# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №212 "Социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №212 "Социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59075>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12744/edition/328245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59075.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы №212 "Социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө"токтому (13.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59075

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-майы № 212

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү куруу

үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн

шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн шаарынын тургундарынын

социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер ко-

дексинин 4 жана 20-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Жерлерди бир

категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун

(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-

миссия менен макулдашылган, Ош облусундагы Өзгөн районунун Айыл чарба

жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 9,0 га сугат жерин мамлекеттик мен-

чикте калтыруу менен социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү

куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу ко-

нуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта

зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кы-

лууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
