Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндо балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөлөрүн коруу жөнүндө Жобо»(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген) токтому менен
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-апрелиндеги
N 161 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө
балык запастарын жана алардын жашоо
чөйрөлөрүн коруу жөнүндө
ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык
запастарын жана алардын жашоо чөйрөлөрүн коруу тартибин аныктайт.
2. Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
балык промыселинин объекттери (балык продукциясы) - кармоо, уулоо
жана даярдоо объектиси болуп кызмат кылуучу балыктар, икралар, рактар
жана суу организмдери;
мыйзамсыз балык кармоочулук продукциялары - тыюу салынган ыкмалар
менен кармалган, балыктын түрлөрүн кармоого тыюу салынган мөөнөттөрдө
жана жерлерде балык кармоочулук үчүн тыюу салынган балык продукциясы,
ошондой эле балык уулоо укугуна уруксаты жок адамдар тарабынан кармал-
ган же ушул продукцияны сатып алганынын мыйзамдуулугун ырастоочу доку-
менти жок адамдардан аны сатып аткан жерден кармалган балык продукция-
сы.
3. Балык запастарын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн кайтаруу тө-
мөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
- балык запастарын кайтаруу, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча эре-
желерди, нормаларды, мөөнөттөрдү жана башка талаптарды аныктоо;
- балык запастарын эсепке алууну жүргүзүү;
- балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоо чектөө жана аларда балык-
тардын жањы түрлөрүн байырлаштыруу;
- балык запастарын сарамжалдуу пайдалануу жана көбөйтүү жаатында
илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- балык ресурстарын кайтаруу жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн жана
көбөйтүү шарттарын жакшыртуу;
- балык запастарын мыйзамсыз уулоо же жок кылуу менен келтирилген
зыяндын ордун толтуруу;
- балык запастарын пайдалануунун жана аларды уулоо куралдарына жа-
на каражаттарына талаптардын илимий негизделген нормативдерин жана ли-
миттерин белгилөө.
4. Суу биологиялык ресурстардын абалына таасир этүүчү же таасир
этиши мүмкүн болгон чарбалык ишмердикти жүргүзүүдө юридикалык жана жеке
жактар балык запастарын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн кайтаруу, ба-
лыктарды көбөйтүү шарттары жана миграция жолдору боюнча чараларды кам-
сыздоого милдеттүү.
5. Сугат же суу менен жабдуу максатында балык чарба көлмөлөрүнөн
суу алуу суу топтогучтарды натыйжалуу балык коргоочу түзүлүштөр менен
жабдыган шарттарда гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Жардыруучу, түбүн терењдетүүчү, түбүн тазалоочу иштерди
жүргүзүүгө жана балык урук таштаган, балык жүргөн райондорго, алар кыш-
тоочу көњдөйлөргө, ошондой эле балыктардын миграциялык жолдору болуп
кызмат кылган участкаларга топурак таштоого жол берилбейт.
7. Юридикалык жана жеке жактар балык чарба көлмөлөрүнүн жана алар-
дын жээктеринин өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка таштандылар,
күйүүчү-майлоочу материалдар менен булганышына жана таштандыга толушуна
жол бербөөгө жана балык чарба көлмөлөрүн өзүнүн чарбалык ишмердигинин
зыяндуу таасиринен коргоо боюнча чараларга катышууга милдеттүү.
8. Мал чарба фермалары, канаттуулар фабрикалары, дыйкан чарбалары,
ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар балык
чарба көлмөлөрүн булгоону болтурбоочу зарыл болгон санитардык-коргоочу
аймакка жана тазалоочу курулмаларга ээ болууга тийиш.
9. Көлмөлөрдө жана алардын жерлеринде автотранспорт каражаттарын,
башка механизмдерди жууганга, ошондой эле сууну булгоонун булагы болушу
мүмкүн болгон ар кандай иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
10. Балык запастарын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн кайтаруу,
ошондой эле ушул Жобонун талаптарын сактоого контролдук жүргүзүү Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине караш-
туу Суу чарба департаменти (мындан ары - Департамент) жүргүзүлөт.
11. Юридикалык жана жеке жактар бекитип берилген көлмөлөрдө же
алардын участкаларында балык запастарын көбөйтүү шарттарын жана
көлмөлөрдүн абалын жакшыртуу боюнча балык коргоочу жана балык суу-мели-
оративдик иш-чараларды жүргүзүүгө, өнөр жайлык балыктарды көбөйтүү бо-
юнча иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле жээктеги балык өнөр жайлык участ-
каларды тиешелүү санитардык абалда кармоого милдеттүү.
12. Республиканын балык чарба көлмөлөрүнөн кармалган же башка мам-
лекеттерден алып келинген балык промыселинин объекттери балык продукци-
ясын сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу тиешелүү документтери бол-
гондо сатылат.
13. Кыргыз Республикасынын балык сактоо мыйзамдарын бузган юриди-
калык жана жеке жактардан Балык чарба департаментинин кызматкерлери та-
рабынан алып коюлган балык продукциясын сатуучу уюмдар жана башка чар-
бакер субъекттер кабыл алган учурларды кошпогондо мыйзамсыз балык кар-
моочулук продукцияларын соода уюмдарынын кабыл алышына же сатып алышы-
на, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын сатып алуу-сатуусуна жол
берилбейт.
14. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- балык чарба көлмөлөрүнүн жээгиндеги аймактарды күйүүчү-майлоочу
материалдар, нефти продуктылары, тиричиликтик жана башка таштандылар
менен булгоого;
- балык чарба көлмөлөрүнүн жээк коргоо аймагында балык чарба баш-
кармалыгынын ыйгарым укуктуу органынын макулдугусуз химикаттарды, жер
семирткичтерди жана пестициддерди пайдаланууга;
- балык чарба көлмөлөрүнө тазаланбаган өндүрүштүк жана тиричилик-
тик ыплас сууларды, мал чарба жана канаттуулар комплекстери менен фер-
маларынын ыплас сууларын, транспорт каражаттарын жуугандан кийинки суу-
ларды куюуга, балык чарба көлмөлөрүнүн жээктерине курулуш таштандыла-
рын, тиричиликтик таштандыларды жана жаныбарлардын кыгын таштоого;
- Департамент менен макулдашуу боюнча санитардык, гидротехникалык
же мелиоративдик иш-чаралар жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо жээктерде,
куймаларда, каналдарда туташ байламталарды (бөгөттөрдү) курууга, ошон-
дой эле балык чарба көлмөлөрүнөн жана суу сактагычтардан сууну кое бе-
рүүгө;
- балык өстүрүү же балыкчылык үчүн чоњ мааниси бар балык чарба
көлмөлөрүнүн түбүнөн же жээктеринен кум, шагыл алууга же чоњ таш жана
галечник материалдарын чогултууга;
- балык суу жана санитардык-мелиоративдик иш-чаралардын иштелип
чыккан планы жок болгон учурда чөгүп кеткен балык кармоочу тор куралда-
рынан көлмөлөрдүн түбүн тазалоо боюнча санитардык-мелиоративдик иштерди
жүргүзүүгө;
- айрым элементтери балык запастарына, суу организмдерине жана
алардын байырлоо чөйрөлөрүнө зыяндуу таасир этүүчү зыяндуу заттарды
кармаган өнөр жайлык балык кармоо куралдарын балык уулоодо колдонууга;
- балыктардын жугуштуу жана мите ооруларынын очогу табылган
көлмөлөрдө пайдаланылган балык кармоочу тор куралдарды алдын ала дезин-
фекциялабай туруп башка балык чарба көлмөлөрүнө ташып барууга жана ор-
нотууга;
- Департаменттин макулдугусуз балык чарба көлмөлөрүнүн жээгиндеги
аймактарда камышты, тростникти жана башка суу өсүмдүктөрүн кыюуга жана
даярдоого;
- белгиленген эрежелерди сактабастан, балык запастарына зыян кел-
тирүүгө жөндөмдүү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, аларды өстүрүүчү
стимуляторлорду, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди балык
чарба көлмөлөрүнө жакын жерлерге ташып келүүгө, сактоого жана колдонуу-
га.
15. Балык кармоочулуктун эрежелерин жана балык запастарын кайтаруу
боюнча жобону бузган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
16. Балыкты мыйзамсыз уулоо же балык запастарын жок кылууда келти-
рилген зыян тартип бузуучу тарабынан балык запастарына келтирилген зы-
янды эсептөөнүн таксаларына жана методикаларына ылайык орду толтурулат.
17. Эгерде балык кармоочулуктун жана балык запастарын кайтаруу
эрежелерин бузган адамдарда мыйзамсыз кармалган жана алар тартип бузган
жеринде таштап кеткен балыктар, кармоо куралдары жана сүзүүчү каражат-
тар табылган учурларда же болбосо ал буюмдарды таштап качып кеткенде
табылган буюмдар Департамент тарабынан ээси жок катары сатылат.
18. Мыйзамсыз балык кармоочу продукциясы, ошондой эле мыйзамсыз
сатып алуу-сатуу предмети болуп эсептелген балык промыселинин объектте-
ри ушул продукция табылган жерине жана аны сатып алуу ыкмасына карабас-
тан Департаменттин кызматкерлери тарабынан биротоло алып коюлууга ти-
йиш.
19. Балык чарба субъекттеринен же башка юридикалык жактардан кар-
малган мыйзамсыз балык кармоочулук продукциялары алар кармалган, сак-
талган, сатылып жаткан жерлерде же ташууда Департаменттин кызматкерлери
тарабынан алып коюлат жана промыселден балык берүү жерлеринде белгилен-
ген келишим баа боюнча коомдук тамактануу жайларына, балык дүкөндөрүнө,
балык кабыл алуучу жайларга тапшырылат. Укук бузуунун убактысына, жери-
не жана шарттарына жараша балык кармоо буюмдары промыселден балык берүү
жерлеринде белгиленген келишим баа боюнча анын наркын төлөп берүү шарты
менен тартип бузуучуда калтырылышы мүмкүн.
20. Алып коюлган балык кармоо куралдары, сүзүүчү жана башка транс-
порт каражаттары тартип бузуучунун жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе че-
чилгенге чейин Департаменттин кампасында сакталат.
21. Ушул Жобону, балык кармоочулук жана балык запастарын кайтаруу
эрежелерин бузгандыгы жөнүндө ишти кароонун жыйынтыгына жараша алып ко-
юлган балык уулоо куралдары, сүзүүчү жана башка транспорт каражаттары
белгиленген тартипте конфискацияланат же ээсине кайтарылып берилет.
Балык кармоочулуктун тыюу салынган куралдарын балык чарба субъект-
тери сатат же уруксат берүүчү балык кармоо куралдарын даярдоодо пайда-
лануу үчүн ихтиологиялык кызматка өткөрүлүп берилет же болбосо аларды
көрсөтүлгөн максаттар үчүн пайдалануу мүмкүн эмес болгон учурда акты
боюнча жок кылынат.
22. Департаменттин балык запастарын кайтаруу кызматынын кызматкер-
лери айырмалык белгиси бар форма кийимин кийүүгө, кызматтык курал, сиг-
нал берүүчү тапанча жана атайын каражаттарды Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте алып жүрүүгө укуктуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 22-апрели № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөПостановление · 22.04.2008 · № 161 · Күчүн жоготкон