# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12753/edition/923741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майы № 222 "Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59085

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна ылайык 2020-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 14-майы № 222

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички

иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы

башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республика-

сынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрация-

лык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык ат-

каруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө

", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыл-

мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды

камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", ""Мунапыс берүүнүн жа-

на ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын

Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз

Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү569 жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын {\*Мыйзамынын 11-статьясына ылайык, Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 токтому

менен бекитилген Пенитенциардык системаны реформалоонун 2010-жылга че-

йинки "ҮМҮТ" улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жазык-аткаруу инспекциясынын функциялары Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына

өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-

публикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалы-

гы тиешелүү документтерди өткөрүүнү-кабыл алууну ишке ашырышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкерлеринин

штаттык санынын нормативи ал инспекцияда эсепте турган соттолгондордун

жылдык орточо санынын 2 проценти өлчөмүндө белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын штаттык саны 100 бирдикке көбөйтүлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- 2008-жылдын 30-майына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын структурасында жа-

зык-аткаруу инспекциясын түзсүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция минист-

рлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын борбордук аппаратын

жана мекемелерин өзгөртүп түзүүнү ишке ашырсын жана көрсөтүлгөн подраз-

делениелердин өздүк курамына боло турган өзгөртүп түзүү жөнүндө Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык эскертсин;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү норматив-

дик укуктук актылары чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу

инспекциясынын ишинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

нормативдик укуктук актыларын колдонсун;

- ушул токтомдун 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн тийиштүү чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына ушул токтомдон

келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам

долбоорун үч айлык мөөнөттүн ичинде белгиленген тартипте киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын штаттык саны көбөйгөнүнө байланыштуу керектүү ас-

сигнованиелерди бөлүүнү караштырсын;

- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

даярдоодо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды атка-

руу башкы башкармалыгын кошумча каржылоону эске алсын.

7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жазык аткаруу ин-

спекцияларын башка органдарга жана мекемелерге жайгаштыруу маселеси че-

чилгенге чейин аларга ички иштер органдарынын аймактык башкармаларынын

жана бөлүмдөрүнүн имараттарынан жай берсин.

8. Бишкек шаардык Кењешине Бишкек шаары, Фучик көчөсү,18 дарегинде

жайгашкан жатакананын 3 жана 4-кабаттарындагы жайларды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын балансына акысыз өткөрүп берүү маселесин кароо

сунушталсын.

9. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкар-

малыгынын жазык-аткаруу инспекциясынын аймактык подразделениелерин жай-

гаштыруу үчүн кызматтык жайларды берүү мүмкүндүгүн караштырышсын.

10. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-

домстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош

шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулары, аткаруу бийлигинин

башка органдары:

- өздөрүнүн нормативдик актыларын ушул токтомго ылайык келтириш-

син;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясынын түзүлүшүнө жана иши-

нин уюштурулушуна жардам көрсөтүшсүн.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
