# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №230 "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №230 "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12761/edition/328263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59093.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №230 "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59093

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-майы № 230

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө"

жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык каржылоо булактарын

аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" жана

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоор-

лоруна тиркелген корутунду жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-

сына жиберилсин.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 16-майындагы

№ 230 токтомуна

тиркеме

"Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө"

жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна

ылайык расмий корутунду берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президен-

тинин Администрациясынын 2008-жылдын 11-январындагы № 15-71 катына

ылайык, ошондой эле "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жө-

нүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөр-

түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

мыйзам долбоорлоруна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. "Мамлекеттик гарантияланган юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча.

Кыргыз Республикасы мамлекеттин эсебинен юридикалык жардамды га-

рантияланган адамдарга карата түрдүү чечмелөөлөрдү болтурбоо үчүн Мый-

зам долбоорунун кириш сөзүндө "жана мыйзамдуу кызыкчылыктар" деген сөз-

дөрдөн кийин "биринчи инстанциясындагы сотто, апелляциялык, кассациялык

жана көзөмөлдөө инстанцияларында тергөө жүргүзүү стадиясында кылмыш иши

боюнча шектенилген, айыпталган, соттолгон, акталган учурларда.".

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде "актылар" деген сөз "Кыргыз Рес-

публикасынын" деген сөздөр менен толукталсын.

Долбоордун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөр формасындагы

"адистештирилген башкармалар" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү

"адистештирилген бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.

Мыйзам долбоордун 3-беренесинде "ар бир жаранга" деген сөздөр ушул

Мыйзам менен аныкталуучу жактарга" деген сөздөргө, "андан" деген сөз

"алардан" деген сөзгө алмаштырылсын.

Аталган мыйзам долбоорунда республикалык бюджеттен каржылоо карал-

ган, мында жергиликтүү бюджеттен каржылоо каралган эмес, долбоордун

3,21 жана 30-беренелеринде "мамлекеттик бюджеттен" деген сөздөрдү "рес-

публикалык бюджеттен" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.

Долбоордун 6-беренесинин экинчи бөлүгүн конкреттештирүүнү сунуш-

тайбыз, мында мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардам алуу-

га укукту аныктоодо жан башына бөлүнгөн орточо үй-бүлөнүн жыйынды кире-

шеси эсепке алынат.

Долбоордун 4-беренесине ылайык мамлекет тарабынан гарантияланган

юридикалык жардам мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардам

алууга жарандардын тењ укуктуулук принцибинде берилет жана шектүү бол-

гон, айыпталган, соттолгон, акталган, өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн

камалгандар социалдык-аялуу категориялар болуп эсептелбестигин эске

алып, долбоордун 7-беренесинин алтынчы абзацын алып салууну сунуштай-

быз. Долбоорду иштеп чыгууда мамлекет тарабынан гарантияланган юридика-

лык жардам алууга укук берүүчү табигый кемчиликтердин чөйрөсү кыскар-

тылганын эске алуу менен 7-берененин бешинчи абзацын Кыргыз Республика-

сынын Кылмыш-процесстик кодексинин 46-беренесине ылайык келтирүүнү су-

нуштайбыз.

Долбоордун 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлиги мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардамды башка-

руу системасына катышуучу орган болуп эсептелет, Улуттук кењештин кура-

мына юстиция министрлигинин өкүлүн киргизүүнү сунуштайбыз.

Долбоордун 11-беренесинин биринчи бөлүгүндө "Мамлекет тарабынан

гарантияланган юридикалык жардам боюнча улуттук кењеш" деген сөздөрдөн

кийин "(мындан ары - Улуттук кењеши)" деген сөздөр менен толуктоону су-

нуштайбыз.

Долбоордун 13-беренесинин бешинчи бөлүгүн баяндалгандардын неги-

зинде алып салууну сунуштайбыз.

Долбоордун 11-беренесинин төртүнчү бөлүгүнө ылайык Улуттук кењеш-

тин курамына милдеттүү түрдө окумуштуу юрист жана үч адвокат (адвокат-

тардын кесиптик уюмунун өкүлдөрү) кирет, аталган абзацтагы "жана коом-

дук уюмдар" деген сөздөр алып салууну сунуштайбыз.

Долбоордун 12-беренесинин үчүнчү бөлүгүнө ылайык Улуттук кењеш

мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардамды берүү жана көрсө-

түү боюнча арыздарды жана даттанууларды кароого укуктуу болушат, ушуну

менен бирге долбоордун 29-беренесинде аныкталгандай аталган Улуттук ке-

њеш мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардамды берүү жана

көрсөтүү үчүн жооптуу органдардын жана жактардын иш-аракеттерин кароого

ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине киргизилген эмес.

21-берененин 2-пунктунда адвокаттын милдеттеринде ушул мыйзамга

ылайык аныкталган юридикалык жардамдын сапатына минималдуу талаптарды

сактоо каралган. Мында, мыйзам долбоордо көрсөтүлүүчү юридикалык жар-

дамдын сапаттарынын дењгээли каралган эмес.

Долбоордун 23-беренесинин экинчи бөлүгүнүн жобосун эске алып, дол-

боордун 22-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү 3-пунктчада "юридикалык жар-

дам" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекет тарабынан гарантияланган юри-

дикалык жардамды берүү боюнча мамлекеттик реестрден алып салуу" деген

сөздөр менен толукталсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-январындагы № 4

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин

жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттери-

нин жана административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин баш-

ка борбордук органдарынын нормативдик актыларынын долбоорлорун даярдоо-

нун тартиби жөнүндө эрежелердин талаптарын көњүлгө алып, долбоордун

23-беренесинин төртүнчү бөлүгүндөгү "пункту" деген сөз "экинчи бөлүгү-

нүн 2-пунктчасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Долбоордун 24-беренеси юридикалык жардам берүү же берүүдөн баш

тарткандыгы жөнүндө жүйөөлүү чечимди чыгаруу боюнча координатордун ый-

гарым укугу каралат. Бирок, мындай чечимди координатор кайсы мөөнөттө

чыгараары мыйзам долбоордо каралган эмес. Ушуга байланыштуу аталган бе-

ренеде координатор аталган чечимдин кабыл алууга тийиш болгон мөөнөт

каралса жакшы болмок.

Мыйзам долбоордун 25-беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмунда ба-

яндоону сунуштайбыз:

"Социалдык фонддун, салык инспекциясынын органдары, башка мамле-

кеттик органдар жана мекемелер акысыз негизде суроо-талап алынган күн-

дөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен координаторго маалымат

берүүгө милдеттүү. Аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бер-

беген жана/же өз убагында бербеген учурларда Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".

2. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүү-

лөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

зам долбоору боюнча.

Долбоордун 1-беренесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмунда баян-

далышы максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

"1-статья.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 10, 442-статья.)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:".

Аталган Кодекстин 46-беренесинин 1-пунктунда шектүү, айыпталуучу

же соттолуп жаткан адам каалаган учурда кылмыш-жазык иши боюнча жактоо-

чунун сөзсүз катышуу маселеси жөнгө салынганын эске алып жана Кыргыз

Республикасынын Конституциясынын ар бир адам квалификациялуу юридикалык

жардам алууга укугу бар экендиги жөнүндө 40-беренесине ылайык Кыргыз

Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексинин 46-беренесинен аталган

пунктту алып салуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.

Долбоордун 1-беренесинин акыркы абзацын төмөнкүдөй редакцияда ба-

яндоону сунуштайбыз:

"- 95-берененин биринчи бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөрү

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Шектүүгө протокол жактоочунун катышуусунда жарыяланат, мында ушул

Кодекстин 40-беренесинде каралгандай ага укугу түшүндүрүлөт. Кармоо

протоколуна аны түзгөн, кармалган жана анын жактоочу тарабынан кол кою-

лат.".

Ошондой эле бардык сунушталган толуктоолорду аларды хронологиялык

тартипте баяндоо менен долбоордун 1-беренесинин өзүнчө пункттары түрүн-

дө тариздөөнү сунуштайбыз.

Азыркы учурда "Адвокаттын эмгек акысын республикалык бюджеттин ка-

ражатынын эсебинен төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-майындагы № 306 токтомуна ылайык мам-

лекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардам иштери боюнча адвокат-

тардын эмгек акысына төлөө үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Юсти-

ция министрлигинин бюджетинде каражат каралат. Учурдагы жылы "Кыргыз

Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына ылайык аталган максаттар үчүн 4713, 0 мињ сом

суммасында каражат каралган.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эсебине ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүнө ашыруу үчүн сом суммасындагы ак-

ча каражаты талап кылынат. Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун

жоболорун иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл акча каражаты 2009-жылга бюджет-

тин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эске алы-

нат. Ушуга байланыштуу 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүү мөө-

нөтүн белгилөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-

боорун кабыл алса болот деп эсептейт.
