Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө өнөр жайлык балык уулоо ЭРЕЖЕСИ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-апрелиндеги
№ 161 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө
өнөр жайлык балык уулоо
ЭРЕЖЕСИ
I. Жалпы жоболор
II. Өнөр жайлык балык уулоо
III. Өнөр байлык балык уулоодогу чектөөлөр
IV. Балык уулоого тыюу салынган жерлер, убактар жана кармоо
каражаттары
V. Балыктын өнөр жайлык өлчөмдөрү
VI. Балык кармоо каражаттарындагы көзөнөктөрдүн өлчөмү
VII. Эрежени бузгандык үчүн жоопкерчилик
I. Жалпы жоболор
1. Бул Эреже Кыргыз Республикасынын өнөр жайлык балык уулоого пай-
даланылып жаткан же пайдаланылышы мүмкүн болгон же уулоочу балыктардын
запастарын сактоо жана көбөйтүү үчүн мааниге ээ бардык балык чарба
көлмөлөрүнө карата колдонулат.
2. Бул Эреже Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө өнөр
жайлык балык уулоонун тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
II. Өнөр жайлык балык уулоо
3. Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө өнөр жайлык ба-
лык уулоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин (мындан ары
- Департамент) балык уулоо документтери боюнча ушул Эрежеге ылайык ишке
ашырылат.
4. Республиканын балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоо белгиленген
квоталардын чегинде балык чарба субъекттери тарабынан, аларга бекитип
берилген көлмөлөрдө жана балык уулоочу участоктордо, өнөр жайлык балык
уулоо эрежесин (мындан ары - Эреже) сактоо менен ишке ашырылат.
5. Балык чарба субъекттерине балыкты өнөр жайлык кармоого уруксат-
тарды берүү балык уулоонун белгиленген көлөмү, баланста уулоочу торлор,
балык уулоочу кайыктар, балык уулоо үчүн керектүү башка каражаттар бар
болсо гана, ал эми балыктын лимиттелчү түрлөрүн кармоодо - балыктын ал
түрлөрүн кармоого белгиленген квотасы (лимити) болсо берилет.
6. Балыктын лимиттелчү түрлөрүн кармоого квоталарды (лимитти) Ба-
лык уулоону жөнгө салуу боюнча илимий-өнөр жайлык кењеш Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш изилдөө инсти-
тутунун сунуштары боюнча аныктайт.
7. Балык өнөр жайынын объекттерин кармоодо балык чарба субъекттер
жана балык уулоочу бригадалардын балыкчылары өнөр жайлык балык уулоо
эрежесин сактоого милдеттүү.
III. Өнөр байлык балык уулоодогу чектөөлөр
8. Департамент зарыл учурларда төмөнкүлөргө укуктуу:
- өнөр жайлык балык уулоо мөөнөттөрүн аныктоого жана тыюу салуу
мезгилинин жалпы узактыгын өзгөртпөстөн аларга ары же бери жагын карай
15 күндөн ашык эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- балыктын айрым түрлөрүн кармоого уруксат берүүгө же тыюу салууга
жана аларды өнөр жайлык кармоонун көлөмүн өзгөртүүгө;
- уулоонун тыюу салынган ыкмаларынын жана куралдарынын тизмесин
бекитүүгө;
- балык урук таштоочу участоктордун жана кыштоочу терењдиктердин
чек араларын, ошондой эле балык уулоо үчүн уруксат берилген жабдыктар-
дын санын жана түрлөрүн аныктоого.
9. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- балыкты уруксатсыз же жараксыз уруксат менен, ошондой эле балык
уулоо белетисиз өнөр жайлык кармоого;
- балык уулоодо кармоонун тыюу салынган куралдарын жана ыкмаларын
пайдаланууга;
- балыкты уулоо укугуна уруксатта көрсөтүлбөгөн жерлерде, убактар-
да жана түрлөрүн өнөр жайлык уулого;
- тийиштүү райондо жана тийиштүү убакытта тийиштүү уруксатсыз кол-
донууга тыюу салынган балык уулоо куралдары менен, ошондой эле жарылгыч
жана ууландыруучу заттар менен көлмөлөрдө же жээкте жүрүүгө;
- өтө зарыл болгондо токтоткондон (авария, шторм, туман) башка
учурларда салдарды, балык уулоочу транспорттук жана башка кемелерди ба-
лык уулоого тыюу салынган жерлерде токтотууга;
- балыкты өнөр жайлык уулоого балык уулоо белети жок адамдардын
катышуусуна, ошондой эле балык уулоочу пункттарда бөтөн адамдардын бо-
лушуна;
- балыктын бир түрүн башка ат менен же түрүнүн аталышын
көрсөтпөстөн кабыл алууга (өткөрүүгө);
- балык уулоочу пункттарда өнөр жайлык балык уулоо жөнүндө журнал-
дарда жана балык уулоо белеттеринде катталбаган өнөр жайлык кармалган
балыкты сактоого;
- биркаланбаган торлорду, ошондой эле көзөнөгүнүн өлчөмү уруксат
берүүчү документтерде көрсөтүлбөгөн торлорду сууга салууга;
- балыкты жана икраны кармаган жерден товарды коштоочу документ-
терсиз (накладнойсуз), өнөр жайлык кармалган балыкты жана икраны
берүүгө накладнойдо көрсөтүлгөндөн башкача көлөмдө (салмакта) алып чы-
гууга;
- мыйзамсыз кармалган балык продукцияны юридикалык жактардын жана
жеке адамдардын сатып алышына, кабыл алышына, сакташына жана сатышына;
- сууга орнотмо торлорду балык уулоо укугуна уруксат документтерде
көрсөтүлгөндөн ашык санда орнотууга;
- балыкты белгиленген квотадан (лимиттен) ашык кармоого, ошондой
эле балыкты белгиленген өнөр жайлык ченден кем санда кармоого;
- балык уулоо пункттарында уулоонун балык уулоого уруксаттарда
көрсөтүлбөгөн балык уулоо куралдарын сактоого, ошондой эле балык уулоо-
го тыюу салынган учурларда уруксат документи болбосо балык чарбалык
көлмөлөрдүн жээктеринде балык кармоочу торлорду сактоого;
- уулоонун орнотмо куралдарын көлмөнүн акваториясындагы турган же-
рин тийиштүү таануу белгилери менен белгилебестен орнотууга;
- балык урук таштоочу мезгилде урук таштоочу жерлерге Балык чарба
департаментиникинен башка моторлуу суу транспортунун барышына;
- уулоонун орнотмо куралдарын жана калкыма торлорду шахматтык
иретте орнотууга, ошондой эле Ысык-Көл форелин өстүрүүчүлөрдүн атайын
уруксаты боюнча кармагандан башка учурларда агымдын же каналдын энинин
үчтөн экиден ашыгын балык уулоо каражаттары менен тосууга.
IV. Балык уулоого тыюу салынган жерлер,
убактар жана кармоо каражаттары
10. Балыкты төмөнкүдөй кармоого жыл бою тыюу салынат:
- дарыялардын жана каналдардын башатында башаттан суунун ичкерисин
карай 500 метр аралыкта, дарыянын жана каналдын өрдөшүн карай 500 метр
аралыкта;
- плотиналардын, шлюздардын, көпүрөлөрдүн жанында бөлүнгөн зонанын
чегинде, суу алып баруучу магистралдык каналдарда жана мелиорациялык
системалардын суу чыгаруучу жерлеринде, ошондой эле шлюздуу каналдарда
жана камераларда;
- балык уулоого биологиялык негиздеме жок жана уулоонун квотасы
(лимити) аныкталбаган бардык мамлекеттик көлмөлөрдө;
- жардыргыч жана ууландыруучу заттарды, электр тогун, уулоонун
илип алуучу жана саюучу куралдарын (дегээлерди), дүрмөттүү жана пневма-
тикалык курал, ар кандай конструкциядагы кармагычтарды, илип алгычтар-
ды, кылтактарды колдонуп, тосмолоо ыкмасы менен, ошондой эле жайма тор-
лор жана өзү кармоочу кайырмактар менен кармоого;
- Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун жээк боюндагы корулчу суу
участокторунда мамлекеттик коруктун администрациясына макулдашуусуз
кармоого.
11. Ысык-Көлдө балык кармоого төмөнкүдөй тыюу салынат:
- N 15 жана 39 балык уулоочу участоктордо;
- Түп булуњунун Таза, Кенен-Терењ бурчтарында;
- Ысык-Көл мамлекеттик коругунун жээк боюндагы корулчу суу учас-
токторунда мамлекеттик коруктун администрациясына макулдашуусуз кармоо-
го;
- Ак-Терек (батыш) жана Тоњ бухталарында.
12. Балык урук таштоочу мезгилде балыкты өнөр жайлык жана ышкыбоз-
дук-спорттук уулоого төмөнкүлөрдө тыюу салынат:
Ысык-Көлдө:
- чабакчага- 1-майдан 1-июлга чейин;
- чабакка - N 1-27, 2-32 балык уулоочу участоктордо - 1-апрелден
15-майга чейин, көлдүн калган участокторунда - 15-марттан 30-апрелге
чейин;
- кањылтырга, карпка - 15-майдан 15-июлга чейин;
- май канат-лудогага - 1-ноябрдан 30-декабрга чейин;
- жилињгирге - 1 -октябрдан 25-январга чейин;
- сары боорго - 15-апрелден 15-майга чейин.
Соњ-Көлдө:
- май канатка - 15-октябрдан 25-ноябрга чейин;
- момун балыкка- 10-ноябрдан 25-декабрга чейин.
Токтогул, Киров, Орто-Токой жана Базар-Коргон суу сактагычтарында:
- сазанга, карпка, сары боорго - 25-апрелден 15-июнга чейин.
Бул көрсөтүлгөн мезгилде балыктын чөп жечү түрлөрүн уулоо кањыл-
тыр, карп жана сары боор урук таштагандан башка жерлерде, ячеясы 70 см
жана андан ашык орнотмо торлор менен жүргүзүлөт;
Токтогул суу сактагычында:
- жилињгирге - 15-октябрдан 25-январга чейин.
13. Балык урук таштачу мезгилде көлмөлөрдүн балык урук таштабачу
жерлеринде балык уулоо үчүн неводдорду пайдаланууга тыюу салынат.
V. Балыктын өнөр жайлык өлчөмдөрү
14. Балыктын өнөр жайлык өлчөмү тумшугунан (оозу жабык турганда)
куйрук сүзгүчүнүн ортоњку тушунун түбүнө чейин өлчөө менен аныкталат.
Иштетилген (туздалган, сүрсүтүлгөн, ышталган ж.б.) балыкты өлчөөдө
көрсөтүлгөн өлчөмдөр 4 процентке кичирейтилет.
15. Өнөр жайлык өлчөмү жањы түрүндө төмөнкүдөй ченден (сантиметр
менен) кичине балыкты балык уулоо пунктунда кармоого, кабыл алууга, иш-
тетүүгө жана сактоого тыюу салынат:
Ысык-Көл чабагы - 19; кубулжума кара балык - 18;
Ысык-Көл чабакчасы - 12; муруттуу балык - 25;
кањылтыр, карп - 35; сары боор - 25;
кадимки көксерке - чектөөсүз; көк чаар - 28;
май канат - 38; карась - 18;
тран - 20; момун балык - 20.
16. Уруксат берилген объекттин өнөр жайлык эмес өлчөмдөгү балыкта-
рынын торго жалпы кармалган сандан 8 проценттен ашык эмес түшүп калышы-
на жол берилет.
Балыктын кармоого тыюу (толук, убактылуу же сезондук) салынган
түрлөрүнүн кармалып калышына жол берилбейт.
Кармалып, белгиленген өлчөмдөн кичине балык, ошондой эле кармоого
тыюу салынган балык тирүү бойдон кайра сууга кое берилүүгө тийиш.
Өнөр жайлык эмес өлчөмдөгү балык жол берилген сандан ашык кармалып
калган учурда ал жерде балык кармоо токтотулат же уулоо каражаты
көзөнөгү чоњураак башка торго алмаштырылат.
VI. Балык кармоо каражаттарындагы
көзөнөктөрдүн өлчөмү
17. Балыктын түрлөрү боюнча торлордун көзөнөктөрү төмөнкүдөй
өлчөмдөрдөн кичине куралдарын пайдаланууга тыюу салынат:
| Балык кармоо каражаты | Невод (сүзмө тор) | Чоо | Торлор | ||
| өзөк | айдап | канаттары | |||
| кирчү | |||||
| жери | |||||
| Чабак кармоо үчүн | 32 | 40 | 45 | - | 32 |
| Чабакча кармоо үчүн | 17 | 17 | 17 | 17 | 17 |
| Кањылтыр, карп кармоо | 60 | 60 | 60 | - | 65 |
| үчүн | |||||
| Жилињгирди | |||||
| урук таштоо же | - | - | - | - | 45 |
| эт алуу мезгилинде | - | - | - | - | 60 |
| кармоо үчүн | |||||
| Сары боор кармоо үчүн | - | - | - | - | 40 |
| Май канат кармоо үчүн | - | - | - | - | 60 |
| Момун балык кармоо үчүн | 38 | 40 | 45 | - | 35 |
Балык кармоочу торлордун көзөнөктөрүнүн өлчөмүн аныктоо шнур боюн-
ча төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- көзөнөгү 30 мм кичине тор каражаттар үчүн 11 түйүндүн ортосунда-
гы аралык өлчөнүп, алынган сан 10го бөлүнөт;
- көзөнөгү 30 мм чоњ тор каражаттар үчүн 11 түйүндүн ортосундагы
аралык өлчөнүп, алынган сан 5ке бөлүнөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн өлчөмдөр кармоонун кургак куралдары үчүн бел-
гиленет. Кармоонун суу каражаттары үчүн белгиленген өлчөмдөрдү 5 про-
центке кичирейтүүгө жол берилет.
VII. Эрежени бузгандык үчүн жоопкерчилик
18. Ушул Эреженин бузулушуна жол берген же балыкты мыйзамсыз уула-
ган юридикалык жактар жана жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык жоопко тартылышат.
19. Балык запастарына зыян келтирген юридикалык жактар жана жеке
адамдар администрациялык же кылмыш-жазык жоопкерчиликке тартылганына
карабастан зыяндын ордун ыктыярдуу же соттун чечими боюнча, балык ре-
сурстарга келтирилген зыянды эсептөө таксасына жана методикасына ылайык
толтурушат.
20. Мыйзамсыз кармалган балык жана андан жасалган продукция, ошон-
дой эле мыйзамсыз кармоонун куралдары, анын ичинде сүзүүчү каражаттар
мыйзамда белгиленген тартипте алып коюлууга тийиш.
21. Ушул Эрежени бузуу менен пайдаланылган уулоо куралдарын алуу,
аларды, ошондой эле сүзүүчү каражаттарды жана мыйзамсыз кармалган ба-
лыкты өткөрүү-кабыл алуучу жерлерге жеткирүү мыйзам бузгандар тарабынан
жана алардын эсебинен ишке ашырылат.
22. Балык кармоонун алып коюлган куралдары жана сүзүүчү каражатта-
ры Балык чарба департаменти белгилеген жерлерде, эреже бузуучунун жооп-
керчилиги жөнүндө маселе администрациялык же соттук тартипте чечилгенге
чейин сакталат.
23. Мыйзамсыз кармалган балыктын алып коюлушу жарандарды жана юри-
дикалык жактарды балык запастарга келтирилген зыянды төлөөдөн бошот-
пойт.
24. Балык запастарга зыян келтиргендик үчүн доо коюу мыйзамсыз
кармалган балык боюнча гана болот. Мыйзамсыз кармалган балык деп, урук-
сатсыз, тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган убактарда, тыюу салынган
ыкмалар жана каражаттар менен кармалган балык, тыюу салынган түрлөрдү
жана белгиленген квотадан (лимиттен) ашык кармоо түшүнүлөт.
25. Көлмөлөрдө жана алардын жээктеринде катталган гана балык ууло-
очу кайыктарды пайдаланууга жана сактоого уруксат берилет. Көлмөлөрдө
жана алардын жээктеринде катталбаган сүзүүчү каражаттарды пайдаланган
жана сактаган адамдар балык уулоо эрежесин бузгандар деп эсептелет.
26. Ушул Эрежени бузуу менен кармалган балык уулоо объекттери ал
объекттер кайсы жерден табылганына карабастан Балык чарба департаменти-
нин кызматкерлери тарабынан алып коюлат жана балык кармоого, ташууга
жана сатууга тийиштүү документтери бар чарбакер субъекттердин балык ка-
был алуу пункттарына же соода уюмдарына өнөр жайлык балыкты берүүчү
жерлерде белгиленген баалар боюнча келишим баа менен өткөрүлөт.
27. Алып коюлган балыктар эреже бузууга жол берген балык чарба
субъекттин квотасынын (лимитинин) эсебине киргизилет.
28. Бул Эреженин аткарылышын Балык чарба департаменти контролдойт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 22-апрели № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөПостановление · 22.04.2008 · № 161 · Күчүн жоготкон