Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9 апрелиндеги №135 токтому менен бекитилген «Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө»жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 9-апрелиндеги
№ 135 токтому менен
бекитилген
Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз
Республикасынын экономика тармактары менен калкын
2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо
боюнча республикалык штаб жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республи-
касынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009- жылдын күзгү-кышкы
мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) коњшу-
лаш өлкөлөр менен суу-энергетикалык мамилелердин маселелери боюнча бир-
диктүү позицияны иштеп чыгуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу
пайдаланууну ишке ашыруу, Токтогул суу сактагычында суунун зарыл запас-
тарын түзүү жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен кал-
кын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо, ошондой эле электр-
жана жылуулук менен жабдуудагы тартип бузууларды болтурбоо үчүн түзүл-
гөн коллегиалдуу координациялык орган болуп саналат.
2. Штаб өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка норма-
тивдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын иш-аракетин төрага, ал жок учурда - төраганын орун ба-
сары жетектейт.
II. Штабдын милдеттери жана функциялары
4. Штабдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- республиканын суу-энергетика комплексин өнүктүрүү чөйрөсүндө
мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;
- Токтогул суу сактагычында суунун зарыл көлөмүн топтоо боюнча өз
убагында чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу
пайдалануу маселелерин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын
2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине өз учурунда жана сапаттуу даяр-
доону камсыз кылуу.
5. Штаб ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды
аткарат:
- ай сайын өзүнүн заседаниелеринде токтомдун аткарылышынын жүрүшүн
карайт;
- суу-энергетика ресурстарын башкаруу, кышкы шарттарда иштөөгө өз
убагында жана сапаттуу даярдоо, отун менен камсыздоо, электр-жылуулук
менен жабдуулардагы бузулууларга жол бербөө жана(же) алардын кесепетте-
рин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жана отун-энергетика комплекси-
нин ишканаларынын иштерин координациялайт;
- электр- жана жылуулук энергиясын берүүдө чектөөлөрдү киргизүү
жөнүндө чечим кабыл алат;
- региондор боюнча электр- жылуулук энергиясын жана жаратылыш га-
зын керектөө лимиттерин белгилейт жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Токтогул ГЭСинин каскадында суу-энергетика абалына мониторинг
жана болжолдоо жүргүзөт;
- суу-энергетика балансынын бузулууларын жоюу боюнча зарыл чара-
ларды көрөт;
- электр энергиясы менен иштөөчү от казандарын органикалык отун
менен иштөөгө өткөрүү жана отундун зарыл запасын камсыздоо боюнча иш-
терди жүргүзүүнү контролдойт.
III. Штабдын укуктары
6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу:
- Штабдын максаттары менен милдеттеринин чектеринде мамлекеттик
органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдар
менен мекемелердин жетекчилеринин маалыматын угууга жана алардын иште-
рине баа берүүгө;
- министрликтерден, ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден өз
ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалымат-
тарды сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Штабдын чечимдерин аткарбоого
жана кышкы шарттарда иштөөгө даярдык керүү боюнча милдеттерди аткарууну
үзгүлтүккө учуратууга жол беришкен министрликтердин, мамлекеттик коми-
теттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка
органдарынын, мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын жетекчилерин кызматтан бошотуу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш
киргизүүгө;
- республикадагы суу-энергетика жагдайынын маселелери жана Кыргыз
Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күз-
гү-кышкы мезгилине даярдоодогу абал боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берүүгө;
- өзүнүн компетенциясына ылайык Штабдын чечимдерин сөзсүз аткаруу-
ну мамлекеттик органдардан жана отун-энергетика комплексинин ишканала-
рынан талап кылууга;
- республиканын аймагында пайдалануучуларга электр- жана жылуулук
энергиясын, жаратылыш газын керектөөгө чектөө киргизүүгө жана региондор
боюнча энергия булактарын керектөө лимиттерин белгилөөгө;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча башка
уюштуруу жана координациялык чараларды көрүүгө.
7. Берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кабыл алынган Штабдын
чечимдери министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарынын, республиканын отун-энергетика комплексинин ишканаларынын атка-
рышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
IV. Штабдын ишин уюштуруу
8. Штабдын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекити-
лет. Штабдын төрагасы кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи ви-
це-премьер-министри болуп саналат, ал Штабдын ишин жетектейт. Штабдын
мүчөлөрү Штабдын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу боюнча негиз-
делген сунуштарды Штабдын талкуусуна киргизүүгө укуктуу.
9. Штабдын иш формасы заседание же селектордук кењешме болуп сана-
лат, ал анын жетекчисинин чечими боюнча зарылдыгына жараша, бирок айына
бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Штабдын мүчөлөрү заседаниелерге жана
селектордук кењешмелерге жеке өздөрү катышат.
10. Штабдын заседаниесинин жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, ага
төрага кол коет.
11. Чечим добуш берүү аркылуу добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен
кабыл алынат жана аларды ишке ашырууга жооптуу бардык адамдарга жетки-
рилет.
12. Штаб кабыл алган чечимдер зарылдыгына жараша Кыргыз Республи-
касынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекет-
тик органдардын кароосуна жиберилиши мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги №135 "Токтогул суу сактагычында зарыл болгон суунун көлөмүн топтоо жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары…Постановление · 09.04.2008 · № 135
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон