Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата Программасы (Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтому)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-апрелиндеги
№ 161 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын балык чарбасын
өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата
ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасы балык чарбасы жана балык кармоо үчүн чоњ по-
тенциалга ээ.
Бирок кийинки жылдарда өлкөнүн балык чарбасында анын ургаалдуу
өнүгүшүнө терс таасир тийгизген шарттар түзүлдү.
Бул Программа балык тармагын узак мөөнөттүү мезгилге карата
өнүктүрүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүүнүн негизги ба-
гыттарын аныктайт.
Программада балык чарбалык көлмөлөрдү жана балык ресурстарын на-
тыйжалуу пайдалануу жагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылык-
тарын ишке ашыруунун максаттары, маселелери, багыттары жана жолдору
аныкталган.
Программанын базалык негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин
жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйрукта-
ры, башка нормативдик укуктук актылар, ошондой эле эл аралык укуктун
жалпы таанылган принциптери жана нормалары түзүшөт.
1. Кыргыз Республикасынын балык чарбасынын азыркы абалы
жана анын мамлекеттин экономикасындагы ролу
Кыргыз Республикасынын балык чарбасы балык тармагында сырьелук ба-
заны божомолдоодон тартып өлкөдө балык соодасын уюштурууга чейинки ма-
териалдык өндүрүштүн жана өндүрүштүк эмес чөйрөнүн иштеринин кењири
чөйрөсүн камтыган экономиканын сектору болуп эсептелет.
Балык чарбасынын сырелук базасында балык кармоонун мезгилдүүлүгү-
нө, табигый көлмөлөрдө жемдин салыштырмалуу аздыгына, суудагы биоресур-
стардын убакыттагы жана мейкиндиктеги кыймылдуулугуна, балык запастарын
божомолдоонун жана аларды көбөйүшүнө зыян кылбастан алуунун сарамжалдуу
көлөмүн аныктоонун кыйындыгына байланышкан бир катар мүнөздүү өзгөчө-
лүктөр бар.
Азыркы учурда балык ресурстарын изилдөө, алуу, сактоо жана
көбөйтүү тийиштүү түрдө камсыздалбай жатат. Мындай абал өлкөнүн ичинде-
ги экономикалык себептер менен да, балык өстүрүү объекттерин өнүктүрүү
боюнча максатка багытталган инвестициялык саясаттын жоктугу менен да
шартталган.
Өлкөнүн калкын иш менен камсыздоонун абдан маанилүү факторлорунун
бири болгон садокто жана фермердик балык өстүрүү тийиштүү өнүккөн жок.
Кийинки он жылда балык чарбасында иштеген балык өстүрүүчү адистер-
дин саны кескин кыскарды.
Балык запастарын жана алар жашаган чөйрөнү коруу системасы андан
ары өркүндөтүүгө абдан муктаж, анткени балыктын айрыкча өзгөчө баалуу
жана корулуучу түрлөрүн мыйзамсыз кармоонун масштабы орчундуу көбөйдү.
Каралып жаткан мезгилде балык чарбасынын иштеши үчүн майнаптуу
нормативдик укуктук база түзүлбөдү, балык чарба субъекттеринин иштерин
ыкчам координациялоо жана балык чарба комплексин башкаруу системасын
өркүндөтүү камсыздалбады.
Бул Программада өлкөнүн балык чарбасындагы кризистен чыгууга жана
балык тармагын натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган
удаалаш жана иштиктүү чараларды көрүү белгиленди.
2. Кыргыз Республикасынын балык чарбасынын
азыркы этаптагы негизги проблемалары
Өлкөнүн балык чарбасынын азыркы абалына талдоо анын натыйжалуу
өнүгүшүнө тоскоол болгон негизги проблемаларды аныктоого мүмкүндүк бе-
рет, алар:
- Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнү мамлекеттик
башкарууда концепциялык мамиленин жоктугу;
- балык ресурстарын туруктуу жана узак мөөнөттүү башкаруунун балык
тармагынын натыйжалуу иштешин жана өнүгүүсүн камсыздоочу зарыл норма-
тивдик укуктук базасынын жоктугу;
- балыкты мыйзамсыз кармоо масштабдарынын өсүшү;
- көлмөдө жана көлдө товардык балык өстүрүүдө суудагы биологиялык
потенциалдын кескин азайышы;
- балык өстүрүүчү, уулоочу жана балык ресурстарды коргоочу жана
изилдөөчү негизги каражаттардын физикалык эскирүү жана моралдык жактан
артта калуу дењгээлинин жогорулугу;
- балык өстүрүү жабдууларынын, балык өстүрүү материалдарынын жана
каражаттарынын өнүккөн рыногу, балык товарлардын рыногу жана натыйжалуу
инфраструктурасы жоктугу;
- чет өлкөлүк инвесторлорду жана балык өстүрүү жабдууларын жана
балыкты көбөйтүүнүн натыйжалуу технологияларын берүүчүлөрдү тартуу бо-
юнча бажы мыйзамдарынын жетик эместиги.
Негизги проблемаларды талдоонун негизинде республиканын балык чар-
басын кризис абалдан алып чыгууга жана аны натыйжалуу өнүктүрүү жолдо-
рун иштеп чыгууга багытталган чараларды иштеп чыгуу үчүн максаттар жана
багыттар аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн
2008-2012-жылдарга карата программасынын
максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн максаты - балык
товарларга болгон ички керектөөнү канааттандырууга, Кыргыз Республика-
сынын балык ресурстарынын көбөйүү базасын өнүктүрүү үчүн инвестициялар-
ды тартуу максатында шарттарды түзүүгө жана балык чарба комплексинин
башкаруу структурасын оптималдаштырууга багытталган балык запастарын
сактоонун, көбөйтүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун, өлкөнүн ички
көлмөлөрүндө аквакультураны өнүктүрүүнүн негизинде балык чарба комплек-
синин туруктуу иштешине жетишүү болуп эсептелет.
Көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын балык
чарбасын өнүктүрүүнү мамлекеттик башкарууда комплекстүү мамиле, башка-
руунун натыйжалуу системасын түзүү талап кылынат жана төмөнкүдөй масе-
лелерди чечүү керек болот:
- балык чарба тармагында балык тармагын натыйжалуу өнүктүрүү мил-
деттерине жооп берүүчү нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
- сарамжалдуу пайдалануунун негизинде балык ресурстарын узак
мөөнөттүү жана натыйжалуу башкаруу механизмин иштеп чыгуу жана турмушка
ашыруу;
- балык чарба тармагында илимий изилдөөлөрдү кењейтүү, балык кар-
моонун жол берилчү көлөмүн аныктоо методдорун өркүндөтүү, илимий-техни-
калык жана билим берүү потенциалдарын чыњдоо;
- балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөлөрүн коруу системасын
өркүндөтүү, браконьерликти жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ба-
лык уулоо эрежелерин бузууларды, ошондой эле балык объекттерин мыйзам-
сыз кармоону жана алып чыгууну азайтуу максатында балык уулоого мамле-
кеттик иштиктүү контролду камсыздоо;
- балык запастарын мамлекеттик контролдоону жана корууну камсыздо-
очу аткаруучу бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү;
- балык чарбасын маалыматтык камсыздоо системасын өнүктүрүү;
- балык запастарын жасалма көбөйтүү технологияларын өнүктүрүү, ата
мекендик ихтиофаунадагы балыктардын баалуу түрлөрүнүн энелик үйүрлөрүн
түзүү;
- Кыргыз Республикасынын ички көлмөлөрүндө аквакультура технологи-
яларын өнүктүрүү;
- суу боюндагы (ышкыбоздук) балык уулоону артыкчылыктуу өнүктүрүү;
- балык товарларынын, балык өстүрүү жабдууларынын жана балык чар-
балык арналыштагы материалдардын өнүккөн рыногунун инфраструктурасын
калыптандыруу;
- жээк аймактардагы эмгекчи калктын балык чарба тармагынын ке-
ректөөсү үчүн иш менен камсыздалышында мамлекеттик социалдык стратегия-
ны иштеп чыгуу.
4. Программанын багыттары жана
ишке ашыруу этаптары
Бул Программаны ишке ашыруунун негизи багыттары төмөнкүдөй:
- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүн жана балык ресурс-
тарын башкарууну өркүндөтүү;
- балык уулоо ишин жөнгө салуу, ышкыбоздук балыкчылыкты жана аква-
культураны өнүктүрүү (садокто балык өстүрүү);
- балык запастарынын корулушун жана сакталышын контролдоо чарала-
рын өркүндөтүү;
- балык чарбалык илимий изилдөөлөр системасын өркүндөтүү жана ба-
лык тармагында иштеген адистерди кошумча окутуу.
Программаны ишке ашыруу этаптары
Системаны жањыртуунун биринчи этабында (2008-жыл) негизги көњүл
балык чарба ишинин жана структуралык өзгөртүүлөрдүн бардык тараптарын
камтычу нормативдик укуктук база түзүү боюнча биринчи кезектеги маселе-
лерге бурулат.
Балык өстүрүү максатында суу объекттерин пайдаланууга жана балык
кармоо объекттерин алып коюуга байланыштуу балык чарба ишин мамлекеттик
жөнгө салуу механизмин иштеп чыгуу зарыл.
Структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, балык чарба комплексин башка-
рууну өркүндөтүү, иштетүүчү заманбап өндүрүштү жана сатуунун цивилиза-
циялуу рыногун уюштуруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- балык чарба комплексин мамлекеттик башкарууну жөнгө салуучу нор-
мативдик укуктук база иштеп чыгуу;
- балык чарба комплексинин объекттерин инвентаризациялоо;
- пайдалануучулардын экономикалык көрсөткүчтөрүнө жараша жана объ-
ективдүү маалыматтардын негизинде суу объекттерин жана балык ресурста-
рын бөлүштүрүүнүн узак мөөнөттүү негиздеги бирдиктүү оптималдуу систе-
масын түзүү;
- балык чарбалык көлмөлөрдү жана алардын балык ресурстарын пайда-
лангандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы киргизүү;
- балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн корууну өркүндөтүү,
балыкты браконьерлик кармоону уюштургандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;
- балык чарбалык көлмөлөрдө жана товардык балык өстүрүүчү чарба-
ларда экологиялык жана эпизоотиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар-
ды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- жээкте балык уулоону, көлмөдөгү, садоктогу жана көлдөгү товардык
балык чарбаларды тездетип өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
Биринчи этаптын бүтүрүлүшү балык чарба комплексин кризистен чыга-
руу үчүн шарттардын түзүлүшүн, балык тармагын башкаруунун рыноктук ме-
ханизмдерине өтүүнү жана тийиштүү рыноктук инфраструктура калыптандыры-
лышын көздөйт.
Экинчи этап (2009-2010-жылдар) - стабилдештирүү этабы. Илимдин же-
тишкендиктеринин, балык өстүрүү инфраструктурасын өнүктүрүүнүн, балык
тармагында балык өстүрүүчү ишканалардын инвестициялык кызыктуулугун
арттыруунун негизинде балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө өтүү белги-
ленүүдө.
Бул этапты ишке ашыруудагы негизги багыттар төмөнкүдөй:
- чет мамлекеттер менен балык өстүрүүнү жана балык кармоону
өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтыкты кењейтүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык балык чарбалык долбоорлорго ка-
тышуусун активдештирүү;
- балык чарба комплексинин жањы объекттерин курууга мамлекеттик
колдоо чараларын өркүндөтүү;
- садокто жана фермердик балык өстүрүүнү өнүктүрүү;
- ар кыл типтеги көлмөлөрдө жайыттык аквакультура ыкмасы менен ба-
лык өстүрүү көлөмүн көбөйтүү, ири табигый жана жасалма көлмөлөрдө,
ошондой эле балык уулоого пайдаланылбай турган чакан көлмөлөрдө
төлдүк-товардык балык өстүрүү комплекстерин түзүү;
- жергиликтүү калктын иш менен камсыздалышын көбөйтүү үчүн балык
чарбасынын өндүрүштүк инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү (балык за-
воддор, балык питомниктер, балык уулоочу, садоктук жана көлдүк-товардык
балык чарбалары);
- балык чарбасынын муктаждыктарын камсыздоо максатында адистерди
комплекстүү даярдоо жана кайра даярдоо боюнча чараларды ишке ашыруу.
Экинчи этаптын башкы жыйынтыгы - көбүнчө ички сарамжалдардын жана
инвестицияларды тартуунун базасында балык чарба комплексинин төл бери-
шин туруктуу кењейтүү үчүн шарттарды түзүү, бул өз кезегинде өлкөнүн
ички рыногуна балык товарларды берүүнү орчундуу көбөйтүүгө, ассорти-
ментти кењейтүүгө, сапатты арттырууга жана атаандаштыкка жарактуулукту
көбөйтүүгө негиз болот.
Үчүнчү этап (2011-2012-жылдар) - туруктуу өнүгүү мезгили - балык
секторун өнүктүрүү үчүн инвестициялардын активдүү салынышы менен
мүнөздөлөт.
Балык тармагынын рыноктук инфраструктурасын өнүктүрүү тышкы дагы,
ички дагы инвесторлордун инвестициялык активдүүлүгүнө өбөлгө болот деп
болжонууда.
Балык запастарын жасалма өндүрүү, аквакультураны өнүктүрүү, балык
уулоонун жањы объекттерин жана райондорун өздөштүрүү, кадрлык камсыздоо
системасы жана жањы технологияларды киргизүү орчундуу даражада рыноктук
институттардын кызыкчылык чөйрөсүнө айланат.
Балык чарбаны өнүктүрүү боюнча чаралар иш менен камсыздоо пробле-
масын чечүүгө, иш орундарды сактоого жана жањыларын ачууга мүмкүндүк
берет.
Кадрларды балык тармагынын квалификациялуу адистерге болгон мук-
таждыгына жараша даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү боюн-
ча чаралар улантылат.
Балык кармоонун жана балык продукциясын чыгаруунун көлөмүн
көбөйтүү, ошондой эле өркүндөтүлгөн салык мыйзамдары балык чарба уюмда-
рынын финансылык абалын чыњдоо үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт.
Илимий изилдөөлөрдү кењейтүү жањы, аз изилденген жана толук пайда-
ланылбай турган көлмөлөрдү жана алардагы уулоо объекттерин пайдаланууга
киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Жээктеги балык уулоону өнүктүрүү толук пайдаланылбай жаткан
көлмөлөрдүн жана алардагы уулоо объектеринин эсебинен сырьелук базанын
кењейтилишин камсыздайт.
Көлмөлөрдүн балыкты садокто өстүрүүгө, ошондой эле ышкыбоздук жана
спорттук балык уулоону уюштурууга жарактуу жээк зоналарын пайдалануу
балык тармагында чакан ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
Кыргыз Республикасынын ички көлмөлөрүндө балык уулоо жана балык
өстүрүү орчундуу өнүктүрүлөт. Балык чарбаларда өстүрүлчү жогорку про-
дуктулуу балыктардын породаларынын үлүшү орчундуу көбөйөт.
5. Программаны ишке ашыруу механизмдери
Программаны ишке ашырууда төмөнкүлөр көздөлөт:
- балык чарба көлмөлөрүн жана алардын балык ресурстарын башкаруу
чөйрөсүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо;
- Программада айтылган негизги маселелерди чечүүгө арналган иш-ча-
раларды, анын ичинде республикалык жана региондук программаларды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү кам-
сыздоого арналган иш-аракеттерди республикалык жана региондук дењгээл-
дерде координациялоо;
- мыйзам актыларга тийиштүү оњдоолорду киргизүү, балык запастарын
коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү, рыноктук мамилелерди өнүктүрүү, ата
мекендик өндүрүүчүнүн инвестициялык кызыктуулугун арттыруу жана кызык-
чылыктарын коргоо боюнча башка нормативдик укуктук актылардын долбоор-
лорун иштеп чыгуу;
- балык тармагынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматты талдоо жана
баалоо системасын түзүү;
- мамлекеттин жана менчиктин бардык түрлөрүндөгү чарбакер субъект-
тердин күч-аракеттерин бириктирүү.
6. Зарыл ресурстар жана каржылоо булактары
Бул Программаны ишке ашыруу үчүн 50 млн.сомго жакын, анын ичинде
балык чарба көлмөлөрүн жана алардын балык ресурстарын пайдалангандык
үчүн атайын каражаттардын эсебинен 20 млн.сом жана ар кайсы донорлордун
жана инвестициялардын (чет өлкөлүктөр менен кошо) каражаттарынан - 30
млн.сом акча керек, алар - Программаны аткарууга жумшалат.
Программанын иш-чараларын каржылоо булактары жана көлөмдөрү ушул
Программанын N 1 тиркемесинде көрсөтүлдү.
Балык тармагын каржылоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу
үчүн төмөнкүлөр зарыл, алар:
- ушул Программаны каржылоо үчүн кошумча булактарды табуу;
- балык чарбалык, балык коруучу, көбөйтүүчү, илимий-изилдөөчү, ба-
лык өстүрүүчү-мелиорациялык жана балык тармагынын эпизоотияга каршы
иш-чараларын каржылоо механизмин балык чарбасында жүргүзүлүп жаткан ре-
форманы эске алуу менен иштеп чыгуу;
- балык уулоо тармагынан алынчу каражаттарды балык тармагын
өнүктүрүүгө гана жумшоонун механизмин аныктоо;
- балык чарбасын ар кыл донорлор, эл аралык финансылык институт-
тар, жеке сектор жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салын-
баган башка булактар тарабынан, алдын ала макулдашылган жана тандалган
долбоорлор боюнча инвестициялоо механизмин иштеп чыгуу.
7. Программанын ишке ашырылышын укуктук камсыздоо
Программаны ишке ашыруу балык чарба комплексинин иштешинин бир-
диктүү нормативдик укуктук базасын иштеп чыгууну шарттайт. Мында негиз-
ги принциптер төмөнкүлөр болууга тийиш:
- нормативдик укуктук базаны өнүктүрүүнүн удаалаштыгы жана ыраат-
туулугу;
- балык уулоо жана балык өстүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын комп-
лекстүүлүгү.
Программаны ишке ашыруу процессинде Кыргыз Республикасында балык
чарбасынын мыйзамдык негизин толук камсыздоого жарактуу бирдиктүү, бир-
дей түргө келтирилген мыйзамдык чөйрө түзүлөт.
Бул максаттарда бир катар нормативдик укуктук актыларды жана би-
ринчи кезекте Кыргыз Республикасынын "Балык уулоо жана балык запастарды
коргоо жөнүндө" Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу керек, ал Кыргыз
Республикасынын көлмөлөрүндө балык запастарын изилдөө, көбөйтүү, пайда-
лануу жана сактоо тармагындагы көп жактуу проблемаларды комплекстүү
жөнгө салууга багытталууга тийиш.
Балык ресурстарга менчик укугуна, балык уулоо тармагындагы квота
берүүгө жана лимит берүүгө тиешелүү нормалар мыйзамдык негизде бекити-
лишет; балык чарба көлмөлөрүн жана алардын балык запастарын пайдалануу-
чулардын негизги укуктары жана милдеттери, ошондой эле тийиштүү мамле-
кеттик органдардын ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш.
Балык запастарды башкаруу ыкмасын жана аларды пайдаланууну жөнгө
салуу механизмдерин өзгөртүү Кыргыз Республикасынын "Балык чарба
жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" жана "Айлана-чөйрөнү коргоо
жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат.
Балык уулоо жана балык запастарды коргоо жагындагы эреже бузгандык
үчүн администрациялык жана кылмыш-жазыктык жоопкерчилик чараларын сис-
темалаштыруу жана күчөтүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине
жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-
дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат.
Мыйзамдык базанын өзгөртүлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
нормативдик укуктук актыларын да кайра кароону жана инвентаризациялоону
талап кылат.
8. Кыргыз Республикасынын балык чарбаны башкаруучу
ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлеринин
статусун жогорулатуу
Балык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишкеё ашыруу балык
чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органдын жана балык запастарды кор-
гоо боюнча ага таандык кызматтын кызматкерлерине тапшырылган.
Тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын балык
чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлеринин тийиштүү
укуктарын жана милдеттерин аныктоо зарыл, ал:
- балык запастарды коргоо кызматынын кызматкерлеринин укуктарын
жана милдеттерин кайра кароо;
- балык запастарды коргоо кызматынын кызматкерлерин байланыш кара-
жаттары, автомобиль жана суу транспорт, кийим, табелдик курал жана баш-
ка материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо;
- ишке алуудагы техникалык жана квалификациялык талаптарды иштеп
чыгуу, балык чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери-
нин бардык дењгээлдери үчүн атайын контракттарды аныктоо;
- жетигирээк кадр саясатын жүргүзүү жана кадрларды ротациялоону
тартипке салуу үчүн балык тармагынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен балык
чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин маалымат-
тык базасын такай жањылап туруу.
9. Күтүлгөн натыйжалар
Программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар төмөнкүдөй:
- товардык балык өндүрүүнүн орчундуу көбөйүшү, анын ассортименти
көбөйүшү жана сапаты жакшырышы, жергиликтүү калктын толук белоктуу та-
мак-аш продуктуларга керектөөсүн канааттандыруу;
- балыктардын селекциялык (генетикалык) жактан асылдандырылган
формаларын жана түрлөрүн өстүрүүнүн жана алардын өлкөнүн көлмөлөрүнө
кое берүүнүн товардык балык өстүрүү үчүн көбөйтүлүшү;
- балыктардын баалуу породаларын өстүрүүнүн заманбап технологияла-
рын киргизүү, балык продукцияны сатуунун туруктуу рыногун уюштуруу;
- балыксыз жана балыгы аз суу объекттерде балык өстүрүү боюнча
уюштурулган өндүрүштөрдө жергиликтүү калктын иштөө чөйрөсүн түзүү;
- балык чарба комплексин туруктуу башкаруу;
- балык чарба чөйрөсүндө нормативдик укуктук базаны жакшыртуу,
мамлекеттик органдардын уруксат берүү-жөнгө салуу функцияларындагы кай-
талоолорду жоюу;
- балык ресурстарды сактоодо жана сарамжалдуу пайдаланууда мамле-
кеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,
ошондой эле жарандардын, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын ролун жо-
горулатуу;
- балык чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органдын структурасын
рационалдаштыруу жана балык тармагын реформалоо;
- балык чарбасы жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо.
Корутунду
Балык ресурстарды сактоо жана көбөйтүү тармагында мамлекеттик баш-
каруу системасын өркүндөтүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын шайма-шай
жана ырааттуу күч-аракети талап кылынат.
Программаны аткаруу үчүн кызыкдар тараптардын ортосунда ыйгарым
укуктарды жана жоопкерчиликти натыйжалуу бөлүштүрүү максатында инсти-
туттук жана укуктук жактарда реформа жүргүзүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын балык чарба чөйрөсүндөгү мыйзамдарын андан
ары өркүндөтүү жана нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу балык
тармагындагы проблемаларды чечүүгө жана алдын алууга шарт түзөт.
Бул Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө анын аткарылышына монито-
ринг жүргүзүлөт жана тийиштүү реформалардын натыйжаларынын майнаптуулу-
гуна баа берилет.
Натыйжалуулук жана иштиктүү кызматташуу, балык чарба комплексин
өнүктүрүү этаптарындагы артыкчылыктарды эске алуу принциптеринде калк-
тын потенциалы жана донор жана эл аралык уюмдардын жардамдары пайдала-
нылууга тийиш.
Программаны ишке ашырууда мамлекеттин жана менчиктин бардык форма-
ларындагы чарбакер субъекттердин күч-аракеттеринин бириктирилиши зарыл.
Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн белгиленген жолдору
жакынкы келечекте товардык балык продукция чыгаруунун көлөмү көбөйүшү
үчүн шарттарды түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-апрелиндеги
№ 161 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын балык чарбасын
өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга
карата программасына
№ 1 тиркеме
Балык чарбасын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата
программасын каржылоо булактары жана көлөмү
| N | Иш-чаралар | Ишке ашыруу | Каржылоо | Каржылоо булагы | |
| мезгили | көлөмү | (мињ сом) | |||
| (мињ сом) | ------------------------ | ||||
| Бюджеттен | Инвестициялык | ||||
| тышкаркы | каражаттар | ||||
| каражаттар | |||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| 1 | Балык чарба | 2008-жыл | 125,0 | 125,0 | - |
| комплексин | |||||
| инвентаризациялоо, | |||||
| балык чарбасынын | |||||
| нормативдик | |||||
| укуктук базасын | |||||
| иштеп чыгуу жана | |||||
| өркүндөтүү | |||||
| 2 | Оргтехника сатып | 2008-2009- | 375,0 | 175,0 | 200,0 |
| алуу | жылдар | ||||
| (компьютерлер, | |||||
| факстар, | |||||
| ксерокстор, | |||||
| сканерлер) | |||||
| 3 | Лосось жана карп | 2008-2012- | 1000,0 | 500,0 | 500,0 |
| балыктардын энелик | жылдар | ||||
| үйүрүн түзүү | |||||
| боюнча ишти | |||||
| уюштуруу жана | |||||
| жүргүзүү, | |||||
| селекциялык-асыл | |||||
| тукумдук ишти | |||||
| өркүндөтүү | |||||
| 4 | Өлкөнүн сууларын | 2008-2012- | 5000,0 | 3500,0 | 1500,0 |
| балыктандыруу | жылдар | ||||
| максатында көлмө, | |||||
| садок чарбаларда | |||||
| жана балык | |||||
| заводдордо балык | |||||
| запастарын | |||||
| толуктоо жана | |||||
| төлдү өстүрүү | |||||
| 5 | Жаш төлдү чоњойтуп | 2008-2012- | 10000,0 | 1200,0 | 8800,0 |
| өстүрүү үчүн | жылдар | ||||
| инкубациялык | |||||
| цехтерди куруу, | |||||
| реконструкциялоо | |||||
| 6 | Балык-суу | 2008-2012- | 2000,0 | 1000,0 | 1000,0 |
| жабдууларын сатып | жылдар | ||||
| алуу | |||||
| (инкубациялык | |||||
| аппараттар, | |||||
| балыктын | |||||
| личинкаларын | |||||
| кармоо жана төлдү | |||||
| өстүрүү, | |||||
| өндүрүүчүлөр жана | |||||
| ремонттук топ | |||||
| менен иштөө үчүн | |||||
| лотоктор жана | |||||
| бассейндер) | |||||
| 7 | Балык чарбалык | 2008-2012- | 5000,0 | 2500,0 | 2500,0 |
| мелиорация, | жылдар | ||||
| көлмөлөрдө | |||||
| учурдагы ремонт | |||||
| жана эпизоотияга | |||||
| каршы жумуштарды | |||||
| жүргүзүү | |||||
| 8 | Балык уулоо | 2008-2012- | 2000,0 | 600,0 | 1400,0 |
| шаймандарын сатып | жылдар | ||||
| алуу (торлор, | |||||
| калкымалар жана | |||||
| башкалар, алардын | |||||
| жабдыктары) | |||||
| 9 | Балык коруу | 2008-2012- | 7500,0 | 3500,0 | 4000,0 |
| кызматы үчүн | жылдар | ||||
| атайын | |||||
| автотранспорт, | |||||
| катерлерди, | |||||
| байланыштын жана | |||||
| байкоо жүргүзүүнүн | |||||
| техникалык | |||||
| каражаттарын, | |||||
| кызматтык курал | |||||
| жана форма кийим | |||||
| алуу | |||||
| 10 | Балык чарба | 2008-2012- | 1000,0 | 500,0 | 500,0 |
| субъекттери үчүн | жылдар | ||||
| жүк көтөрүмдүүлүгү | |||||
| 1 т чейинки балык | |||||
| уулоочу кайыктарды | |||||
| жана кубаттуулугу | |||||
| 30 ат күчүнө | |||||
| барабар кайык | |||||
| моторлорун сатып | |||||
| алуу | |||||
| 11 | Илимий, | 2008-2012- | 3000,0 | 1800,0 | 1200,0 |
| ихтиологиялык, | жылдар | ||||
| гидробиологиялык | |||||
| жана | |||||
| ихтиопатологиялык | |||||
| изилдөөлөр | |||||
| 12 | Балыктын жањы | 2009-2012- | 1000,0 | 400,0 | 600,0 |
| түрлөрүн жана | жылдар | ||||
| жемдик | |||||
| организмдерди | |||||
| климатташтыруу | |||||
| 13 | Миникомбикорм | 2008-2010- | 2500,0 | 1000,0 | 1500,0 |
| завод куруу | жылдар | ||||
| 14 | Балыкты иштетүү | 2008-2010- | 2500,0 | 800,0 | 1700,0 |
| жана консервалоо | жылдар | ||||
| боюнча чакан линия | |||||
| орнотуу | |||||
| 15 | Сыйымдуулугу 1,5 т | 2008-2012- | 2000,0 | 500,0 | 1500,0 |
| автомуздаткычтарды | жылдар | ||||
| алуу | |||||
| 16 | Муздаткыч | 2008-2012- | 2000,0 | 500,0 | 1500,0 |
| жабдууларды алуу | жылдар | ||||
| 17 | Муздатуучу жана | 2008-2010- | 3000,0 | 1400,0 | 1600,0 |
| садок жабдуулары | жылдар | ||||
| бар атайын | |||||
| "Балык-Рыба" дүкөн | |||||
| ачуу | |||||
| Бардыгы: | 2008-2012- | 50000,0 | 20000,0 | 30000,0 | |
| жылдар |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 22-апрели № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөПостановление · 22.04.2008 · № 161 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон