Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-майы № 212
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү куруу
үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн
шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн шаарынын тургундарынын
социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер ко-
дексинин 4 жана 20-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Жерлерди бир
категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун
(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-
миссия менен макулдашылган, Ош облусундагы Өзгөн районунун Айыл чарба
жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 9,0 га сугат жерин мамлекеттик мен-
чикте калтыруу менен социалдык объекттерди жана көп квартиралуу үйлөрдү
куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу ко-
нуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-
сы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта
зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кы-
лууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон