Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 „Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 19-майы № 233
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгектик
мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык
үч тараптуу комиссия жөнүндө Жобону бекитүү
тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч
тараптуу комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы №
718 токтому менен бекитилген Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу
боюнча Республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өз-
гөртүүлөр киргизилсин:
7-пунктундагы "республикалык аткаруу бийлик органдарынын" деген
сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн курамына кызмат
орду боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Кыргыз
Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Кыргыз Респуб-
ликасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комите-
тинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу
боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Социал-
дык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигинин статс-катчысы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлигинин статс-катчысы, Кыргыз Республикасынын Экономи-
калык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы, Кыргыз Респуб-
ликасынын юстиция министринин орун басары кирет.".
2. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри-
не Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуучу Тараптагы комиссия-
нын ишин координациялоо тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-мартындагы №
103 "Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч
тараптуу комиссиядагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик орган-
дарынын өкүлдөрүнүн структурасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту
деп эсептелсин.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 токтому менен бекитилген "Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссия…Положение · 27.12.1999 · № 718
- Постановление Правительства КР от 16 марта 2001 года №103 "Об утверждении структуры представителей органов государственной власти Кыргызской Республики в Республиканской…Постановление · 16.03.2001 · № 103 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 27 декабря 1999 года N 718 " Об утверждении Положения о Республиканской трехсторонней комиссии по регулированию социально-трудовых отношений"Постановление · 27.12.1999 · № 718
- Постановление Правительства КР от 16 марта 2001 года №103 "Об утверждении структуры представителей органов государственной власти Кыргызской Республики в Республиканской…Постановление · 16.03.2001 · № 103 · Күчүн жоготкон