# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №228 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №228 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59091>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12759/edition/1142268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59091.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №228 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу"токтому (16.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59091

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-майы № 228

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык

бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын

аткаруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу

2008-жылы бюджетти сапаттуу аткаруу максатында Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитети жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жер-

гиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга рес-

публикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган

салыктык жана башка төлөмдөрдүн бюджеттин кирешесине түшүүсүн камсыз-

дашсын.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- бюджеттик мекемелер жана чарбакер субъекттер, бардык дењгээлдер-

деги мамлекеттик администрациялар тарабынан максаттуу багыты боюнча

пайдаланылбаган бюджеттик каражаттар тийиштүү бюджеттерге төлөтүп алы-

нууга тийиш;

- эгер карыз каражаттарды кайра төлөө боюнча кредиттик документ-

тердин шарттарында башкача каралбаса, кайтарымдык негизде берилген бюд-

жеттик каражаттарды өз убагында кайтарбагандык, ошондой эле аларды пай-

далангандык үчүн пайыздарды төлөөнү кечиктирүү мамлекеттик колдоонун

бардык формаларын кыскартууга же токтотууга, Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын колдонуудагы эсептик ченинин эки эсе өлчөмүндө айып

салууга негиз болот;

- ишканаларга, уюмдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-

га жана мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берил-

ген бюджеттик ссудаларды, кредиттерди кайтаруу, ошондой эле ал каражат-

тарды пайдалангандык үчүн акы төлөө бюджетке болгон төлөмдөргө тењешти-

рилет жана биринчи кезекте ишке ашырылат.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары:

- эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр берүүчү программалык кредит-

терди алуу жөнүндө макулдашууларда каралган шарттардын аткарылышы үчүн

катуу контролдукту, жетекчилердин жеке жоопкерчилигин жана ай сайын от-

чет берип турууларын белгилешсин;

- жылуулук жана электр энергияларынын 2008-жылга белгиленген лими-

тин бекем сакташсын. Лимиттен ашкан учурда бюджеттик уюмдардын жетекчи-

лерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрация-

лык таасир берүүчү чаралар көрүлөт;

- эмгек акы боюнча 2008-жылга белгиленген лимитти бекем сакташсын,

эмгек акы төлөө фондунун лимитинен ашкандык үчүн бюджеттик мекемелердин

жетекчилерине карата жеке жоопкерчиликтерди аныкташсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу автотранс-

порт каражаттарынын санынын жана аларды кармоого чыгымдардын нормалары-

нын лимитин катуу сакташсын;

- чыгымдардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчиликти

жогорулатышсын;

- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн кара-

жаттарды максаттуу жана өз убагында пайдаланууну камсыздашсын;

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна кирешелерди азайтуу же

чыгымдарды көбөйтүүнү караган өзгөртүүлөр киргизилген учурда финансылык

ажырымды жабуучу альтернативалык булактарды көрсөтүшсүн.

4. Бардык дењгээлдердеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-

дын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергилик-

түү бюджеттердин 2007-жылы толук каржыланбай калган айрым топтор боюнча

сарптоолорун алардын 2008-жылга бюджеттеринде каралган ассигнованиелер-

дин эсебинен жана чектеринде компенсациялашсын. Коммуналдык кызматтар

жана жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыктары үчүн карыздын өз

убагында жоюлушуна контроль белгилешсин.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюд-

жети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген көрсөт-

күчтөргө ылайык дивиденддер, менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктү

ижарага берүүдөн ижара акысы боюнча түшүүлөрдү камсыздасын.

6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюдже-

ти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бекитилген акциздик

салыктын түшүүлөрүн камсыздоо максатында ликер-арак продукция өндүрүшү-

нүн көлөмүн 1,5 млн. дал өлчөмүндө камсыздасын.

7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Өзгөчө кырдаалдарды

жоюу фондуна 2008-жылы негизги мамлекеттик программалар жана иш-чаралар

боюнча түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө буйруктун долбоорун бир

жумалык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 1996-жылдан баштап

алынган бюджеттик ссудаларды жоюуга каралган суммаларды "Кыргыз Респуб-

ликасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамы менен бекитилген чектерде которууну камсыздасын.

9. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары:

- 2008-жылга кошумча каражат бөлүү жөнүндө өтүнүч кат менен Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө кайрылууга тыюу салышсын;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө-

гү мекемелерин кошпогондо атайын каражаттарды Казыналык системасын чет-

теп өтүп пайдаланууга тыюу салышсын. Бул тартип бузулса атайын каражат-

тын 50 пайызы тийиштүү дењгээлдеги бюджеттин кирешесине алынат;

- жергиликтүү бюджеттердин 2008-жылга карата бюджеттик классифика-

циянын: эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна взностор,

медикаменттер, тамактануу, стипендиялар жана башка социалдык төлөмдөр

сыяктуу элементтеринин жана беренелеринин чыгымдарын биринчи кезекте

каржылашсын. Бюджеттик классификациянын ушул беренелерин жана элемент-

терин каржылоо өз учурунда жана толук болушу үчүн жоопкерчилик тиешелүү

министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине жүктөлсүн;

- Чүй, Ысыккөл облустары жана Бишкек шаары боюнча жергиликтүү бюд-

жеттен республикалык бюджетке өткөрүп берилүүчү каражаттарды которууну

камсыздашсын.

10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү мамле-

кеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

менен бирдикте төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-

дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16 жана 17-беренелери менен бел-

гиленген сарптоолордун артыкчылыктуу багыттарын каржылоого жумшалчу ка-

тегориялык гранттарды максаттуу пайдаланууну жана бюджеттик камсыз бо-

лууну тењештирүү максатында тењдөөчү гранттарды натыйжалуу пайдалануу-

ну;

- мамлекеттик жана муниципалдык менчик болуп эсептелбеген чарбакер

субъекттердин балансында турган обьекттердин курулушун жана реконструк-

циясын каржылоого тыюу салсын;

- республикалык бюджетте эмгек акыга, Кыргыз Республикасынын Соци-

алдык фондуна которууларга, медикаменттерге, тамактанууга, пособиелер-

ге, стипендияларга, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кото-

рууларга, ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер жана баалуу

кагаздар боюнча каралган сарптоолордун өз убагында жана толук каржыла-

нышын камсыздоочу чараларды көрсүн;

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жүрүшү жө-

нүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын маалымат берүүнү.

11. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- коомдук уюмдарды жана чыгармачыл союздарды, өздүк көркөм чыгармачылык

коллективдерин (элдик, музыкалык, драмалык жана башка театрларды) кар-

жылоо өздүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылары;

- сот органдарынын чечимдерине жараша жеке адамдардын аткаруу ба-

ракчалары боюнча төлөөлөр тийиштүү министрликтердин жана ведомстволор-

дун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууга тийиш экендиги;

- сот органдарынын чечимдерине жараша аткаруу баракчалары боюнча

төлөөлөр республикалык бюджеттин каражатынан кезектүүлүк тартибинде

жүргүзүлүүгө тийиш экендиги;

- учурдагы жылда кабыл алынган мыйзамдык жана нормативдик актылар

боюнча кошумча финансылык ресурсту талап кылган сарптоолор кийинки жыл-

дын бюджетинде каралат.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыр-

гыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
