Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган Террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик уюмдарга тиешеси бар адамдардын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарына кирүү каналдарын аныктоо жана жабуу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 14-майы № 220
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган
Террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик уюмдарга
тиешеси бар адамдардын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө
мамлекеттердин аймактарына кирүү каналдарын аныктоо
жана жабуу тармагында кызматташуу жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган Террористтик,
сепаратисттик жана экстремисттик уюмдарга тиешеси бар адамдардын Шанхай
кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарына кирүү каналдарын
аныктоо жана жабуу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун15-статьясынын 1-пунктуна ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган Террорист-
тик, сепаратисттик жана экстремисттик уюмдарга тиешеси бар адамдардын
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарына кирүү канал-
дарын аныктоо жана жабуу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооружактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети-
нин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү бо-
лууга дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
@1
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган
Террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик уюмдарга
тиешеси бар адамдардын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө
мамлекеттердин аймактарына кирүү каналдарын аныктоо
жана жабуу тармагында кызматташуу жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-статья.
2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган Террористтик,
сепаратисттик жана экстремисттик уюмдарга тиешеси бар адамдардын Шанхай
кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарына кирүү каналдарын
аныктоо жана жабуу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратифика-
циялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык
уюмунун Секретариатына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө
кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө
кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Соглашение о сотрудничестве в области выявления и перекрытия каналов проникновения на территории государств-членов Шанхайской организации сотрудничества лиц, причастных к…Соглашение · 15.06.2006
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон