# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы №219 "Курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы №219 "Курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59082>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12750/edition/328252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59082.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы №219 "Курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө"токтому (14.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59082

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 14-майы № 219

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасын

өнүктүрүү үчүн "Түштүк курулуш материалдар комбинаты"

жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун

убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6, 384-статьяла-

рына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5, 20

жана 32-статьяларына ылайык, курулуш материалдарын өнөржайлык чыгарууну

өнүктүрүүгө тике инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-

миссия менен макулдашылган, жалпы аянты 2,70 га жер участогун, анын

ичинен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 1,88 га сугат ай-

доосун жана Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анаров айылдык кењеши-

нин 0,82 га жайытын курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасын

өнүктүрүү үчүн "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги

чектелген коомуна ижара келишими шартында 49 жылдык мөөнөт менен убак-

тылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-

гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана

башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-

юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-

нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана

алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Түштүк ку-

рулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн;

"Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген ко-

омунун жер участокторго жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2

(эки) коэффициентти колдонуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-

йык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анаров

айыл өкмөтүнүн башчысы менен ижара келишимин түзүүсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
