Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарын бекитүү жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 20-майы № 235
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна,
өсүмдүк майына жана күн карама данына карата
ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы
алымдарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 599
токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамынын 9-статьясына, 1947-жылдын 30-октябрындагы Тариф жана со-
ода боюнча Башкы макулдашуунун (ТСБМ) XI статьясынын 2-пунктунун "(а)"
пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарынын тиркелген
ставкалары бекитилсин.
2. Ташып чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарынын ставкалары
Кыргыз Республикасынын бажы аймактарынан ташылып чыгуучу товарларга ка-
рата кайсы мамлекетке багытталганына карабастан колдонулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык эко-
номикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин секретариатына ушул
токтомдун кабыл алынганы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине макулдашууга
жиберилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен макулда-
шылгандан жана расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет жана
6 ай күчүндө болот.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик бажы комитетине жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык
өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 20-майындагы
№ 235 токтому менен
бекитилген
Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна,
өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып
чыгууга (экспорттук) сезондуу бажы алымдарынын
СТАВКАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 599
токтомунун редакциясына ылайык)
| ТЭИ ТН | Продукциянын аталышы | Ташып чыгууга |
| коду | (экспорттук) | |
| сезондуу | ||
| алымдын | ||
| ставкасы | ||
| (1 кг үчүн | ||
| сом менен) | ||
| 1001 | Буудай, Кыргыз-Корея "Агро-Органик" | 15 |
| биргелешкен ишканасынын 2500 (эки мињ | ||
| беш жүз) тонна өлчөмүндө буудайды | ||
| ташып чыгуусунан (экспорттоосунан) | ||
| тышкары | ||
| 1101 00 | Буудай же буудай-кара буудай уну | 30 |
| 1206 00 | Майдаланган же майдаланбаган күн | 20 |
| карама даны | ||
| 1512 | Күн карама, сафлор же пахта майы жана | 100 |
| алардын акталган же акталбаган, бирок | ||
| химиялык курамы өзгөртүлбөгөн | ||
| фракциялары |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 6-июнундагы № 466-IV ""Буудайга, буудай жана буудай - кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга (экспорттук)…Постановление · 06.06.2008 · № 466-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 16-октябрындагы № 683-IV "2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.10.2008 · № 683-IV
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябры № 599 токтому "Буудайга, буудай жана буудай-кара буудай унуна, өсүмдүк майына жана күн карама данына карата ташып чыгууга…Постановление · 29.10.2008 · № 599 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон