Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Балык чарба департаменти жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-апрелиндеги
№ 161 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин
Балык чарба департаменти жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Департаменттин негизги милдеттери
III. Департаменттин функциялары
IV. Департаменттин укуктары
V. Департаменттин ишинин уюштурулушу
VI. Департаменттин ишинин токтотулушу
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-
тетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин (мын-
дан ары - Департамент) ишин жөнгө салат.
2. Департамент Кыргыз Республикасында балык чарбаны мамлекеттик
башкаруу органы боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет жа-
на мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрдүн негизги пайдалануучусу
болот.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына, Кыргыз Республикасынын балык
чарба тармагындагы башка нормативдик укуктук актыларына, ошондой эле
ушул Жобого таянат.
4. Департамент юридикалык жак болот, өз алдынча балансы, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана
өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штамптары,
банкта алыш-бериш эсеби, фирмалык бланктары жана башка юридикалык жак-
тын атрибуттары болот.
II. Департаменттин негизги милдеттери
6. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүдөй болот:
- балык продукциянын өндүрүлүшүн көбөйтүү, иштеп жаткан балык чар-
балык кубаттуулуктардын балык иштетүү продуктуулугун арттыруу, жањы ба-
лык өстүрүүчү чарбаларды түзүү;
- өндүрүлчү жана сатылчу балык продукциянын сапатын жакшыртуу жана
ассортиментин кењейтүү;
- көлдөрдө жана суу сактагычтарда өндүрүлчү жана кармалчу товардык
балыкты камдоону, иштетүүнү жана сатууну уюштуруу;
- балык запастарды ведомстволук коруу жана балык коргоо мыйзамда-
рынын сакталышын ведомстволук контролдоо.
III. Департаменттин функциялары
7. Департамент ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функци-
яларды аткарат:
- балык чарбалык ишти жана мамлекеттик маанидеги балык чарба
көлмөлөрдө жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-
тетүү өнөр жай министрлигинин ведомстволук көлмөлөрүндө балык запастар-
дын ведомстволук корулушун башкарат;
- балык чарбаны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт, балык
чарбаны өнүктүрүү иш-чараларын жана программаларын иштеп чыгат, алардын
аткарылышын камсыздайт;
- балык чарбалык көлмөлөрдүн жана балык запастарынын сарамжалдуу
пайдаланылышын камсыздайт, аларды пайдалануунун жана коруунун тартибин
белгилейт;
- балык тармагынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу жана республи-
канын калкынын балык продукцияга муктаждыгын канааттандыруу максатында
балык чарба процессине алдыњкы технологиялардын киргизилишин камсыз-
дайт;
- балык чарба субъекттердин көлмө аянттарын жана суу объекттерди
товардык балык, тукумдук жана асыл тукумдук материалды өстүрүү үчүн на-
тыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштерин уюштурат;
- илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча балык запастарды жасал-
ма көбөйтүү боюнча болжолдуу тапшырмаларды аныктайт жана аларды балык
өстүрүүчү базасы бар балык чарба субъекттеринин арасында менчигинин
формасына карабастан бөлүштүрөт;
- ведомстволук жана балык чарбалык көлмөлөрдө ышкыбоздук жана
спорттук балык уулоону уюштурат;
- балык чарбалык көлмөлөрдө балык запастарын сактоо жана калыбына
келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана турмушка ашырат;
- балык өстүрүүчү ишканалардын, садоктук жана көлмөлүк балык
өстүрүүчү чарбалардын балыктарды өстүрүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу
боюнча иштерин болжолдойт жана уюштурат;
- балык чарбалык көлмөлөрдүн сырьелук балык базасын илимий жана
ихтиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык балык чарбалык
көлмөлөр жана балыктардын түрлөрү боюнча жол берилчү балык кармоонун
көлөмдөрүн белгилейт;
- балык продукцияга рыноктун керектүүсүн изилдейт жана балык тар-
магынын товардык балык өндүрүүнү көбөйтүү боюнча мүмкүнчүлүгүн анык-
тайт;
- товардык балык продукцияны жана балыктын уруктук материалын
өндүрүүнү көбөйтүү боюнча учурдагы жана келечек пландардын долбоорлору
иштелип чыгышын уюштурат;
- балыктын уруктук материалын жана товардык балык өстүрүүнүн ал-
дыњкы технологияларын изилдөө жана киргизүү, көлмөлүк балыктын жогорку
продуктулуу жана жакшыртылган породаларын алып келүү, ошондой эле урук-
тандырылган икраны же балыктын чабактарын экспорттоо жана импорттоо,
балык тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу маселелери боюнча
тышкы экономикалык иш жүргүзөт;
- товардык балык жана балыктын уруктук материалын балык өстүрүүчү,
садоктук чарбаларда жана балык заводдорунда өстүрүү боюнча жыл сайынкы
тапшырма-божомолдорду түзүүнү, балык чарбалык көлмөлөргө балыктардын
чабактарын кое берүүнүн графиктерин жана пландарын түзүүнү уюштурат;
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын балыкты коргоо мыйзам-
дарын аткарышын текшерет, балык уулоо эрежесин жана балык запастарын
коргоо боюнча жоболорду бузган фактылар боюнча протоколдорду жана акты-
ларды түзөт, аларды эреже бузуу болгон жерлер боюнча укук коргоо жана
сот органдарына өткөрөт;
- илимий уюмдардын сунушу боюнча балыктардын өнөр жайлык запаста-
рын көбөйтүү, аларды жасалма өстүрүү жана климатташтыруу, балык чарба-
лык мелиорация, балыктын чабактарын кое берүү жана көлмөлөрдү балыктан-
дыруу боюнча жумуштарды уюштурат;
- балык чарбаларга жана балык заводдоруна товардык балыкты өндүрүү
жана балыктын төлүн өсүшүнүн ар кандай стадияларында багуу боюнча прак-
тикалык жана методикалык жардамдарды берет;
- көлдөрдө жана суу сактагычтарда өндүрүлчү жана кармалуучу товар-
дык балыкты камдоону, иштетүүнү жана сатууну уюштурат, ошондой эле ба-
лык чарбалык субъекттердин уруктандырылган икраны балыктын төлүн экс-
порттоо жана импорттоо боюнча иштерин контролдойт;
- экономикалык жана экологиялык жактан туруктуу балык чарбалык иш-
тин өзгөчө стратегиясын жана колдоо көрсөтүү планын иштеп чыгууну кам-
сыздайт;
- балык чарбалардын балык өстүрүү, балыкты багуу жана балыкты кар-
моо боюнча иштерин уюштурат, ал жумуштардын аткарылышына ведомстволук
контролду камсыздайт;
- ведомствого таандык жана балык чарбалык көлмөлөрдү, балык уулоо-
чу участокторду жана көлмөлөрдү ижарага берет, балык өстүрүү, балык уу-
лоо, балык багуу жана балык запастарды көбөйтүү максатында аларды юри-
дикалык жактарга жана жеке адамдарга бекитип берет, алардын эксплуата-
цияланышын контролдойт;
- балык өстүрүүчү ишканалардын, балык заводдордун, көлмөлүк, са-
доктук жана көлдүк товардык балык чарбалардын иштерин алардын менчиги-
нин формасына карабастан жалпы жетектейт жана координациялайт, аларга
селекциялык-тукумдук ишти уюштурууда, товардык балыкты жана балыктын
кое берилчү материалын өстүрүүгө жана сатууга жардам көрсөтөт;
- балык чарбалардын энелик жана ремонттук балыктарды, товардык ба-
лыкты жана балыктын тукумдук материалын өстүрүү боюнча иштерин, балыкты
өстүрүүнүн биотехникасы сакталышын контролдойт, аларды аткаруу боюнча
чараларды көрөт;
- ветеринардык жана санитардык кызматтар менен бирге базарларда
жана дүкөндөрдө сатылчу балыктын сапатын текшерүүгө, балык продукция
сатылчу, сакталчу жерлерде жана аны иштетүүчү пункттарда пайдаланууга
жарактуулугун лабораториялык изилдөөлөргө катышат, өндүрүлгөн, алынып
чыгуучу жана сатылчу балыктын, уруктандырылган икранын жана балыктын
уруктук материалынын сапаты жөнүндө ихтиологиялык маалымкат берет;
- көлмөлөрдүн сырьелук базасынын абалын изилдейт, балык запастарын
мониторингдөө, эсепке алуу жана жањы көлмөлөрдү жана өнөр жайлык объек-
тилерди өздөштүрүү максатында балыктарды атайын кармайт;
- суулардын жана көлмөлөрдүн санитардык-эпизоотиялык абалына ба-
лыктардын ооруларынын алдын алуу максатында мониторинг жүргүзүүнү уюш-
турат;
- юридикалык жактардан жана жеке адамдардан балык уулоо укугуна
уруксат документтерин жана балыкты кармоо, иштетүү, кабыл алуу жана са-
туу боюнча эсептик документтерин текшерет, эреже бузгандардан мыйзамсыз
кармалган балык продукцияны, мыйзамсыз балык уулоо куралдарын жана
сүзүүчү каражаттарын алып коет;
- балык чарбаларга балык өстүрүү, аны кармоо жана иштетүү жана ба-
лыктын жемин өндүрүү боюнча соњку жањы технологияларды жана жабдууларды
сатып алуу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга жардам
көрсөтөт;
- балыктарды ихтиологиялык, контролдук жана санитардык (мелиораци-
ялык) кармоо жолу менен республиканын көлмөлөрүндөгү балыктардын
түрлөрүнүн популяциясынын абалын аныктоо боюнча ихтиологиялык
изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- балыктын ооруларын аныктоо методдорун өркүндөтүү жана суу объек-
ттерде жана көлмө чарбаларда эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү
процессинде лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн жањы ыкмаларын
киргизүү боюнча чараларды көрөт;
- чарбакер субъекттерге товардык балык жана балыктын кое берилчү
материалын өстүрүүгө жардам көрсөтүү үчүн балык өстүрүүчү адистерди
окутуу жана кайрадан окутуу системасын уюштурат;
- балык чарба субъекттер балыкты өстүрүү жана иштетүү технология-
сын сакташына, өндүрүштүк кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдаланышына
методикалык жетекчилик кылат жана ведомстволук контроль жүргүзөт;
- ветеринардык кызмат менен бирдикте балыктардын ооруларынын алдын
алуу боюнча профилактикалык иштерди уюштурат жана жүргүзөт, балык чарба
субъекттерге сууларда жана көлмө чарбаларда эпизоотияга каршы иш-чара-
лардын планын түзүүгө жана ишке-ашырууга практикалык жардам көрсөтөт;
- башка ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте балык ресурстардын
мамлекеттик кадастрын жана эсебин жүргүзөт, балык чарбалык фонд жөнүндө
маалыматтардын изилденишин, системага салынышын жана сакталышын камсыз-
дайт;
- балык уулоонун, балык өстүрүүнүн, балык жайылтуунун илимий не-
гизделген режимдерин жана көлмөлөрдүн балык продуктуулугун арттыруу жа-
на балыкты кармоонун жол берилчү көлөмүн аныктоо боюнча комплекстүү
иш-чараларды иштеп чыгат;
- балык чарба субъекттер жана илимий уюмдар менен бирдикте балык
запастарды көбөйтүү, аларды жасалма жайылтуу, климатташтыруу, балык
чарбалык мелиорация, балыктын төлүн сууларга кое берүү жана көлмөлөрдү
балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- балык чарбаларда балык өстүрүүнүн бардык стадияларында балык өс-
түрүү боюнча продукциянын эсебин жана отчетун алууну уюштурат, балык
заводдордо, көлмөлүк жана садоктук балык чарбаларда менчигинин формасы-
на карабастан эсептик документтердин жүргүзүлүшүн контролдойт;
- балык уулоонун эрежеси жана балык запастарды коргоо жөнүндө жо-
болор аткарылышын контролдоо максатында балык чарбалык көлмөлөрдө жай-
гашкан балык чарба субъекттерди, гидротехникалык курулмаларды жана суу-
дагы корук участокторду текшерет;
- көлмөлөрдө балык ресурстарды жана алардын жемдик базасын изилдөө
боюнча иштерди жүргүзөт, ихтиологиялык материалды чогултуу жана иш-
тетүү, балыктардын жана жемдик организмдердин запастарын баалоо, өнөр
жайлык чараны белгилөө максатында балык кармоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарды
коргоону, пайдаланууну жана көбөйтүүнү ишке ашырат;
- балык чарба субъекттер балык запастарды эсепке алуу жана аларды
көбөйтүү боюнча иш-чараларды, ошондой эле келишимдик милдеттенмелерин
аткарышына контролду камсыздайт;
- балык кармалчу жерлерде өнөр жайлык балык кармоону, кармоо ку-
ралдарын, өнөр жайлык кармоо жана башка эсептик документтерди текшерет;
- көлмөлөрдө балыктын кармалышына жана эсеби жүргүзүлүшүнө, өнөр
жайлык балыктардын икрасы камдалышына ведомстволук контролду уюштурат;
- балык чарба субъекттер балык кармоо жана балык запастарын
көбөйтүү боюнча өндүрүштүк тапшырмаларды аткарышын, ошондой эле балык
кармоонун белгиленген квотасын (лимитин) аткарышын контролдойт;
- укук коргоочу жана жаратылышты коргоочу органдар менен бирдикте
балык уулоо эрежесин жана балык запастарды коргоо жөнүндө жоболорду бу-
зууларды болтурбоо боюнча балык коруучу рейддерди жүргүзөт;
- республикада ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун уюштурулган
формаларын өнүктүрүүнү камсыздайт, чарбакер субъекттерге жана коомдук
бирикмелерге көлдө жана маданий балык чарбаларды уюштуруу үчүн
көлмөлөрдү берет;
- балык чарбалардын жана балык ресурстарынын эсебин алат, энелик
көлмөлөргө көчүрүү үчүн, ошондой эле икраны чогултуу, камдоо, уруктан-
дыруу жана инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу үчүн өнөр жайлык ба-
лыктардын өндүргүчтөрүн кармоого уруксаттарды берет;
- кызмат адамдары жана жарандар балык запастарды коргоо жөнүндө
мыйзамдарды аткарышына ведомстволук контроль жүргүзөт, суу чыгаруучу
курулмаларда балыкты коргоочу түзүлүштөрдүн орнотулушуна жана иштешине
ведомстволук контролду камсыздайт;
- урук таштоочу балыкты коргоо боюнча бир айлыктарды жана браконь-
ерликке каршы күрөш боюнча такай рейддерди уюштурат жана өткөрөт;
- балыктын, жаш төлдүн, личинкалардын, уруктандырылган икранын жа-
на суудагы омурткасыздардын алынып чыгышына жана алынып келишине текше-
рүүлөрдү жана ведомстволук контролду алардын көбөйтүү, товардык балык
өстүрүү жана башка максаттар үчүн, ошондой эле балыктардын жана суудагы
организмдердин жањы түрлөрүн климатташтыруу, балыктын төлүн сууга кое
берүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу үчүн жүргүзөт;
- балык запастарын көбөйтүү жана аларды жасалма таратуу боюнча жу-
муштардын жүргүзүлүшүн контролдойт;
- республиканын ведомствого таандык жана балык чарбалык
көлмөлөрүндө балык запастардын корулушу жана балык өнөр жайы уюштурулу-
шу жагында ведомстволук контролду жүргүзөт;
- юридикалык жактар жана жеке адамдар балык продукцияны камдоонун,
сатып алуунун, кабыл алуунун, иштетүүнүн жана сатуунун тартибин сакта-
шын текшерет жана контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка нормативдик
укуктук актыларында балык запастарды коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү
жана балык уулоону жөнгө салуу маселелери боюнча каралган башка функци-
яларды аткарат.
IV. Департаменттин укуктары
8. Департамент өзүнүн компетенциясына ылайык төмөнкүдөй укуктарга
ээ:
- балык запастарды пайдалануу, коруу жана көбөйтүү тармагында при-
каздарды, методикалык көрсөтмөлөрдү чыгарууга, нускамаларды жана балык
өстүрүү-биологиялык нормативдерди бекитүүгө жана Департаменттин ишине
тиешелүү маселелер боюнча бардык балык чарбалык субъекттер аткарууга
милдеттүү болгон чечимдерди чыгарууга;
- балык чарбалык субъекттерден менчигинин формасына карабастан ба-
лык кармоо, товардык балыкты жана балыктын кое берилчү материалын өстү-
рүү жана сатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалымат-
тарды жана информацияны белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- республикадан алынып чыгуучу жана республикага алынып келүүчү
балыкты жана уруктандырылган икраны, балыктардын жана суудагы организм-
дердин айрым түрлөрүн климатташтырылышын жана республиканын көлмөлөрүнө
кое берилишин, көлмөлөрдүн эпизоотиялык абалын ихтиологиялык контрол-
доого, ошондой эле балык чарба субъекттерде жана рыноктордо жањы жана
иштетилген балык продукциянын сатылышын контролдоого;
- өнөр жайлык уулоодо кармалуучу, алынып чыгуучу жана сатылчу ба-
лыктын эсебин алууга, балык кармоого белеттерди, балык кармоо, балыкты
жана балык продукцияны ташуу жана сатуу үчүн эсептик жана башка доку-
менттерди берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине ведомстволук таандык мамлекеттик маанидеги балык чар-
балык көлмөлөрдү, балык уулоочу участокторду балык продукция өндүрүү
жана кармоо максатында пайдалануу үчүн ижарага берүүгө, көлмөлөрдү жана
алардын участокторунун ижарасы үчүн акы алууга;
- бекитип берилген балык чарбалык көлмөлөрдө балык запастарынын
корулушун уюштурууга, штаттан тышкаркы инспекторлор тармагын түзүүгө
жана аларды балыкты коруу жумушуна жиберүүгө;
- негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарга ээ болууга, Кыргыз Рес-
публикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында балык чарба-
лык программаларды ишке ашыруу үчүн балык чарбалык жана балык коруу иш-
теринен, көлмөлөрдүн ижарасынан түшүүчү каражаттардын, балык чарбага
инвестицияларды жана гранттарды тартуудан түшкөн каражаттардын, ыктыяр-
дуу кошумчалардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салын-
баган башка булактардан түшкөн каражаттардын эсебинен атайын алыш-бериш
эсептерди ачууга;
- юридикалык жактарга жана жеке адамдарга балык запастарга келтир-
ген зыяндын ордун толтуруу үчүн дооматтарды аныкталган тартипте коюуга.
Департаменттин кызматкерлери айырмалоо белгилери бар форма кийим
кийүүгө, кызматтык курал жана сигналдык тапанчаларды Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып жүрүүгө укуктуу.
V. Департаменттин ишинин уюштурулушу
9. Департаментти кызматка Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай министринин сунушу боюнча Кыргыз Республи-
касынын Премьер-министри тарабынан дайындалчу жана бошотулуучу директор
башкарат.
10. Департаментте кызматка Департаменттин директорунун сунушу бо-
юнча дайындалчу жана бошотулуучу бир орун басар болот.
Департаменттин директору жок учурда директордун милдеттерин анын
орун басары аткарат.
11. Директор Департаментке тапшырылган милдеттерге ылайык:
- Департаменттин жана анын структуралык бөлүнүштөрүнүн ишине жалпы
жетекчилик кылат;
- Департаментке тапшырылган милдеттердин аткарылышы жана ал өз
функцияларын ишке ашырышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот, орун басардын
жана структуралык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин арасында милдеттерди
бөлүштүрөт, алардын иштин ар кыл багыттарын жетектөө боюнча жоопкерчи-
лик даражаларын аныктайт;
- кадрларды тандоону жана жайгаштырууну, Департаменттин кызматкер-
леринин квалификация дењгээлин жогорулатууну жалпы жетектейт;
- кызматкерлердин белгиленген санынын чегинде Департаменттин жана
анын ведомстволук структураларынын штаттык тизимин бекитет.
12. Департаменттин директору төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- белгиленген компетенциясынын чегинде Департаменттин ишинин опе-
ративдүү, кадрлык жана башка утурумдук маселелери боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык буйруктарды чыгарууга;
Департаменттин бөлүнүштөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилерине жа-
на адистерине көрсөтмөлөрдү, тапшырмаларды берүүгө жана алардын аткары-
лышын текшерүүгө;
- балык чарбасынын маселелери боюнча мамлекеттик органдарда Депар-
таменттин кызыкчылыктарынын атынан аныкталган тартипте чыгууга, сотто
доочу жана жоопкер катары чыгууга, ишеним каттарды, анын ичинде кайра-
дан ишеним көрсөтүү укугу менен ишеним каттарды берүүгө;
- эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү менен өз компетенциясынын че-
гинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Департаменттин ишине тиешелүү масе-
лелер боюнча өз ара байланышта аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө ке-
лишимдерге, контракттарга, макулдашууларга жана протоколдорго аныктал-
ган тартипте кол коюуга;
- Департаменттин жана анын структуралык бөлүнүштөрүнүн кызматкер-
лерин ардактуу наамдарды ыйгарууга жана ведомстволук сыйлыктар менен
сыйлоого аныкталган тартипте көрсөтүүгө;
- келишимдерди түзүүгө, макулдашууларга, ишеним каттарга, Кыргыз
Республикасынын банктарында жасалуучу операциялар боюнча эсептешүү жана
акча документтерине кол коюуга. Директор жокто андай документтерге анын
орун басары атайын ишеним катсыз кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин жана
анын номенклатурасына кирген структуралык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин
кызматка дайындоого жана бошотууга, аларга сыйлоо чараларын көрүүгө же
тартиптик жазаларды колдонууга;
- Департаментке ведомстволук таандык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыга-
рууга;
- ага Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык
берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
13. Департаменттин кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Де-
партаменттин структуралык бөлүнүштөрү жөнүндө жоболор жана Департамент-
тин директору же анын орун басары бекитүүчү тийиштүү кызматтык нускама-
лар менен аныкталат.
14. Департаментте коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына директор
(коллегиянын төрагасы), директорун орун басары, Департаменттин башка
кызматкерлери, зарыл болсо - башка мамлекеттик органдардын жана илимий
уюмдардын кызматкерлери кирет. Коллегиянын персоналдык курамын Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри
бекитет. Коллегиянын жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жо-
лудан кем эмес өткөрүлөт.
15. Коллегиянын жыйындарында балык тармагын өнүктүрүү маселелери
каралат, балык уулоону жөнгө салуу боюнча илимий-өнөр жайлык кењештин
чечимдери бекитилет, Департаменттин бөлүнүштөрүнүн жана кызматтарынын
жетекчилеринин өндүрүштүк иш жана аларга жүктөлгөн функциялардын жана
милдеттердин аткарылышы жөнүндө отчеттору угулат. Коллегиянын чечимдери
Департаменттин директорунун буйругу менен ишке ашырылат.
VI. Департаменттин ишинин токтотулушу
16. Департаменттин ишинин токтотулушу өзгөртүп уюштуруу же жоюу
жолу менен ишке ашырылат.
17. Департаментти өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Департаменттин ишинин процессинде пайда болгон документтер
"Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 22-апрели № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөПостановление · 22.04.2008 · № 161 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон