# "Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоонун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген ).

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоонун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген ).
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2436/edition/754072/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоонун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген ). (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59104

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-апрелиндеги

№ 161 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө

илимий-изилдөө максаттары үчүн балык

кармоонун тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Балыкты илимий изилдөө максатында кармоо жана балыкты контрол-

дук кармоо балык ресурстарды жана алардын жашоо чөйрөсүн изилдөө, балык

запастардын канча экенин, таралышын жана абалын аныктоо, жањы

көлмөлөрдү жана алардагы уулоо объекттерин изилдөө, балыкты уулоого жол

берилчү жалпы көлөмдү аныктоо, ошондой эле балык запастарга мамлекеттик

мониторинг жүргүзүү үчүн ишке ашырылат.

2. Балыкты илимий изилдөө максатында кармоо жана балыкты контрол-

дук кармоо илимий изилдөө жана ихтиологиялык иштердин ар жылдык планда-

рынын жана контролдук кармоо жүргүзүүнүн графиктеринин, ошондой эле

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-

нистрлигине караштуу Балык чарба департаменти (мындан ары - Департа-

мент) менен макулдашылган илимий программалардын негизинде ишке ашыры-

лат.

3. Бул Жободо балыкты контролдук кармоо деп республиканын табигый

жана жасалма көлмөлөрүндө балык запастарына мамлекеттик мониторинг

жүргүзүү максатында балык кармоо түшүнүлөт.

4. Көлмөлөрдү, балык запастарды жана алардын жашоо чөйрөсүн илимий

жана ихтиологиялык изилдөөлөр төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:

- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, балык уулоону жөнгө салуу чарала-

рын негиздөө жана көлмөлөр жана балык уулоочу участоктор боюнча балык

уулоо божомолдорунун долбоорлорун даярдоо үчүн биологиялык материалды

чогултуу жана иштетүү үчүн;

- көлмөлөрдө балык запастарынын абалын жана алардын тоюттук база-

сын изилдөө жана республиканын балык чарба көлмөлөрүндө запастарын сак-

тоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында;

- балыктын таралуу ареалын, сырьелук запастарын аныктоо, алардын

абалын жана өзгөрүүлөрүн болжолдоо жана баалоо, ошондой эле аларды или-

мий негизде пайдалануу максатында республиканын табигый жана жасалма

көлмөлөрүндө балык ресурстардын жана суу организмдеринин абалын монито-

рингдөө үчүн;

- балык кармоонун илимий негизделген нормативдерин жана квоталарын

(лимиттерин) жана аларды кармоо куралдарына жана каражаттарына талап-

тарды аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо үчүн;

- маалыматтарды чогултуу жана республикадагы балык чарба фондунун

маалыматтык базасын түзүү үчүн;

- көлмөлөрдүн балыктуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды иштеп чы-

гуу жана балык чарбалык көлмөлөрдө балык запастарын көбөйтүүгө божо-

мол-тапшырмаларды аныктоо үчүн сунуштарды даярдоо максатында;

- балыктарды жана жемдик организмдерди башка көлмөлөргө климатташ-

тыруу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү, аларды климатташтыруунун

натыйжаларын контролдоо жана климатташтыруу объекттерин өнөр жайлык

өздөштүрүү жөнүндө корутундуларды даярдоо максатында;

- балык чарба көлмөлөрдө изилдөө жүргүзүү жана урук таштоочу жер-

лерди жана көлмөлөрдү калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу

максатында.

5. Көлмөлөрдү, балык запастарын жана алар жашаган чөйрөнү илимий

жана ихтиологиялык изилдөөлөр мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын

эсебинен жүргүзүлөт.

6. Бекитип берилген балык чарбалык көлмөлөрдө жана балык уулоочу

участоктордо балык запастарынын абалын жыл сайынкы баалоо алар бекитип

берилген юридикалык жактардын жана жеке жактардын каражаттарынын эсеби-

нен ишке ашырылат.

7. Балык чарба көлмөлөрдө балыкты илимий изилдөө максатында кармоо

жана контролдук кармоо, балык запастарды мамлекеттик мониторингдөө үчүн

кармоо Департаменттин уруксаты менен ишке ашырылат.

8. Балыкты илимий изилдөө максатында кармоо жана контролдук кармоо

биологиялык материал чогултуу жана иштетүү максатында илимий уюмдардын

жана ихтиология кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт жана ба-

лык уулоого тыюу салынган көлмөлөрдө балык уулоого тыюу салынган убак-

тарда, ошондой эле балыкты өнөр жайлык уулоо болбогон көлмөлөрдө жана

айрым участоктордо да ишке ашырылат.

9. Балыкты илимий изилдөө максатында кармоо жана контролдук кармоо

балык кармалган жердин өзүндө, кармалган балыктардын түрлүк курамын, ар

бир түрдүн сандык курамын, кармаган убакытты жана орунду, кармоонун

колдонулган жабдыктарын, ошондой эле балык кармаган жана бул

көрсөтүлгөн жумуштарды жүргүзүүдө болгон адамдарды милдеттүү түрдө

көрсөтүү менен актылаштырылууга тийиш.

10. Балыкты көрсөтүлгөн максаттарда кармоо үчүн жооптуу адам жокто

балыкты илимий изилдөө максатында кармоого жана контролдук кармоого ты-

юу салынат.

11. Балыкты ар бир конкреттүү учурда кармоонун көлөмү илимий

изилдөөчү жана ихтиологиялык жумуштарды жүргүзүү методикасына жараша

аныкталат.

12. Балык уулоо объекттерин өнөр жайлык кармоо жүргүзүлчү, илимий

уюмдардын жана ихтиология кызматынын өтүнмөсүнө киргизилген райондордо

илимий изилдөө жана контролдук максаттар үчүн керектүү биологиялык ма-

териалды чогултуу өнөр жайлык уулоонун мүнөзү илимий жана ихтиологиялык

жумуштардын методикасына каршы келгенден башка учурларда балык кармоо-

дон алынат.

13. Балыкты илимий изилдөө максатында жана контролдук ар бир кар-

моонун жыйынтыгы Департамент белгилеген форма боюнча каттоо журналына

жазылат. Балыкты илимий изилдөө максатында жана контролдук кармоону

каттоо журналдары жана кармоонун актылары кармоо жүргүзүлгөн жерде,

илимий изилдөө жана ихтиологиялык жумуштардын жүргүзүлүшү үчүн жооптуу

адамдарда сакталат.

14. Илимий изилдөө жана ихтиологиялык максаттар үчүн кармалган ба-

лык керектүү изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин накладной боюнча балык за-

воддорго жана балык кабыл алуу пункттарына, ал эми алар жок же алыс

болгон жерлерде - соода уюмдарына өткөрүлөт.

15. Ихтиологиялык жана лабораториялык анализ үчүн пайдаланылып,

бул товардык сапаты начарлашына алып келген балык кармоо үчүн жооптуу

адамдардын, балык инспекторлорунун жана балыкты эсептен чыгарууга ка-

тышкан башка адамдардын катышуусунда акт түзүү менен эсептен чыгарылуу-

га тийиш.

16. Илимий изилдөө жумуштары жана балыкты контролдук кармоо аякта-

гандан кийин илимий уюмдардын жана ихтиология кызматынын балык кармоо

жүргүзгөн кызматкерлери Департаментке аткарылган иштин жыйынтыгы

жөнүндө отчетторду кармоо жүргүзүү актысын жана пайдаланылган уруксат-

ты, ошондой эле кармалган балыктын тапшырылганы жөнүндө накладнойдун же

эсептен чыгарылганы жөнүндө актынын көчүрмөсүн тиркөө менен өткөрүшөт.

17. Илимий уюмдардын жана ихтиология кызматынын кызматкерлери от-

четторду жана бул Жободо каралган башка зарыл документтерди тапшырышпа-

ган учурда андай уюмдарга жана адамдарга андан кийин уруксат берилбейт.

18. Бул Жобонун аткарылышын Балык чарба департаменти контролдойт.
