Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулук жөнүндө»Жобо (токтому менен бекитилген).
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-апрелиндеги
N 161 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук
жана спорттук балык кармоочулук жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун маданий балык
чарбалары
III. Бөлүп берилген көлмөлөрдө жана көлмөлөрдүн участкаларында
коом тарабынан уюштурулуучу ышкыбоздук жана спорттук балык
кармоо
IV. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун эрежелери
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана
спорттук балык кармоочулукту уюштуруунун жана жүргүзүүнүн шарттарын жа-
на эрежелерин жөнгө салат, жарандардын активдүү эс алышы үчүн жагымдуу
шарттарды камсыз кылуу максатында ышкыбоздук жана спорттук балык кар-
моочулуктун маданий балык чарбаларын түзүү тартибин аныктайт.
2. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулук кармалган балык про-
дукциясын жеке пайдалануу жана балык кармоонун спорттук жана эстетика-
лык кызыкчылыктарын канааттандыруу максатында балык кармоо түрүндө бо-
лот.
3. Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук
балык кармоочулук балык кармоочулуктун белгиленген эрежелерин сактоо
менен жүргүзүлөт, акы төлөө менен жүргүзүлөт жана коруктарды, балык пи-
томниктерин, ошондой эле балык чарба көлмөлөрүн жана балык кармоону
жүргүзүү жана балык запастарын калыбына келтирүү, балыкты көбөйтүү, то-
вардык балыкты өстүрүү же көлмө жана садоктук балык чарбаларын уюштуруу
үчүн балык чарба субъектилерине бекитилген балык өстүрүү участкаларын
кошпогондо бардык көлмөлөрдө уруксат берилет.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү ми-
нистрлигине караштуу Балык чарба департаменти (мындан ары - Департа-
мент) аталган максаттар үчүн көлмөлөрдү же көлмөлөрдүн айрым участкала-
рын аныктайт жана аларды юридикалык жана жеке жактарга жана коомдук
уюмдарга пайдаланууга берет.
5. Бир эле көлмөгө эки же бир нече талапкер болгон учурда Департа-
мент аларды конкурстук негизде берет, бул учурда балык запасын кайтаруу
жана көбөйтүү боюнча иштерге талапкерлердин катышуу дењгээли жана башка
шарттар эске алынат.
6. Кыргыз Республикасында балыкты ышкыбоздук жана спорттук кармоо
укугун Кыргыз Республикасынын бардык жарандары жана анын аймагында жа-
шаган же келген чет өлкөлүк жарандар пайдаланат.
7. Обочолонгон пайдалануудагы же муниципалдык менчиктеги
көлмөлөрдөн ышкыбоздук жана спорттук балык кармоо аталган суу объекти-
лерин пайдалануучулардын же менчик ээлеринин уруксаты менен ишке ашыры-
лат.
8. Балык чарба көлмөлөрүндө же алардын участкаларында ышкыбоздук
же спорттук балык кармоого балык чарба көлмөлөрүнүн негизги пайдалануу-
чулары тарабынан берилген акы төлөмө балык кармоо билеттери жана кар-
точкалары боюнча уруксат берилет.
9. Белгиленген тартипте ањчылар жана балык кармоочулар коомуна жа-
на башка коомдук уюмдарга бекитилген жалпы пайдалануудагы көлмөлөрдө
ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулук жүргүзүү үчүн балык кармоого
ушул коомдун мүчөлөрүнө жарактуу (мөөнөтү өтүп кетпеген) мүчөлүк билети
болгондо гана, ал эми ушул коомдордун мүчөлөрү болуп эсептелбеген жа-
рандар үчүн - аталган коомдор тарабынан берилүүчү акы төлөмө жолдомолор
боюнча акы төлөмө же акысыз жолдомолор менен уруксат берилет.
10. Жеке менчикте турган көлмөлөрдө ышкыбоздук жана спорттук балык
кармоо ушул көлмөлөрдүн ээлеринин уруксаты менен жүргүзүлөт.
11. Маданий балык чарбаларын пайдалануу режимине которулган өзүнчө
бөлүнгөн көлмөлөрдө ышкыбоздук жана спорттук балык кармоого балык кар-
моочулук режимине ылайык уруксат берилет, ал маданий балык чарбаларынын
администрациясы тарабынан белгиленет.
12. Юридикалык жана жеке жактар жана ышкыбоздук жана спорттук ба-
лык кармоочулук үчүн уюштурулган көлмөлөр же алардын айрым участкалары
бекитип берилген коомдор ушул көлмөлөрдүн же болбосо алардын айрым
участкаларынын пайдалануучулары болуп эсептелет.
13. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулукту жүргүзүүгө
төлөнүүчү акынын өлчөмүн Департамент монополияга каршы саясат жана ата-
андаштыкты өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ма-
кулдашуу боюнча аныктайт.
Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктан түшкөн каражаттар
балык запастарын кайтаруу жана көбөйтүү боюнча ишчараларды жүргүзүүгө,
ошондой эле балык кармоочу-ышкыбоздор үчүн балык кармоо базаларын уюш-
турууга жана жабдууга пайдаланылат.
14. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулук менен алектенген
жарандар ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун эрежелери менен
тааныш болууга жана бекем сактоого тийиш.
15. Департамент, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык кармо-
очулук үчүн пайдаланылуучу көлмөлөрдөн пайдалануучулар жалпыга маалым-
доо каражаттары аркылуу калкка балык кармоочулуктун эрежелерин, балык
кармоо тартибин, ушул максатта уруксат берилген балык кармоо ыкмаларын
жана шаймандарын, балык кармоо нормаларын жана башка шарттарды маалым-
доого милдеттүү.
II. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун
маданий балык чарбалары
16. Маданий балык чарбаларынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр
эсептелет:
- ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун маданий формаларын
өнүктүрүү жана жарандардын эс алуусу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү;
- балык запасын көбөйтүү, ихтиофаунаны жакшыртуу жана балык
суу-мелиоративдик иш-чараларды жүргүзүү жолу менен көлмөлөрдө балыктын
продуктуулугун жогорулатуу.
17. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун маданий балык
чарбасы менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар жана
коомдук уюмдар тарабынан белгиленген тартипте аларга бекитип берилген
көлмөлөрдө жана алардын айрым участкаларында уюштурулат.
18. Департамент көлмөлөрдү же көлмөлөрдүн участкаларын аныктайт,
аларда белгиленген тартипте ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулук-
тун маданий балык чарбасы уюштурулушу мүмкүн жана алар юридикалык жана
жеке жактарга же коомдук уюмдарга бекитип берилет.
19. Көлмөлөрдү же көлмөлөрдүн участкаларын юридикалык жана жеке
жактарга же коомдук уюмдарга бекитип берүү аларда маданий балык чарба-
сын уюштуруу үчүн Департамент тарабынан тиешелүү келишим түзүү жолу ме-
нен ишке ашырылат.
Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп ушул көлмөнүн же анын участкасы-
нын балык чарбалык мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтарды камтыган көлмөнүн
(көлмөнүн участкасынын) паспорту эсептелет.
20. Маданий балык чарбаларын түзүү боюнча иштер аяктаганга чейин
бекитип берилген көлмөлөрдө (көлмөлөрдүн участкаларында) ышкыбоздук жа-
на спорттук балык кармоочулук режими ышкыбоздук жана спорттук балык
кармоочулуктун колдонулуудагы эрежелери менен жөнгө салынат.
21. Бекитип берилген көлмөлөрдө (көлмөлөрдүн участкаларында) мада-
ний балык чарбасын уюштуруу боюнча пландалган иштердин комплекси атка-
рылгандан кийин маданий балык чарбасына көлмөнү (участканы) даярдоо
аяктагандыгы жөнүндө акты түзүлөт, ага келишимди түзгөн жактар кол кою-
шат.
22. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун маданий балык
чарбасы жалпы пайдалануудагы көлмөлөрдө же алардын айрым участкаларында
уюштурулат.
23. Өзүнчө бөлүнгөн көлмөлөрдө түзүлгөн маданий балык чарбаларында
балык кармоочулук режими Департамент менен макулдашуу боюнча ышкыбоздук
жана спорттук балык кармоочулуктун маданий балык чарбасынын администра-
циясы тарабынан, ал эми калган учурда - ышкыбоздук жана спорттук балык
кармоочулуктун эрежелери менен аныкталат.
24. Маданий балык чарбаларын уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүү мез-
гилинде, ошондой эле аларды аяктагандан кийин аталган чарбаларда ышкы-
боздук жана спорттук балык кармоочулук тартиби маданий балык чарбалары-
нын администрациясы тарабынан белгиленет.
25. Маданий балык чарбаларында ышкыбоздук жана спорттук балык кар-
моочулукту жүргүзүү шарттары жана тартиби Департамент менен макулдашуу
боюнча маданий балык чарбаларынын администрациясы тарабынан жөнгө салы-
нат.
26. Маданий балык чарбасы түзүлгөн көлмөлөрдүн же алардын айрым
участкаларынын пайдалануучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- балык запастарын көбөйтүү жана кайтаруу боюнча Департамент сунуш
кылган иш-чараларды аткарууну камсыздоо;
- өздөрүнүн күчү жана каражаттарынын эсебинен бекитип берилген
көлмөлөрдүн табигый балык продуктуулугун жогорулатууну камсыздоо;
- бекитип берилген көлмөлөрдө жыл сайын балык суу-мелиоративдик
иштерди жүргүзүүнү камсыздоо;
- балыкчы-ышкыбоздордун көлмөлөргө же көлмөлөрдүн участкаларына
келишин жана алар кармаган балыктын санын жана түрүн эсепке алууну,
ошондой эле балык запастарын кайтаруу жана көбөйтүү боюнча иш-чараларга
пайдаланылуучу каражаттарды эсепке алууну жүргүзүү;
- маданий балык чарбаларына баруучу балыкчы ышкыбоздор үчүн ыњгай-
луу шарттарды (кайык станциялары, причалдар, түнөөчү жайлар, тейлөө)
түзүү;
- бекитип берилген көлмөлөрдө жана участкаларда ышкыбоздук жана
спорттук балык кармоочулукту уюштуруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин на-
тыйжалары жөнүндө Департаментке өз учурунда маалымат берүү.
27. Маданий балык чарбаларында балык запастарын кайтаруу маданий
балык чарбаларынын администрациясы тарабынан уюштурулат жана
жүргүзүлөт.
28. Департамент маданий балык чарбаларына балык запастарын кайта-
руу жана көбөйтүү боюнча иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө зарыл жар-
дамдарды көрсөтөт.
III. Бөлүп берилген көлмөлөрдө жана көлмөлөрдүн
участкаларында коом тарабынан уюштурулуучу
ышкыбоздук жана спорттук балык кармоо
29. Департамент ањчылар жана балыкчылар коомуна жана башка коомдук
уюмдарга ышкыбоздук жана спорттук балык кармоону уюштуруу жана жүргүзүү
үчүн көлмөлөрдү же алардын айрым участкаларын бекитип берет.
30. Ањчылар жана балыкчылар коому жана башка коомдук уюмдар аларга
бекитип берилген көлмөлөрдө же алардын айрым участкаларында ышкыбоздук
жана спорттук балык кармоочулукту уюштуруу жөнүндө Департамент менен
келишим түзөт.
31. Ањчылар жана балыкчылар коому жана ышкыбоздук жана спорттук
балык кармоону уюштуруу үчүн көлмөлөрдү пайдалануучу башка коомдук уюм-
дар (мындан ары - коом) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун эрежелерин так
сактоого;
- ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулукту уюштуруу жөнүндө
келишимдин шарттарын аткарууга;
- бекитип берилген көлмөлөрдүн балык продуктуулугун арттыруу боюн-
ча балык суу-мелиоративдик иш-чараларды жыл сайын иштеп чыгууга жана
Департамент менен макулдашууга.
32. Департамент ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулукту уюш-
туруу үчүн көлмөлөрдү же көлмөлөрдүн участкаларын пайдалануучу коомдор-
го аталган көлмөлөрдү же алардын участкаларын паспорттоштурууну
жүргүзүүгө зарыл болгон усулдук жардам көрсөтөт.
Зарыл учурда контролдук-биологиялык балык кармоону жүргүзүүдө Де-
партамент коомдорго практикалык жардам көрсөтүп, ушул максат үчүн
адис-ихтиологдорду бөлүп берет.
33. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоону уюштуруу үчүн коом та-
рабынан пайдаланылуучу жалпы пайдаланылуудагы көлмөлөрдө балыкты өнөр
жайлык өстүрүүгө тыюу салынат.
IV. Ышкыбоздук жана спорттук балык
кармоочулуктун эрежелери
34. Ышкыбоздук жана спорттук балык кармоону жөнгө салуучу нормалар
(кармоо тартиби, шаймандар, кармоо нормалары, чектөөлөр, тыюу салынган
жерлер жана мөөнөттөр жана башка талаптар) илимий уюмдардын сунуштарын
жана негиздемелерин эске алуу менен Департамент тарабынан бекитилүүчү
ышкыбоздук жана спорттук балык кармоочулуктун эрежелери менен белгиле-
нет.
35. Балык кармоочулук эрежелерин бузуу менен кармалган балык чар-
басынын объекттери ушул объект кайдан табылганына карабастан Департа-
менттин кызмат адамдары тарабынан алып коюлат жана балыкты чарбадан
берүүчү жерлерде белгиленген баалар боюнча соода уюмдарына тапшырат.
36. Тез бузулуучу балык продукциясын сактоонун мүмкүн эместигине
байланышкан айрым учурларда (калктуу конуштардан алыстык, транспорт ка-
ражаттарынын жоктугу же бузулуп калышы, ысык аба ырайы) тартип бузуучу-
лардан тартып алынган салмагы 10 килограммга чейинки мыйзамсыз кармал-
ган балык протоколго көрсөтүү менен тартип бузуучуда калтырылышы
мүмкүн, мында балыкты чарбадан берүүчү жерде белгиленген баа боюнча
калтырылган балык үчүн алардын төлөп беришине шарт коюлат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 22-апрели № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөПостановление · 22.04.2008 · № 161 · Күчүн жоготкон