышын камсыз кылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы № 539

"Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы №

731 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин маселе- лери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

Премьер-министри И.Чудинов
