# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №216 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык кенешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №216 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык кенешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12747/edition/328248/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59079.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №216 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык кенешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому (13.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59079

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-майы № 216

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы

Шарк айылдык кенешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл

чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу

конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк

айылдык кењешинин аймагында жайгашкан айылдардын тургундарынын социал-

дык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин

4, 20, 81-статьяларына, 68-статьясынын 4-пунктуна, Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен

бекитилген Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн

башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобого ылайык,

жана жеке менчигинде жер үлүштөрү бар, Кыргыз Республикасынын жарандарынын

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен ага барабар

башка жер үлүштөрүн алууга макулдугун эске алуу менен Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-

миссия менен макулдашылган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Айыл чарба

жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 61,57 га жерин, анын ичинде, 35,67

га сугат айдоосун, 25,9 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерин (ушул

токтомдун 2-пунктунун 2 абзацында көрсөтүлгөн жерлерди эске алуу менен)

калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү жана Кара-Суу районунун Шарк

айылдык кењешиндеги Фуркат айылында орто мектеп куруу үчүн "Айыл чарба

багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" кате-

гориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун мамле-

кеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына:

А.Рахмановго - 0,69 га; И.Рахмановго - 0,53 га; М.Рахмановго - 0,35 га

жеке менчик укугунда таандык жалпы аянты 1,57 га жер үлүштөрүн Кара-Суу

районунун Шарк айылдык кењешинин аймагында жайгашкан Айыл чарба жерле-

рин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине белгиленген тартипте алмаштыру-

уну жүргүзсүн.

3. Кара-Суу райондук кењеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк

айылдык кењешинин калктуу конуштарынын чегараларын бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта

жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен

камсыз кылууну эске алып, шаар куруу документтерин иштеп чыксын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
