# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №229 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №229 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12760/edition/328262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №229 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому (16.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59092

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-майы № 229

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун

ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республика-

сынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрация-

лык жоопкерчилик жөнүндөкодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-атка-

руу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү

соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыл-

мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды

камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жа-

на ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын

Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз

Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-августундагы № 91 Мый-

замына ылайык, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарын андан

ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу

тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы №

631токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-

гинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин

эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1 бөлүмдүн бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Айыпталуучуларга карата бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо

колдонулганда аларды камакта кармоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республика-

сынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте судьянын (сот-

тун) чыгарылган токтому (аныктамасы) эсептелет.";

- бөлүмдөрдүн аталыштарындагы "1, 2, 3, 4-24" деген цифралар тие-

шелүү түрдө "I, II, III, IV-XXIV" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 1-главанын алтынчы бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;

- III главада:

- үчүнчү бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген

тартипте судьянын (соттун) бөгөт коюу чарасы катарында камакта алууну

тандоо тууралуу чыгарылган токтому (аныктамасы).";

он төртүнчү бөлүктүн сегизинчи абзацындагы "өлүм жазасына" деген

сөздөр "өмүр бою эркиндигинен ажыратууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- VII главанын бешинчи бөлүгүндөгү "Тизмеде көрсөтүлгөн нормаларга

(№ 3 тиркеме)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

аныкталган нормаларга (№ 3 тиркеме)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- XVII главада:

биринчи бөлүктөгү "өлүм жазасына өкүм кылынгандар" деген сөздөр

"өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор" деген сөздөргө алмашты-

рылсын; "менен ооруган" деген сөздөрдөн кийин "медицина кызматкеринин

көрсөтмөсү боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу бөлүк менен толукталсын:

"ВИЧ/СПИДцин таркалышынын алдын алуу максатында Кыргыз Республика-

сынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

министрлиги менен макулдашылган чечими боюнча бањгиликтин жана

ВИЧ/СПИДдин алдын алуу жана дарылоо боюнча тергөө изоляторунда ар кан-

дай дарылоо-алдын алуу программалары ишке ашырылышы мүмкүн:

- маалыматтык-билим берүү;

- опиоиддик алмаштыруучу терапия;

- бањгизаттарды ийне аркылуу кабыл алгандардын арасында шприцтерди

жана ийнелерди алмаштыруу.

Ушундай программаларды ишке ашыруунун тартиби жана шарты Кыргыз

Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасы-

нын Бањгизатка контролдук агенттиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.";

- XIX главада:

жетинчи бөлүк "иши" деген сөздөн кийин ", ордер-тапшырмасы \*\*\*"

деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы "в" пункту менен толукталсын:

"в) адвокат (адвокаттар тобу) менен - Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык айыпталуучу, соттолгон же анын кызыкчылыктарын корго-

гон жак менен түзүлгөн юридикалык жардам берүү жөнүндө келишимдин кө-

чүрмөсүн көрсөткөн учурда.";

эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"\*\*\* камакта кармалган айыпталуучу же соттолгондун тарабында кыл-

мыш-жаза ишине адвокаттын (жактоочунун) катышуусун ырастоочу документ-

тер, ошондой эле адвокаттын (жактоочунун) инсандыгын күбөлөндүргөн до-

кументтин көчүрмөсү айыпталуучунун же соттолгондун өздүк ишине тирке-

лет. Мындан тышкары өздүк иште адвокаттын (жактоочунун) өзү жактап жат-

кан адам менен жолугушууларынын саны жана узактыгы жөнүндө маалымат

топтолот";

- XXI главанын аталышы "берүү" деген сөздөн кийин "айыпталуучу жа-

на" деген сөздөр менен толукталсын;

- тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерине № 3 тиркеме-

нин аталышындагы "тизмеси" деген сөз "болжолдуу тизмеси" деген сөздөргө

алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-

лүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
