Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 16-майы № 227
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоо-
рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомостто-
ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-
гизилсин:
1. 5-статьяда:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын ай-
магында түзүлүп жаткан" деген сөздөрдөн кийин "саясий партияларды, мам-
лекеттик бийликтин борбордук органдарын" деген сөздөр менен толуктал-
сын;
- биринчи бөлүктүн сегизинчи абзацы алып салынсын.
2. 6-статьяда:
- биринчи бөлүктөгү "жана каттала турган юридикалык жактын жайгаш-
кан жерин ырастоочу документти" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи бөлүк алып салынсын.
3. 13-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "мамлекеттик каттоо жөнүндөгү
жана башка" деген сөздөр алып салынсын.
4. 14-статьянын төртүнчү бөлүгү алып салынсын.
5. 15-статьяда:
- биринчи бөлүктүн 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "фирмалык" деген
сөз алып салынсын;
- биринчи бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацындагы "статусу (коом-
дук бирикмелер үчүн)," деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи бөлүктүн бешинчи абзацындагы "юридикалык жактын стат-кар-
точкасы," деген сөздөр алып салынсын.
6. 17-статьяда:
- үчүнчү бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточ-
каларды" деген сөздөр алып салынсын;
- жетинчи бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "жана статистикалык кар-
точканын" деген сөздөр алып салынсын.
7. 18-статьяда:
- экинчи бөлүктүн үчүнчү абзацы алып салынсын;
- төртүнчү бөлүктүн экинчи абзацындагы ", статистикалык картанын"
деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "жана статистикалык карточ-
касынын" деген сөздөр алып салынсын.
8. 21-статьянын 2-пунктундагы "бул Мыйзамдын 18-статьясынын талап-
тарын аткарган шартта" деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О государственной регистрации юридических лицЗакон · 12.07.1996 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон