# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №224 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №224 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12755/edition/328257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы №224 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59087

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-майы № 224

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-

нистри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-

йындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын шаар куруу

жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-статья.

"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж.,

№ 3, 85-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура жана курулуш бо-

юнча мамлекеттик орган тарабынан башкарылууга жана контролдонууга ти-

йиш.

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын аймактык

бөлүнүштөрүнүн ишин координациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандары тарабынан жүргүзүлөт.".

2. 36-статьянын 1-пунктундагы: "15 күндүн ичинде" деген цифра жана

сөздөр "10 күндүн ичинде" деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"39-статья. Курулуш ниеттерин ишке ашыруу тартиби

1. Козголбос мүлк обьекттерин куруу жана башка курулуштук

өзгөртүүлөрдү жүргүзүү укугуна жер участокторуна жана башка козголбос

мүлк обьекттерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамга ылайык

белгилечү тартипте менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз

пайдалануу укугу бар жеке жактар жана юридикалык жактар ээ.

2. Жарандар өзүмдүк турак үй курууга алышкан жер участокторуна ку-

рулуш куруу "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

3. Ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилечү тар-

типти бузуу менен обьекттерди курууга жол берилбейт".

4. 41-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"41-статья. Курулуш объекттерин пайдаланууга кабыл алуу

Курулган обьект Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым

укуктуу орган кабыл алгандан кийин эксплуатацияга киргизилет.

Объектти пайдаланууга кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү бекитүүчү жобо менен аныкталат.

Курулуш объектилерин кабыл алынмайынча эксплуатациялоого жол бе-

рилбейт.

Объектти кабыл алуу актысы козголбос объектке укукту мамлекеттик

каттоо үчүн негиз болот".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти
