Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 14-майы № 223
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты С.К.Кадырали-
ев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду
жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 14-майындагы
№ 223 токтомуна
тиркеме
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин депутаты С.К.Кадыралиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-
публикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-
боорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статья-
сынын 3-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-статьясын жетекчиликке
алып төмөнкүдөй эскертүүлөрдү көњүлгө алуу менен аны кабыл алууга болот
деп эсептейт:
7-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктал-
сын:
"- ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте берилген лицен-
зиялардын колдонулушун убактылуу токтотот, жањыртат, кайра сурап алат
жана жокко чыгарат;".
8-статьянын 3-пунктунун "а)", "б)" пунктчалары төмөнкүдөй мазмун-
дагы абзац менен толукталсын:
"- салык төлөөчүгө жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүгө иден-
тификациялык код ыйгарууну ырастоочу документтердин көчүрмөсү;".
11-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы "бузуулар" деген сөздөн ки-
йин "анын ичинде акы төлөбөөгө же тиешелүү салыктарды өз учурунда
төлөбөөгө байланыштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
13-статьяда:
- 5-пункт 3-пункт деп эсептелсин;
- 3 жана 4-пункттар тиешелүү түрдө 4 жана 5-пункттар деп эсептел-
син;
- 3-пункттагы "Казино" деген сөз "Оюн-зоок жайы" деген сөздөргө
алмаштырылсын.
16-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын 2004-жылдын 26-июлундагы № 95 Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 219 Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кир-
гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
17-статьянын 1-пункту "күчүнө" деген сөздөн мурда "үч айдан кийин"
деген сөздөр менен толукталсын.
Мындан тышкары мыйзам долбоордун 13-статьясы менен Кыргыз Респуб-
ликасынын айрым администрациялык-аймактык бирдиктеринин аймактарындагы
калктуу конуштарда квоталар белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2006-жылдын 12-ма-
йындагы чечими менен ушундай эле квоталар аныкталган "Кыргыз Республи-
касындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
11-статьясынын 4 жана 5-пункттары конституциялык эмес жана Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 3-пунктуна, 21-статьясынын
1-пунктуна жана 22-статьясынын 1-пунктуна карама каршы деп таанылган.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясында жарандардын
жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон норматив-
дик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкерликти жөнгө салуу-
чу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору укук жаратуучу органдын
расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу жалпы талкуулоо үчүн милдеттүү
түрдө жарыяланышы керек экендиги белгиленген. Укук жаратуучу органдын
чечими боюнча укук жаратуучу органдын расмий сайты жок болгон учурда,
ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда нормативдик укуктук актылар
жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Келип түшкөн сунуштар жана
эскертүүлөр укук жаратуучу органдар тарабынан долбоорлорду толуктап иш-
теп чыгууда кайра каралууга тийиш.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык мамле-
кеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун рас-
мий документтери, нормативдик укуктук актылары жана башка чечимдери
мамлекеттик тилде кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган учурда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Конституциялык сотунун 2006-жылдын 12-майындагы («Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын 11-статьясынын 4 жана 5-пункттарын Конституцияга ылайык эмес жана…Решение · 12.05.2006
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Об игорной деятельности в Кыргызской РеспубликеЗакон · 26.07.2004 · № 95 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгјртіілјр киргизіі тууралууЗакон · 28.12.2006 · № 219 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон