# Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо" (2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо" (2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12769/edition/754084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо" (2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген) (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59107

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-апрелиндеги

№ 161 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө

балык запастарын көбөйтүү боюнча иштерди

жүргүзүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык

запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартибин жөнгө

салат.

2. Балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштер Кыргыз Республи-

касынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине ка-

раштуу Балык чарба департаменти (мындан ары - Департамент) жыл сайын

аныктоочу жана бекитүүчү божомол-тапшырмалардын негизинде, Кыргыз Рес-

публикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш изилдөө инс-

титутунун сунуштарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

- балык запастарын жасалма көбөйтүү - балык чарба көлмөлөрүнүн ба-

лык запастарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында кийин табигый

көлмөлөргө чыгаруу менен балык суу ишканаларында жана курулмаларында

чабактарды көбөйтүү жана өстүрүү;

- балыктарды, суу жаныбарларын жана суу организмдерин байырлашты-

руу - аларды толук же жарым-жартылай натуралаштыруу, ошондой эле жай-

гаштырылгандарды чарбалык пайдалануунун башка формаларын көбөйтүү мак-

сатында мурда ушул түрлөр болбогон же жок болуп кеткен бир көлмөдөн

экинчи көлмөгө жеткирилген суу биологиялык объекттерди чыгаруу (көл жа-

на товардык балык суу чарбаларын түзүү, ышкыбоздук жана спорттук балык

кармоочулукту уюштуруу);

- балык көбөйтүү - көлмөлөрдө, көлчүктөрдө жана садоктук балык

чарбаларында балык запастарын жасалма көбөйтүү жана кайра жаратуу, ба-

лыктын ар кандай түрлөрүн өстүрүү, ошондой эле балык көбөйтүү техноло-

гиясынын биологиялык негиздерин изилдөө;

- суу организмдери - балыктар үчүн тоют катары пайдаланылуучу чир-

кей курту, дафниялар, моллюскалар, түтүкчөлөр жана башка суу омуртка-

сыздары.

4. Балык запастарын жасалма көбөйтүү инкубациялоо үчүн инкубация-

лык аппаратка коюуга икраларын алуу жана төлдөтүү, личинкаларды алуу

жана аларды жашап кетүү стадиясына чейин өстүрүү, кийин өстүрүлгөн ча-

бактарды табигый жана жасалма көлмөлөргө кое берүү максатында өнөр жай-

лык балыктарды өстүрүүчүлөрдү (жетилген эркек жана ургаачы балыктарды)

атайын кармоо жолу менен жүргүзүлөт.

5. Департамент балык чарба субъекттерине уруксат берүү документте-

рин берүү жолу менен балыкты жасалма жол менен көбөйтүү максатында өнөр

жайлык балыктарды өстүрүүчүлөргө атайын кармоого укук берет.

6. Белгиленген божомол-тапшырма жок болгон учурда аларды жасалма

көбөйтүү максатында өнөр жайлык балыктарды өстүрүүчүлөргө атайын кармо-

ого тыюу салынат.

7. Балыкты атайын көбөйтүү максатында өнөр жайлык балыктарды

өстүрүүчүлөргө атайын кармоого укук балык жайгаштыруучу материал алуу

үчүн балык суу базасы бар адистештирилген балык суу чарбаларына (балык

заводдоруна) берилет.

8. Өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө кармоо көлмөлөрдүн бекитип бе-

рилген участкаларында балыкчылар бригадасынын балыкчылары тарабынан

жүргүзүлөт жана балык чарба субъекттери берген тизмеге ылайык ар бир

балыкчыга өзүнчө Департамент тарабынан берилген балык уулоо билеттери

боюнча жүргүзүлөт.

9. Балык уулоо билеттери жок балыкчыларды өнөр жайлык балыктарды

өстүрүүчүлөргө кармоо боюнча иштерге тартууга жол берилбейт.

10. Балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө

жана көлмөлөрдүн бекитип берилген участкаларында өнөр жайлык балыктарды

өстүрүүчүлөргө атайын кармоону ишке ашырууга жооптуу болуп балык чарба-

ларынын жетекчилери же алар ыйгарым укук берген башка кызматкерлер

эсептелет.

11. Балык запастарын жасалма көбөйтүү максатында өнөр жайлык ба-

лыктарды өстүрүүчүлөргө атайын кармоо балык запастарын жасалма көбөйтүү

боюнча иштерди жүргүзүүгө жооптуу адамдын катышуусунда ишке ашырылат.

12. Ар бир кармалган балыктардын партиясына өнөр жайлык балыктарды

өстүрүүчүлөргө эсепке алууну камсыздоо максатында өнөр жайлык балыктар-

ды өстүрүүчүлөргө кармоо жөнүндө акты түзүлүүгө тийиш, анда кармалган

балыктардын түрдүк курамы, ар бир түрдүн өзүнчө саны, кармалган убакыт

жана жер, колдонулган кармоо куралдары, ошондой эле балык кармаган ба-

лыкчылар жана ушул ишке катышкан адамдар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

13. Өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө ар бир кармоонун натыйжалары

жана алардан икраларды алып коюулар өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө

атайын кармоочуларды жана алардан икраларды алып коюулар Департамент

тарабынан аныкталган форма боюнча каттоо журналына жазылат.

14. Өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө кармоонун каттоо журналы жана

актылары балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө

жооптуу адамдарда балык кармоо пункттарында дайыма сакталууга тийиш жа-

на текшерүү үчүн Департаменттин кызматкерлерине берилет.

15. Өнөр жайлык балык өстүрүүчүлөргө алардан икраларды алып кой-

гондон кийин жана белгиленген формадагы журналга катталгандан кийин са-

тууга жөнөтүлөт же коомдук тамактануу жайларына тапшырылат, тиешелүү

накладнойлор таризделет, мында накладнойдун бир нускасы балык кармоо

пунктунда калат, экинчиси балыкты кабыл алган адамга берилет.

16. Балык кармоо пунктунан каттоо журналына жазылбаган балыктарды

же болбосо икрасынан ажыратылбаган балыктарды, ошондой эле белгиленген

тартипте катталбаган жана тиешелүү коштоочу документтери (актылар жана

накладнойлор) таризделбеген икраларды балык уулоо пункттарынан ташып

чыккан учурда алар Департаменттин кызматкерлери тарабынан акысыз алып

коюуга жана соода жайларына акты боюнча өткөрүп берилүүгө тийиш.

17. Чабактарды жана суу организмдерин байырлаштыруу, чабактарды

көлмөлөргө коеё берүү, балыкты өстүрүү жана балыктарды садоктордо

көбөйтүүнү жана өстүрүүнү кошкондо көлмөлөрдү балык менен толтуруу та-

бигый жана жасалма көлмөлөрдө балык запастарын көбөйтүү боюнча комп-

лекстүү иш-чаралардын курамдык бөлүгү болуп эсептелет.

18. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология

кыртыш таануу институтунун илимий биологиялык негиздөөсүсүз балыктын,

суу жаныбарларынын жана суу организмдеринин жањы түрлөрүн республиканын

балык чарба көлмөлөрүнө байырлаштырууга жана коеё берүүгө жол берил-

бейт.

19. Чабактарды коеё берүү жана балык чарба көлмөлөрүн балык менен

толтуруу бекитилген графиктердин негизинде балык чарба субъекттери та-

рабынан ишке ашырылат жана Департаменттин кызматкерлеринин жана ихтио-

логиялык кызматтардын адистеринин катышуусунда жүргүзүлөт.

20. Көбөйтүү, байырлаштыруу, балык өстүрүү жана башка максаттар

үчүн тирүү балыкты, личинкаларын, чабактарды, төлдөгөн икраларды жана

суу организмдерин республикага алып келүү, ташуу жана республикадан

алып чыгууга алып чыгуучу (алып келүүчү) объекттердин, ошондой эле

көлмөлөрдүн жана алар алынып келинген балык чарбаларынын санитар-

дык-эпизоотиялык жайлуулугун ырастоочу тиешелүү документтер (уруксат-

тар, ветеринардык күбөлүктөр, ихтиологиялык маалымкаттар) болгон учурда

жол берилет.

21. Табигый көлмөлөргө жана суу сактагычтарга коеё берилүүчү ба-

лыктарды байырлаштыруу, чабактарды коеё берүү, балык өстүрүүчү

көлмөлөрдү балыкка толтуруу жана балык суу продукцияларын эсепке алуу

боюнча иштерди жүргүзүү тартиби Департамент тарабынан аныкталат.

22. Ушул Жобонун талаптары бузулган учурда юридикалык жана жеке

жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тарты-

лат.

23. Ушул Жобону аткарууну контролдоону Департамент жүргүзөт.
