# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы №235 "Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы №235 "Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12767/edition/328272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы №235 "Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө"токтому (29.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59101

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 20-майы № 235

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна,

өсүмдүк майына жана күн карама данына карата

ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы

алымдарын бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 599

токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамынын 9-статьясына, 1947-жылдын 30-октябрындагы Тариф жана со-

ода боюнча Башкы макулдашуунун (ТСБМ) XI статьясынын 2-пунктунун "(а)"

пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарынын тиркелген

ставкалары бекитилсин.

2. Ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарынын ставкалары

Кыргыз Республикасынын бажы аймактарынан ташылып чыгуучу товарларга ка-

рата кайсы мамлекетке багытталганына карабастан колдонулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык эко-

номикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин секретариатына ушул

токтомдун кабыл алынганы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине макулдашууга

жиберилсин.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен макулда-

шылгандан жана расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет жана

6 ай күчүндө болот.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик бажы комитетине жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык

өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 20-майындагы

№ 235 токтому менен

бекитилген

Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна,

өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып

чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарынын

СТАВКАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 599

токтомунун редакциясына ылайык)

| ТЭИ ТН | Продукциянын аталышы | Ташып чыгууга |
| --- | --- | --- |
| коду |  | (экспорттук) |
|  |  | сезондуу |
|  |  | алымдын |
|  |  | ставкасы |
|  |  | (1 кг үчүн |
|  |  | сом менен) |
| 1001 | Буудай, Кыргыз-Корея "Агро-Органик" | 15 |
|  | биргелешкен ишканасынын 2500 (эки мињ |  |
|  | беш жүз) тонна өлчөмүндө буудайды |  |
|  | ташып чыгуусунан (экспорттоосунан) |  |
|  | тышкары |  |
| 1101 00 | Буудай же буудай-кара буудай уну | 30 |
| 1206 00 | Майдаланган же майдаланбаган күн | 20 |
|  | карама даны |  |
| 1512 | Күн карама, сафлор же пахта майы жана | 100 |
|  | алардын акталган же акталбаган, бирок |  |
|  | химиялык курамы өзгөртүлбөгөн |  |
|  | фракциялары |  |
