Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 сентября 2009 года №588 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О недрах", одобренного постановлением Правительства Кыргызской Республики от 8 мая 2008 года № 210 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О недрах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-09-17.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы N 588 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 8-майы № 210
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору тууралуу
Жер казынасын пайдалануу маселелерин мамлекеттик жөнгө салууну
өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору
жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул Мыйзам дол-
боорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жер казынасы жөнүндө
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Жер казынасына менчик укугу жана жер казынасын
пайдалануудапы ыйгарым укуктар
III бөлүм. Жер казынасынын участокторун пайдаланууга берүү
IV бөлүм. Жер казынасын пайдалануучулар менен жердин укуктуу
ээлеринин ортосундагы мамилелер
V бөлүм. Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик жөнгө салуу
VI бөлүм. Жер казынасын пайдалануучу объектилерди мамлекеттик
эсепке алуу жана пайдалуу кендердин корлорун
мамлекеттик экспертизалоо
VII бөлүм. Мамлекеттик геологиялык фонд
VIII бөлүм. Жер казынасын пайдалануудагы салыктар жана төлөмдөр
IX бөлүм. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш-
тартыштарды чечүү жана жер казынасы жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн
жоопкерчилик
X бөлүм. Корутунду жоболор
Жер казынасы топурак кыртышынан жана көлмөлөрдүн түбүнөн төмөн
жаткан, геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү үчүн мүмкүн болгон те-
рењдикке чейин созулган жер катмарынын бир бөлүгү болуп саналат.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын изилдөө,
пайдалануу жана коргоо процесстеринде пайда болгон мамилелерди жөнгө
салат.
Мыйзам жер казынасын комплекстүү, сарамжалдуу пайдалануунун жана
коргоонун укуктук жана экономикалык негиздерин камтыйт, мамлекеттин жа-
на Кыргыз Республикасынын жарандарынын таламдарын, ошондой эле жер ка-
зынасын пайдалануучулардын укуктарын коргоону камсыз кылат.
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы (мындан ары
- Мыйзам) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер казынасын пайдалануу
тартибине байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жер казынасын пайдалану-
удагы негиздерди жана шарттарды, ыйгарым укуктуу органдардын ыйгарым
укуктарын, жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын пайдаланууда-
гы укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Жер казынасын концессия боюнча пайдаланууга берүүдө келип чыгуучу
мамилелер жана продукциялар бөлүмү жөнүндө макулдашуулар Кыргыз Респуб-
ликасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Жер казынасын пайдаланууда келип чыгуучу жер, суу, токой мамилеле-
ри, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелер, ишкердиктин түрлөрү жана
жер казынасын пайдаланууда келип чыгуучу башка мамилелер ушул Мыйзамдын
чегинде жөнгө салынбаса Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдык акты-
лары менен жөнгө салынат.
2-берене. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук
негиздер
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук негиздерди Кыргыз
Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын
башка нормативдик укуктук актылары түзөт.
Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча ушул Мыйзамдын ченемде-
ри менен Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын
ченемдеринин ортосунда карама-каршылыктар пайда болсо ушул Мыйзамдын
ченемдери колдонулат.
3-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана
терминдер
Баланстык корлор - мамлекеттик баланска коюлган минералдык сырь-
енун корлору.
Бонус - пайдалуу кен чыкчу жерлерди иштетүү максатында аны пайда-
лануу укугун бергендиги үчүн жер казынасынын ресурстарынын ээсине (мам-
лекетке) бир жолку төлөнүүчү төлөм.
Өз калыбына келүүчү пайдалуу кендер чыккан жерлер - өзөндөрдүн
нуктарында учурдагы суу агымдары менен, аларды колдонуп жатканына кара-
бастан, өз калыбына келип туруучу кум жана кум-шагыл чыккан жерлер.
Жер укугунун ээлери - Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында
аныкталган жер участогун бөлүп берүү укугу ыйгарылган органдар, ошондой
эле жер участокторунун ээлери.
Ылгап иштетүү - жер казынасынан минералдык сырьенун кыйла өнүмдүү
корлорун техникалык долбоордун нормаларын бузуу менен жер казынасында
калган корлордун өнөр жайлык баалуулугун жоготуп ылгап казып алуу.
Геологиялык корлор - экономикалык баа албаган минералдык сырьенун
чалгындалган запастары.
Геологиялык маалымат ресурстары - геологиялык жана жер казынасы
жөнүндө геологиялык фонддордогу бөлөк маалыматтарды жана жер казынасы
жөнүндө башка маалыматтарды камтыган, ошондой эле аларды пайдалануу ме-
нен түзүлгөн маалыматтык продуктылардын айрым документтери жана доку-
менттердин топтому.
Жер казынасын геологиялык изилдөө - пайдалуу кен чыккан жерлерди
геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо этаптарын кошо алганда
изилдөөнүн, алардын корлорундагы минералдык сырьелордун санын жана са-
патын экономикалык баалоо менен аныктоонун, ошондой эле жер казынасынын
геологиялык түзүлүшүн изилдөөнүн же айрым геологиялык пайда болуулардын
пайдалуу кендер чыккан жерлерди түздөн-түз иштетүү менен байланышпаган
изилдөө иштеринин комплекси."
Геологиялык издөө иштери (пайдалуу кен чыкчу жерлерди издөө) -
пайдалуу кен чыкчу жерлерди табуудагы аймактык жана толук, ошондой эле
издөө-баалоо стадияларын камтуучу, алардын божомолдуу ресурсун баалоо
жана ал жерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн ылайыктуулугуна
багытталган геологиялык изилдөөлөр комплекси.
Геологиялык чалгындоо иштери (пайдалуу кен чыккан жерлерди геоло-
гиялык чалгындоо) - пайдалуу кен чыккан жерлерди алдын ала жана толук
чалгындоо стадияларын камтуучу, кен чыккан жерлерди толук изилдөөнү жа-
на пайдалуу кендердин корлорун эсептөө менен геологиялык, тоо-кен-тех-
никалык жана башка иштетүүнүн шарттарын, анын технологиялык касиетте-
рин, минералдык сырьенун сапатын аныктоо менен өнөр жайлык өздөштүрүүгө
даярдыгын камсыз кылуучу геологиялык изилдөөлөр комплекси.
Геологиялык бөлүк - пайдалуу кендер чыккан жерлерди чалгындоо же
издөө үчүн берилүүчү жана графикалык документтерде анын бурчтарынын че-
киттери тик бурчтуу координаталарда тартылуучу жер казынасынын бөлүгү.
Тоо-кен бөлүгү - пайдалуу кендер чыккан жерлерди өнөр жайлык иш-
тетүү үчүн жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпа-
ган объекттерди жер астында жайгаштыруу үчүн берилүүчү жана графикалык
документтерде анын бурчтарынын чекиттери тик бурчтуу үч өлчөмдүү коор-
динаталарда тартылуучу жер казынасынын бөлүгү.
Тоо-кен мүлкү - тоо-кен бөлүгүнүн чектеринде жайгашкан кен чыккан
жерлерден бөлүп алгыс, анын ичинде тоо-кен иштеп чыгуулар, скважиналар,
технологиялык кирүүчү жолдор, өнөр-жайлык аянтчалар, кендер жана кен
тектери кампалары ж.б., тоо-кендерин казып чыгаруучу ишканалардын өз
алдынча мүлкү.
Баланстагы эмес (потенциалдык экономикалык) корлор - учурдагы
нарктын жана техникалык жетишилген дењгээлде жер казынасынан чыгаруу
жана товардык продукцияга кайра иштетүү жер казынасын пайдалануучулар
үчүн экономикалык жактан максатка ылайыксыз, бирок баанын жогорулашы
менен жањы технологияларды пайдалануу же өркүндөтүү менен баланстык
(экономикалык) корлор категориясына өтүшү мүмкүн болгон минералдык
сырьенун корлору.
Жер бөлүгү - жер казынасын пайдалануучуларга геологиялык чалгындоо
жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн берилген жана графикалык документтерде
анын бурчтарынын чекиттери тик бурчтуу координаталарда тартылуучу жер-
дин үстүнкү катмарынын бөлүгү.
Консервация - негизги тоо казмаларын жана курулуштарды эксплуата-
циялоо абалына келтирүү мүмкүнчүлүгүн сактоо менен, зарылчылык болгон-
до, тоо-кен жана аны менен байланышкан иштердин убактылуу токтотулушу.
Лицензиат - жер казынасын пайдаланууга лицензиянын ээси.
Лицензиар (лицензия берүүчү орган) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жер казынасын пайдаланууга лицензияларды берүү укугун берген жер казы-
насын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Жер казынасын пайдаланууга лицензия - ушул Мыйзамга ылайык жер ка-
зынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан
берилген жер казынасынын бөлүгүн пайдаланууга укук берүүчү документ.
Лицензиялык аянт - лицензиаттын жер казынасын пайдалануу укугу жа-
йылтылган тик бурчтуу координаталар менен белгиленген аймак.
Лицензиялык объект - пайдалуу кендер чыккан жерлер орун алган жай-
ларына же пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астында
жайгашкан объекттерге туура келген, анын бурчтарынын чекиттери тик
бурчтуу координаталарда белгиленген аймак.
Лицензиялык жыйымдар - лицензияга ээ болуу мөөнөтүнө (жылына), жер
казынасын өздөштүрүү стадиясына жана лицензиялык объекттин аянтына жа-
раша жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасын пайдаланууга
лицензияга ээлик кылгандыгы үчүн (лицензияны кармоо) жыл сайын
төлөнүүчү акы.
Жер казынасын пайдаланууга лицензиялык макулдашуу - лицензиардын
жана лицензиаттын ортосунда жер казынасын пайдалануунун шарттары
жөнүндөгү, анын жер казынасындагы бөлүктөрдөгү пайдалуу кендердин эсеп-
ке алынган корлорунун саны жана сапаты жөнүндө маалыматтар, пайдалуу
кендерди казуунун эсебинин көлөмү, жер казынасындагы кендерди пайдала-
нуу үчүн салыктардын төлөнүшү, лицензиялык жыйымдар жана жаратылыш
чөйрөсүнүн коопсуздугу жана коргоо боюнча иш-чараларды камтыган кели-
шим. Лицензиялык макулдашуу жер казынасын пайдаланууга лицензиянын ажы-
рагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Тоо-кен казмаларын, скважиналарды жана башка жер астындагы курулу-
маларды жоюу - имараттардын жана курулумалардын сакталышын, курчап тур-
ган жаратылыш чөйрөсүн коргоону, калктын саламаттыгынын жана жашоосунун
коопсуздугун камсыз кылуучу жана жер астындагы, үстүндөгү тоо-кен каз-
маларын андан ары колдонуу мүмкүнчүлүгүн алып салуучу чараларды мил-
деттүү түрдө иш жүзүнө ашырууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
Пайдалуу кендер чыккан жерлер (кен чыккан жерлер) - геологиялык
жактан изилденген жана экономикалык жактан бааланган жер казынасындагы
минералдык түзүлүштөрдүн табигый чогундулары, анын ичинде өнөр жайлык
технологиялардын жетишкен дењгээлинде жана учурдагы бааларда өздөштүрүү
экономикалык максатка ылайыктуу болгон жер астындагы суулар.
Жергиликтүү маанидеги кен чыккан жерлер - жакын жайгашкан жерги-
ликтүү керектөөчүлөрдүн гана керектөөсүн камсыз кыла алган жалпы тара-
ган пайдалуу кендер чыккан жерлер.
Жер казынасынын бүтүндүгүнүн бузуу - жер үстүндө жана астында
тоо-кен казмаларынын өткөөлү.
Жер казынасы - топурак катмарынын бетинен же төмөнкү чегинен тар-
тып, көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүнөн тартып жердин борборуна
чейинки пайдалуу кендерди жана жылуулук ресурстарды камтыган жер катма-
рынын бөлүгү.
Жер казынасын пайдалануу - пайдалуу кендерди геологиялык издөө,
чалгындоо жана казып алуу, ошондой эле пайдалуу кендерди казуу менен
байланышпаган курулумаларды куруу жана эксплуатациялоо (нефть, газ жана
башка заттарды жана материалдарды сактоо үчүн, зыяндуу заттарды көмүү
жана башка муктаждыктар үчүн).
Жалпы таралган пайдалуу кендер - курулуш иштери жана курулуш мате-
риалдарын өндүрүү үчүн колдонулуучу бузулган же табигый абалындагы
кењири таралган минералдар жана тоо-тектер.
Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдалануу объектилери -
Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн маанилүү болгон кен чыккан жер-
лер же пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган жер казынасынын баш-
ка объектилери.
Жер казынасын коргоо - пайдалуу кендерди жер казынасынан максимал-
дуу, экономикалык рентабелдүү казып алууну, ошондой эле минералдык
сырьелорду иштетүүдө пайдалуу компоненттерди алууну камсыз кылуу боюнча
чаралардын комплекси.
Пайдалуу кендер - жер казынасындагы химиялык курамы жана физикалык
касиети аларды материалдык өндүрүү чөйрөсүндө пайдаланууга мүмкүндүк
берген жана табигый түрдө же аларды кайра иштетүүдөн кийин керектелүүчү
табигый минералдык түзүлүштөр, анын ичинде көмүртек менен суутектин ко-
шундулары жана жер астындагы суулар.
Пайдалуу кендер байкалган жерлер (кен көрүнгөн жерлер) - геология-
лык жана экономикалык так бааны албаган жер казынасындагы, жер астында-
гы сууларды да кошо алганда, минералдык түзүлүштөрдүн табигый топтолу-
шу.
Жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу токтотуу - тоо-кен каз-
маларынын сакталышын, курулуштардын. курулмалардын жана жабдуулардын
адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз, бузулбаган абалда кармалышын
камсыз кылуу боюнча иштерден сырткары жер казынасындагы кендерди пайда-
лануудагы негизги өндүрүштү жана аны менен байланышкан көмөкчү иштерди
убактылуу токтотууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан протокол
же көрсөтмө түрүндө таризделген жер казынасындагы кендерди пайдалануу
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук чечими.
Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) - прото-
кол менен таризделген жер казынасындагы кендерди пайдалануу боюнча ый-
гарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук чечими.
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу
кендерди казып алуу боюнча процесстердин комплекси.
Табигый түрүнөн өзгөртүү - казып алууда тектердин кошулуусунун
эсебинен пайдалуу кендин сапатынын төмөндөшү.
Роялти - жер казынасын пайдалануучулар тарабынан казылып алынган
жана иштетилген пайдалуу кендер үчүн дайыма төлөнүп туруучу төлөмдөр.
Нормативден ашык коромжулуктар - техникалак-экономикалык негизде-
мелерде же техникалык долбоорлордо каралган регламенттердин жана/же
технологиялардын бузулушу менен пайдалуу кендерди казып алуудагы же
кайра иштетүүдөгү долбоордон ашык коромжолуктар.
Сервитут - чектеш же чектеш эмес жер, тоо-кен жана/же геологиялык
бөлүктөргө мүмкүндүк алуу укугу жана/же анын чектелиши, ал тараптардын
макулдугу боюнча чечиле тургандай (эркин) "макулдашуучу", же жер казы-
насын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусу
менен же сот тартибинде чечиле тургандай "аргасыз" (административдик)
болушу мүмкүн.
Техногендик түзүлүштөр - пайдалуу кендерди казып алуудагы же кайра
иштетүүдөгү калдыктар.
Техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) - пайдалуу кен чыккан жер-
ди өздөштүрүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун аныкташ үчүн тех-
никалык-экономикалык эсептөөлөр.
Техникалык долбоор - жер казынасындагы пайдалуу кендер чыккан жер-
лерди иштетүү же геологиялык изилдөө боюнча иштерди жүргүзүүнү натыйжа-
луу камсыз кылуучу эсептөөлөрдү, чиймелерди, макеттерди, сметаларды,
түшүндүрмө каттарды жана башка материалдарды камтыган толук аналитика-
лык жана графикалык документтердин комплекти.
Үчүнчү жактар - лицензиаттан жана лицензиярдан айырмаланган ээлик
кылуучу субъекттер катары ар кандай жактар.
Форс-мажор - өзүнө алган милдеттенмелердин тиешелүү аткарылышына
түздөн-түз кедерги болгон, мүмкүн болушунча жасалган ар түрдүү аракет-
терге карабастан, каршы тура алгыс ар кандай жагдай, кырдаал же шарт.
Аларга төмөндөгүлөр таандык: аскер чыр-чатактары, жаратылыш катастрофа-
лары, жаратылыш кырсыктары жана/же атайын ыйгарым укуктуу орган тарабы-
нан форс-мажордук катары таанылган башка жагдайлар.
Экономикалык корлор - учурдагы нарктын жана техникалык жетишилген
дењгээлде жер казынасынан казып алуу жана товардык продукцияга кайра
иштетүү жер казынасын пайдалануулар үчүн экономикалык жактан максатка
ылайыктуу болгон мамлекеттик баланска коюлган минералдык сырьенун кор-
лору.
II бөлум. Жер казынасына менчик укугу жана жер казынасын
пайдалануудагы ыйгарым укуктар
4-берене. Жер казынасына менчик укугу
Жер, анын казынасы, аба мейкиндиги, суулар, токойлор, өсүмдүк жана
жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын
менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоосунун жана
иш-аракетинин негизи катары колдонулат жана мамлекет тарабынан өзгөчө
корголууга ээ.
Ошондой эле жер жана башка жаратылыш ресурстары жеке, муниципалдык
жана менчиктин башка формаларында болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынын чектериндеги бардык
жер казынасы пайдаланылган жана пайдаланылбаган бөлүктөр менен биригип
Мамлекеттик жер казына фондун түзөт. Жер казынасынын участкалары ишкер
субъектилерге мөөнөттүү пайдалануу укугун берүү жолу менен берилиши
мүмкүн.
Жер казынасынын участкаларын пайдалануу укуктары, ушул Мыйзамда
белгиленген тартипте, жер казынасынын участогуна укук (жер казынасын
пайдаланууга лицензия) берилгенден баштап пайда болот.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењеши ушул Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алат, жер казы-
насын пайдалануу жана коргоо боюнча Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн от-
четторун угат жана иш-аракетине баа берет.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жер казына фондун ыйга-
рым укуктуу жана башка мамлекеттик органдар аркылуу тескейт жана башка-
рат:
1) жер казынасын изилдөөдө жана өздөштүрүүдө мамлекеттик саясатты
иштеп чыгуу жана иш жүзөгө ашыруу;
2) жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун жана жер ка-
зынасын пайдалануудагы кесиптик иш-аракеттердин мамлекеттик системасын
уюштуруу, лицензиялоо шарттарынын аткарылышын жана жер казынасы жөнүндө
мыйзамдуулуктун сакталышын контролдоо;
3) жер казынасын пайдаланууда салык салуу системаларын өркүндөтүү;
4) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жер-
лерди иштетүү үчүн инвестицияларды тартуу;
5) жер казынасын изилденген абалын, пайдалуу кендердин эсепке
алынган корлорунун колдонулушун жана кыймылын эсепке алуу;
6) жер казынасындагы кендерди өнөр жайлык өздөштүрүүдө жана геоло-
гиялык изилдөөдө жер казынасын пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөө
жана контролдоо;
7) геологиялык изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүнүн жыйынтыгы боюнча,
аларды каржылоо булактарына карабастан, жер казынасы жөнүндөгү геологи-
ялык жана бөлөк маалыматтардын Мамлекеттик фондун түзүү жана колдоого
алуу, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын эсебинен алынган маалымат-
тарды тескөө жана жайылтуу;
8) геологиялык жана тоо-кен долбоорлорунун жер казынасы жөнүндө
мыйзамдуулукка, экологиялык жана техникалык коопсуздук ченемдерге, жер
казынасынын пайдаланылышына жана корголушуна ылайык келишине экспертиза
кылуу;
9) жер казынасын пайдаланууда техникалык коопсуздуктун камсыздалы-
шын көзөмөлдөө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жер
казынасын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү;
11) жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш-тартыштарды
соттон сырткары чечүү;
12) пайдалуу кендердин корлорун, жер казынасын изилдөө жана мони-
торинг жүргүзүү боюнча долборлоо-эсептөө документтерин мамлекеттик экс-
пертизалоо, пайдалуу кендердин корлорун бекитүү;
13) кетирилген чыгымдардын көлөмүн, жер казынасы жөнүндөгү геоло-
гиялык маалыматтарды алуунун тартибин жана наркын аныктоо.
7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
ыйгарым укуктары
Жер казынасын пайдалануу мамилелерин жөнгө салуу боюнча жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жер казынасын геологиялык изилдөө максатында аларга тиешелүү
аймактарда иш жүргүзүүнү жазуу түрүндө макулдашуу;
2) жер казынасын пайдалануу укугун алгандан кийин лицензияда жана
лицензиялык келишимде белгиленген чектерге жана мөөнөттөргө жер казына-
сын пайдалануу участокторуна жерди убактылуу пайдалануу укугун берүү;
3) контролдонуучу аймактарда иштеген жер казынасын пайдалануучу-
ларды каттоого алуу;
4) минералдык-сырье базаларын колдонуунун, өнүктүрүүнүн жана кайта
өндүрүүнүн аймактык программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
5) жер казынасынын пайдаланылышын жана корголушун, пайдалуу кен
чыккан жерлерди геологиялык изилдөөдө жана иштетүүдө коопсуздуктун кам-
сыздалышын текшерүү;
6) жер казынасынын участокторун пайдаланууга, эгерде бул пайдала-
нуу адамдардын саламаттыгына жана жашоосуна коркунуч туудурса, чарбакер
объекттерге же курчап турган чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болсо,
чектөөлөрдү киргизүү;
7) жер казынасынын пайдаланууда контролдонуучу аймактарда жардыруу
иштеринин жүргүзүү процессин макулдашуу;
8) лицензия ээлеринин лицензиялык аянтка эркин кирүүсүн камсыздоо;
9) пайдалуу кендерди мыйзамсыз (өз алдынча) казып алууну токтотуу;
10) тоо-кен казмаларынын жоюлушуна жана лицензиялык объекттерди
рекультивациялоого байкоо жүргүзүү;
11) өндүрүштү консервациялоо же жоюу жөнүндөгү актыга кол коюуга
катышуу;
12) контролдонуучу аймактарда жайгашкан жер казынасын пайдалануу
объектилери боюнча аукциондорду жана конкурстарды өткөрүүгө катышуу;
13) өз алдынча алтын чайкоочулардын ишмердигин жөнгө салуу.
III бөлүм. Жер казынасынын участокторун пайдаланууга берүү
8-берене. Жер казынасын пайдаланууга берүүнүн шарттары
Жер казынасы пайдаланууга конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү,
ошондой эле түз сүйлөшүүлөр аркылуу кадимки салык режиминин шарттарын-
да, концессия шарттарында же продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндө келишим
шарттарында лицензия түрүндөгү атайын уруксаттарды берүү менен берилет.
Кадимки салык режиминин шарттары деп Кыргыз Республикасынын салык
мыйзамдары боюнча салык салуу системасы эсептелет.
Концессия шарттары "Концессиялар жана Кыргызстан Республикасындагы
концессиялык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
аныкталат, ага байланыштуу жер казынасын пайдалануучу (инвестор) өзүнүн
иш-аракетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жер казынасын пайдалануу
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен концессиялык келишимдин
негизинде жүргүзөт. Концессиялык келишимде аныкталгандай концессиялык
төлөөлөрдүн суммасы бюджетке төлөнүүчү салыктардан жана башка милдеттүү
төлөмдөрдүн суммасынан кем болбоого тийиш.
Продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндө келишим шарттары "Жер казынасын
пайдаланууда продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык аныкталат, ага байланыштуу жер казынасын пайдалануучу
(инвестор) өзүнүн иш-аракетин продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндөгү кели-
шимдин негизинде жүргүзөт. Продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндөгү келишим-
де аныкталгандай Кыргыз Республикасынын пайдасына берилүүчү продукция-
нын көлөмү бюджетке төлөнүлүүчү салыктардан жана башка милдеттүү
төлөмдөрдүн суммасынан кем болбоого тийиш.
Конкурстар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен изилден-
ген жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасындагы пайдалуу объектилери
боюнча өткөрүлөт. Конкурстар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими
боюнча жарыяланат жана өткөрүлөт. Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чык-
кан жерлердин (объектилердин) тизмеси жер казынасын пайдалануу боюнча
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жыл сайын Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Конкурстун шарттары жана анын жењүүчүсүн аныктоо Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү тарабынан ар бир объект боюнча атайын дайындалган кон-
курстук комиссия менен аныкталат. Конкурстун жењүүчүсүн аныктоо жөнүндө
чечим анын шарттарына ылайык Өкмөттүк конкурстук комиссиянын
мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилүүчү протокол менен таризделет.
Эгерде жер казынасынын участогун пайдаланууга жарыяланган конкурс
бир гана катышуучудан арыз түшкөнүнө байланыштуу эки жолу өткөн жок деп
табылса жер казынасынын участогун пайдалануу лицензиясы ушул катышуучу-
га жарыяланган конкурстун шарттары менен берилиши мүмкүн.
Аукциондор жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасындагы пайдалуу
объектилерден сырткары корлору мамлекеттин балансынын эсебине алынган
кен чыккан жерлер боюнча өткөрүлөт. Аукциондор жер казынасын пайдалануу
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан такай кулактандыры-
лат жана өткөрүлөт. Баштапкы баа мамлекеттин кен чыккан жерди чалгындо-
ого кетирген чыгымдарга түзөтүү коэффициенттерин колдонуунун натыйжа-
сында аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Аукциондо талап кылынбаган кен чыккан жана табылган жерлер жер казына-
сын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен
жер казынасын пайдалануучуларга түз сүйлөшүүлөр аркылуу берилиши
мүмкүн.
Түз сүйлөшүүлөр аукционго чыгарылбай турган жана жалпы мамлекеттик
маанидеги объектилерден бөлөк бардык башка объектилер боюнча ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талапкерлердин арыздарынын келип
түшүү тартибине жараша арыз ээси менен лицензиялоо шарттарын талкуулоо
жана макулдашуу аркылуу ишке ашырылат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары түз
сүйлөшүүлөрдүн протоколу менен таризделет. Тараптардын колдору коюлган
протокол лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат.
9-берене. Арызды кароонун жана лицензия берүүнүн тартиби
Кадимки салык режиминин шарттарында жер казынасын пайдаланууга ли-
цензия алуу үчүн арыз ээсинин реквизиттерин, жер казынасын пайдалануу
объектисинин жайгашкан жерин, жер казынасынын участогун пайдалануунун
максатын жана ишкананын пландаштырылган өндүрүштүк кубаттуулугун
көрсөткөн арыз мамлекеттик же расмий тилде жер казынасындагы кендерди
пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет (казып
алуу арызында).
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
- юридикалык жактар үчүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (ус-
тавы жана уюштуруу келишими);
- юридикалык жана/же жеке жактарды мамлекеттик каттоо тууралуу
күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер казынасын өздөштүрүү стадияларына (издөө, чалгындоо жана
пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү)жараша ириленген техникалык-эконо-
микалык эсептөө менен жер казынасын пайдаланууну көрсөткөн мөөнөткө ли-
цензиялануучу объектти өздөштүрүү программасы;
- жер казынасынын участогун өздөштүрүүнүн берилген программасына
ылайык каржы ресурстарынын болушу жөнүндө тастыктоочу документ;
Жер астындагы сууларды колдонууга лицензия алуу үчүн кошумча
төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- скважинаны эксплуатациялоонун технологиялык схемасы;
- сууну куюштуруу (тузсуз же минералдык) жана бальнеологиялык да-
рылоону (термоминералдык) уюштуруу үчүн колдонгон учурларда
- саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын
корутундусу.
Документтердин толук комплекти көрсөтүлбөсө арыз кабыл алынбайт.
Жер казынасын пайдалануу укугун алууга арыз жана анда көрсөтүлгөн
материалдар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган тарабынан 30 күнгө чейинки мөнөттө каралат.
Жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн же конкурска жана аукци-
онго катышуудан баш тартуу төмөнкү учурларда берилиши мүмкүн, эгерде
арыз ээси:
- өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды берсе;
- жер казынасынын участогун техникалык, экологиялык коопсуз жана
сарамжалдуу өздөштүрүү үчүн зарыл болгон каржылык же инвестициялык ре-
сурстарга ээ болбосо;
- эгер көрсөтүлгөн участокко мурда лицензия берилген болсо.
Жер казынасынын пайдаланууга лицензия берүү жана лицензиар менен
жер казынасын пайдалануусу бардык шарттарда (кадимки салык режим, кон-
цессия же продукцияларды бөлүштүрүү жөнүндө келишим) жер казынасын пай-
далануу укугу бар лицензиаттын ортосундагы лицензиялык келишимдин кору-
тундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын чечиминин негизинде же
аукциондун же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жер казынасын пай-
далануу боюнча ыйгарымдуу укуктуу мамлекеттик органдын протоколу менен
берилет.
Лицензиялык келишим менен макулдашылган мөөнөттө лицензиат жер ка-
зынасын пайдалануу боюнча ыйгарымдуу укуктуу мамлекеттик органга жер
казынасын коргоо жана техникалык, экологиялык коопсуздук боюнча экспер-
тизасы менен жер казынасындагы участокторду өздөштүрүүнүн техникалык
долбоорун, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензия
үчүн жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү же пайдалуу
кен чыккан жерлерди чалгындоого жана издөөгө лицензия үчүн иштерди
жүргүзүүгө жердин укуктуу ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугун көрсөтөт.
Техникалык долбоорду эксперттик органдар жактырган учурда жана жер
участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктүн же жердин укуктуу ээ-
синин геологиялык иштерди жүргүзүүгө жазуу түрүндөгү макулдугу бар бол-
со, лицензиат менен лицензиардын ортосунда жер казынасын пайдаланууга
кезектеги лицензиялык келишим түзүлөт. Кезектеги лицензиалык келишимге
тараптар кол койгондон кийин мурункусу өзүнүн күчүн жоготот.
Жер казынасынын бүтүндүгүн бузууга байланышкан иштерге техникалык
долбоор макулдашылганга жана иш жүргүзүү үчүн кезектеги лицензиялык ке-
лишимге кол коюлганга чейин тыюу салынат.
Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик лицензиялоонун бардык сис-
темалары жана механизми ушул Мыйзамдын нормаларына ылайык иштелип чык-
кан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ата-
йын Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо
кењири айтылган.
10-берене. Жер казынасын пайдалануучулар
Жер казынасын пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын юридикалык,
жеке жактары жана Кыргыз Республикасынын резиденттери боло алышат.
Чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары мекендештер менен
катар эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталууга тийиш.
11-берене. Жер казынасын пайдалануунун түрлөрү
Жер казынасы пайдаланууга лицензиялардын негизинде төмөндөгүдөй
максаттар менен берилет:
1) пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө;
2) пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо;
3) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү;
4) пайдалуу кендерди казып алууга байланышпаган курулуштарды куруу
жана эксплуатациялоо (нефть, газ жана башка заттарды, материалдарды
сактоо үчүн, зыяндуу заттарды кемүү жана башка муктаждыктар үчүн);
5) өзгөчө экологиялык, жаратылышты сактоо, илимий, тарыхый-мада-
ний, эстетикалык, ден-соолукту чыњдоо жана башка мааниси бар өзгөчө
корголуучу табигый аймактарды түзүү.
Лицензиялоого минералдык сырьенун бардык түрлөрү боюнча жер казы-
насын пайдалануунун бардык түрлөрү, анын ичинде жер астынан суу чыгаруу
(алуу), техногендик түзүлүштөрдү изилдөө жана кайра иштетүү, жылуулук
ресурстарын изилдөө жана колдонуу кирет, төмөндөгүлөрдөн башка:
1) геологиялык картага түшүрүү, аймактык геологиялык, геофизикалык
жана башка илимий изилдөөлөр;
2) минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу;
3) мамлекеттик программаларга ылайык аткарылуучу же гранттык не-
гизде, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган атайын
геологиялык изилдөөлөр:
4) өз алдынча алтын чайкоочулар өндүрүп алуу үчүн багышталган өнөр
жайлык эмес пайдалуу кендер бар жерлерди иштетүү.
Жер казынасын пайдалануунун жогоруда көрсөтүлгөн түрлөрү жер казы-
насын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ал эми өз
алдынча алтын чайкоочулар үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрация-
ларда каттоого алуу жолу менен жүргүзүлөт.
12-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө максатында
жер казынасын пайдаланууга лицензия
Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө максатында жер казынасын пайда-
ланууга берилген лицензия анын ээсине лицензиялык аянттын чектеринде 2
жыл аралыгында геологиялык изилдөө ыкмаларын колдонуп, жер казынасын
тоо-кен казмалары менен олуттуу бузбастан, жер участокторун алып коюуга
жол бербей жана мурунку лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган бол-
со андан кийин жалпы мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу менен жер казынасы-
на геологиялык изилдөө укугун берет.
Издөө иштеринин стадияларында геологиялык изилдөө үчүн лицензиялык
аянттын эњ чоњ өлчөмү 500 км" ашпоого тийиш. Нефтегаз чыккан жерлерди
издөөдө же аралыгы узак геологиялык түзүлүштүн чектеринде, берилген ли-
цензиялык аянттын өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн чектерден чоњ болушу
мүмкүн, бирок 1000 км ашпаган суммада болушу керек.
Пайдалуу кендердин белгилүү бир түрлөрүн издөөгө лицензияланган
аянтка пайдалуу кендердин башка түрлөрүн издөө үчүн лицензия ээсинин
жазуу түрүндөгү макулдугу менен башка лицензиаттарга лицензия берилиши
мүмкүн.
Кен чыккан жерди (кен бар жерди) ачкан учурларда лицензиат аны
чалгындоого лицензия алууга өзгөчө укукка ээ болот.
13-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо
максатында жер казынасын пайдаланууга лицензия
Пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо максатында жер
казынасын пайдаланууга берилген лицензия анын ээсине геологиялык учас-
токтун чектеринде 3 жыл аралыгында, мурунку лицензиялык келишимдин
шарттары аткарылган болсо андан кийин жалпы мөөнөтүн 6 жылга чейин
узартуу менен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө өзгөчө укук бе-
рет.
Объект мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен изилденген учур-
да кен чыккан жерди чалгындоого лицензия бир жолку төлөмдү (бонусту)
төлөнгөндөн кийин берилет.
Он жыйынтыктарга жетишпеген лицензиат лицензиялык келишимде макул-
дашылган мөөнөт бүткөндө лицензиялык объектини кайтарып берет, ал эми
кен чыккан жерди чалгындоону ийгиликтүү аяктаган лицензиат аны иштетүү-
гө өзгөчө укукка ээ болот.
14-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында
жер казынасын пайдаланууга лицензия
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында жер казынасын пай-
даланууга берилген лицензия анын ээсине тоо-кен бөлүгүнүн чектеринде
кен чыккан жерди геологиялык изилдөөгө, ачууга, даярдоого, минералдык
сырьену иштетүүгө жана кайра иштетүүгө, тоо-кен калдыктарын, байытуучу
жана металлургиялык өндүрүштөрүн колдонууга, бардык казылган пайдалуу
кендерди жана минералдык сырьенун кайра иштетилген продуктыларын таза-
лоого (аффинаждоого), сатууга жана экспорттоого 20 жылга чейинки мез-
гилде, андан ары пайдалуу кендердин запастары түгөнгөнгө чейин узартуу
менен өзгөчө укук берет.
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында жер казынасын пай-
даланууга лицензия корлору өнөр жайлык категориялар боюнча чалгындалган
жана мамлекеттик баланска эсепке алынган объектилерге берилет.
15-берене. Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган
жер астындагы курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо
максатында жер казынасын пайдаланууга лицензия
Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы
объектилерди куруу жана эксплуатациялоо (нефть, газ жана башка заттарды
жана материалдарды сактоо үчүн, зыяндуу заттарды кемүү жана башка мук-
таждыктар үчүн) же илимий, маданий, эстетикалык, санитардык-денсоолукту
чыњдоочу жана башка маанидеги өзгөчө корголуучу объекттерди түзүү мак-
сатында жер казынасын пайдаланууга берилген лицензия анын ээсине
тоо-кен бөлүгүнүн чектеринде техникалык долбоор жана программа менен
белгиленген максатка жана мөөнөткө жараша, андан ары зарыл болгон учур-
да оњдолгон техникалык долбоор менен негизделген мезгилге узартуу менен
иш жүргүзүү укугу берилет.
16-берене. Өзөндөрдүн нуктарында жана сезондук суу
агымдарында өз калыбына келип туруучу кум-шагыл
аралашмалуу жерлерге лицензия
Өзөндөрдүн нуктарында сайроондук катмардан турган инерттүү матери-
алдарды качып алууга лицензия Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу инспекциясынын жана жер-
гиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын макулдугу менен 5 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет.
Өзөндөрдүн жээктерин бузуучу, ошондой эле форватердик абалын
өзгөртүүчү кен чыккан жерди иштетүүгө тыюу салынат.
Өтө шашылыш учурларда жээкти бекемдөөчү иштер үчүн жергиликтүү
мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына
жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-
га билдирүү менен лицензия албастан эле инерттүү материалдарды казып
алууга уруксат берилет.
17-берене. Жер казынасын пайдаланууга берилүүчү лицензиянын
жана лицензиялык макулдашуунун мазмуну
1) Жер казынасын пайдаланууга берилүүчү лицензия төмөндөгүдөй маа-
лыматты камтыш керек:
-лицензиянын алфавиттик-номурлук кодун;
- жер казынасын пайдалануунун түрүн;
- лицензиаттын аталышын жана реквизиттерин;
- лицензиялануучу объекттин аталышын;
- пайдалуу кендин түрүн;
- объекттин администрациялык жайгашкан ордун;
- лицензиянын берилген датасын жана күчүндө болуу мөөнөтүн;
- лицензиянын узартылган мөөнөтүн;
- лицензиардын колун жана мөөрүн.
2) Лицензиялык макулдашуу төмөнкү маалыматтарды камтыш керек:
- бурчтагы чекиттеринин координаттары жана лицензиялык аянттын
өлчөмү;
- иштердин максаттуу багыты (долбоорлук документ түзүү, жалпы жана
толук издөөлөр, алдын ала жана толук чалгындоо, ТЭН долбоор түзүү, иш-
кананын курулушу, кен чыккан жерди иштетүү);
- иштердин негизги түрлөрүнүн көлөмү жана ар жылкы инвестициялар-
дын суммасы;
- лицензиат тарабынан кайтарылып берилүүчү аянттардын же айрым
объектилердин өлчөмү жана кайтарып берүү мөөнөтү;
- жер казынасын пайдалануудагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрү;
- геологиялык маалыматты берүүнүн шарттары;
- форс-мажордук кырдаалдар;
- лицензиат жөнүндө маалыматтар;
- лицензиялык макулдашуунун күчүндө болуу мөөнөтү;
- лицензиат менен лицензиардын колу жана мөөрү.
3) Жер астындагы сууларды пайдаланууга жана чыгарууга лицензиялык
макулдашууда төмөнкүлөр камтылат:
- скважинанын же булактын дебити, корлордун саны жана категориясы;
- жер астындагы суулардын тиби;
- скважинанын же булактын жайгашкан жери;
- жер астындагы суулардын максатка ылайык колдонулушу;
- жер астындагы суу чыккан скважинанын (булактын) айланасындагы
тоосанитардык корголуучу зонанын өлчөмү;
- жер астындагы сууларды чыгаруунун макулдашылган көлөмү;
- жер казынасын пайдалануудагы төлөмдөрдүн бардык түрлөрү;
- форс-мажордук кырдаалдар;
- лицензиат жөнүндө маалыматтар;
- лицензиялык макулдашуунун күчүндө болуу мөөнөтү;
- лицензиат менен лицензиардын колу жана мөөрү.
Чет өлкөлүк капиталдын катышуусунда жер казынасын пайдалануучу ме-
нен лицензиялык макулдашууда долбоорду ишке ашырууга чет өлкөлүк адис-
тердин катышуусу жөнгө салынышы керек.
Лицензиялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык башка шарттар да киргизилиши мүмкүн.
18-берене. Жер казынасын пайдаланууга берилген
лицензияларды күрөөгө коюу же үчүнчү жактарга берүү
Лицензиат жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен лицензиялык объекттеги
иштерди кошумча каржылоону камсыз кылуу үчүн жер казынасын пайдалануу
укугун күрөөгө коюуга укуктуу.
Жер казынасын пайдалануу лицензиясын күрөөгө коюу, долбоорлоо ста-
диясынан башка учурда, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамы-
нын жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Лицензиат жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жер казынасын пайдала-
нуу укугун өз ыктыяры менен, лицензиялоонун шарттарын аткаруу менен
бирге лицензиялык объектини өздөштүрүү долбоорун ишке ашыруудан бир жыл
өткөндөн кийин, анын ичинде тоо-кен жана/же геологиялык чалгындоо дол-
боорун (лицензиялык объектини) каржылык камсыздоо максатында үчүнчү
жактарга берүү укугуна ээ.
Жер казынасын пайдалануу укугун башка жер казынасын пайдалануучуга
берүү шарттары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ли-
цензиянын мурдагы жана жањы ээсинин ортосундагы келишим менен аныкта-
лат.
Лицензияны берүү тууралуу келишим түзүү жөнүндө жер казынасын пай-
далануу укугуна лицензиялык объектинин жањы талапкери 7 күндүн ичинде
жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга
билдирет жана 30 күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна арыз
берүүдө талап кылынган документтерди көрсөтүү менен лицензияны өзүнө
тариздейт.
Лицензия жањы лицензиатка берилет жана бонус төлөнгөндөн кийин
кайрадан таризделет.
Лицензия кайрадан таризделген үчүнчү жак мурунку лицензиаттын ли-
цензиялык макулдашуудагы белгиленген милдеттенмелерин өзүнө алууга мил-
деттүү.
19-берене. Лицензиянын жана лицензиялык макулдашуулардын
иштөө мөөнөтүн узартуу
Лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун иштөө мөөнөтүн узартуу
лицензиат учурдагы лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарганда жана
жер казынасын пайдалануу лицензиясына ээ болгондугу үчүн ар жылдык
төлөмдөр (лицензиялык жыйымдар) өз убагында төлөнгөндө гана жасалат.
Лицензиянын же лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартуу үчүн жер
казынасын пайдалануучу кийинки жылга лицензияга ээлик кылуу (лицензияны
кармоого) укугу үчүн төлөгөн акы тууралуу квитанцияны, учурдагы лицен-
зиялык макулдашуунун шарттарынын аткарылышын тастыктоочу документтерди
тиркөө менен лицензиянын же учурдагы лицензиялык макулдашуунун мөөнөтү
бүткөнгө чейин 2 айдан эрте эмес жана 15 күндөн кеч эмес убакта арыз
берет. Жер казынасын пайдалануучу учурдагы лицензиянын мөөнөтүн узартуу
арызы менен чогуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мам-
лекеттик органга учурдагы стандарттарга ылайык таризделген лицензияга
ээлик кылган бардык мурунку мезгилдеги аткарылган иштер жөнүндө отчет
тапшырат. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган 15 жумушчу күндүк мөөнөткө чейин материалдарды карап чыгат жана
лицензиянын же лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартат же узартуудан
баш тартканын жер казынасын пайдалануучуга жазуу түрүндө баш тартуунун
себептерин негиздөө менен билдирет.
20-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу
жана токтотуу
Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча ый-
гарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 айга чейин төмөнкү учурлар-
да токтотулушу мүмкүн:
1) экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук бузулганда;
2) лицензиялык макулдашуунун шарттары бузулганда;
3) жер казынасын берилген максаттарда эмес, башка максаттарда пай-
даланганда.
Жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу боюнча ый-
гарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу)
чечими менен төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга ээлик кылгандыгы
үчүн (лицензияны кармоо) белгиленген мөөнөттөрдө ар жылкы төлөм (лицен-
зиялык жыйындар) төлөнбөсө;
2) лицензиялык макулдашууда айтылган мөөнөттүн ичинде техникалык,
экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча экспертизалары
менен жер казынасындагы участокторду өздөштүрүүгө техникалык долбоорду
(жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасы), ошондой эле ге-
ологиялык иштерди жүргүзүүгө жердин укуктуу ээсинин жазуу түрүндөгү ма-
кулдугун же пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын
пайдаланууга жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү
көрсөтпөсө;
3) жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу токтото тургандан
баштап 3 айдын ичинде жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды, экологиялык жа-
на өнөр жайлык коопсуздуктун бузулушу четтетилбесе;
4) эгер лицензиат лицензияны алгандан кийин бир жылдын ичинде ли-
цензиялоо шарттарында каралган көлөмдөрдөгү иштерди аткарбаса;
5) жер казынасын өздөштүрүүдө иштегендердин жана калктын ден соо-
лугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудуруучу, ошондой эле жаратылыш
чөйрөсүнө орду толгус зыян келтирүүчү жана пайдалуу кендердин корлору
коромжулукка учуратуучу технологиялар пайдаланылса;
6) жер казынасын пайдалануудан өз ыктыяры менен баш тартса;
7) лицензиянын колдонулуш мөөнөтү бүтсө;
8) геологиялык изилдөөлөр аяктаганда, пайдалуу кендердин корлору
түгөнгөндө жана/же ишкана жоюлганда;
9) соттун чечими боюнча.
Лицензиялоо шарттарынын бузулушунан лицензиясынан ажыраган жер ка-
зынасын пайдалануучу - бузуучудан жер казынасындагы объектиге пайдала-
нуу укугуна кайрадан арызы лицензия жокко чыгарылган күндөн баштап 6 ай
өткөнгө чейин, жер казынасын жањы пайдалануучуга жер казынасындагы бо-
шогон объектини пайдалануу укугуна арыз кабыл алуудан баш тартпай ту-
руп, кабыл алынбайт.
Жер казынасын пайдалануу укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учур-
да, лицензиянын мурунку ээси тоо-кен мүлкүн консервациялоого жана сак-
тоого жана аны жањы жер казынасын пайдалануучуга өткөрүп берүүгө (сату-
уга) милдеттүү. Тоо-кен мүлкүн өткөрүп берүүнүн (сатуунун) тартиби Кыр-
гыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык лицензиянын мурунку
жана жањы ээлеринин ортосундагы келишим менен аныкталат.
Лицензияны токтото туруу же токтотуу жөнүндөгү чечим лицензия бер-
ген жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
тарабынан кабыл алынат, протокол менен таризделет жана бул жөнүндө бил-
дирүү бир жуманын ичинде жер казынасын пайдалануучуга жөнөтүлөт.
21-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоонун
мамлекеттик системасын уюштурууну камсыздоо
Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоонун мамлекеттик систе-
масын уюштурууну камсыздоону жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо боюнча даярдык иштерин
жүргүзөт жана жер казынасын пайдаланууга лицензия берет, ошондой эле
компетенттүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбо-
орго же жер астындагы сууларды алуунун технологиялык схемасына ылайык
тоо-кен же геологиялык бөлүктөрдүн өлчөмүн аныктайт жана тоо-кен долбо-
орун ишке ашыруу процессинде ишкананын чыныгы өндүрүштүк кубаттуулугу
өзгөргөндө аларды өзгөртүү укугуна ээ.
22-берене. Өз алдынча алтын чайкоочулардын ишмердиги
Өндүрүштүк иштетүү рентабелдүү болбогон чачыранды пайдалуу кендер
өз алдынча алтын чайкоочулук жол менен иштетилиши мүмкүн.
Чачыранды пайдалуу кендерди өздөштүрүүдө жер казынасын пайдалануу
өз алдынча алтын чайкоочулар тараптан жергиликтүү мамлекеттик админист-
рациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аларга жер
бөлүктөрүн бөлүп берүү жөнүндөгү жыл сайын чыгарган чечиминин негизинде
лицензиясыз жүзөгө ашырылат.
Чачыранды пайдалуу кендерди өз алдынча алтын чайкоочулук ыкма ме-
нен иштетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген атайын
Жобо менен жөнгө салынат.
23-берене. Жер казынасын пайдалануучулардын укуктары жана
милдеттери
Жер казынасын пайдалануучулар төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
1) аларга берилген жер казынасындагы участокторду лицензияда
көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланууга;
2) минералдык сырьелордон алынган товардык продукцияны өз ыктыяры
боюнча тескөөгө, анын ичинде аны экспорттоого;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер казынасын
пайдалангандыгы үчүн салыктарды төлөө жана жер казынасынан пайдалуу
кендерди чыгаруу боюнча жыл сайын отчет берүү менен, жер казынасын пай-
далануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик, тоо-кен көзөмөлдөө жана ай-
лана-чөйрөнү коргоо органдарында бул иштерди каттаттуу менен, берилген
тоо-кен бөлүгүнүн чектеринде жалпы таралган пайдалуу кендерди жана жер
астындагы сууларды өзүнөн жеке муктаждыктары үчүн лицензиясыз пайдала-
нууга;
4) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандын жазуу түрүндөгү уруксатынан кийин тоо-кен жана/же геологиялык
долбоорлорду кошумча каржы менен камсыз кылуу максатында, долбоорлоо
стадиясынан сырткары учурда, жер казынасын пайдалануу укугун күрөөгө
коюуга;
5) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандын жазуу түрүндөгү уруксатынан кийин лицензиялоонун шарттарын атка-
руу менен лицензиялык объектини өздөштүрүү долбоорун ишке ашыргандан
баштап бир жыл өткөндөн кийин жер казынасын пайдалануу укугун үчүнчү
жактарга берүүгө;
6) геологиялык жана башка лицензияланган жер казынасындагы учас-
токторду геологиялык изилдөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү процессинде
алынган маалыматтарды өз ыктыяры менен тескөөгө.
Жер казынасын пайдалануучулар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын, белгиленген
тартипте бекитилген жер казынасын пайдалануу менен байланышкан стан-
дарттарды (эрежелерди, нормаларды) сактоого;
2) пайдалуу кендердин корлорунун абалын жана кыймылын, жоготуула-
рын жана сапатынын төмөндөшүн эсепке алууга, жер казынасынан пайдалуу
кендерди казып алуу жана минералдык сырьену байытуудан пайдалуу компо-
ненттерди чыгарууга карата жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын отчет берүүгө;
3) жыл жыйынтыгы жана тоо-кен, геологиялык чалгындоо иштерин
өнүктүрүү, анын ичинде келерки жылга жер астындагы сууларды чыгарууга
карата жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
ганга отчет берүүгө;
4) убактылуу колдонулбаган, кошо-казылган же чыгарылган пайдалуу
кендердин бул жерлер үчүн атайын бөлүнгөн жана даярдалган потенциалдык
экономикалык корлорун иреттөөгө жана сактоого;
5) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз
жүргүзүүнү камсыз кылууга;
6) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө
жер казынасынын физикалык жана биологиялык, курчап турган чөйрөнүн аба-
лына таасирлердин жол берилген нормаларын сактоого;
7) жер казынасын пайдаланууда бузулган жер бетинин участокторун
рекультивациялоо долбооруна ылайык калыбына келтирүүгө;
8) бюджетке төлөмдөрдү, анын ичинде лицензияга ээлик кылгандыгы
үчүн (лицензияны кармоо) акыны, өз убагында жана толук көлөмдө төлөп
турууга;
9) лицензиялык объекттердеги жумуштар аяктаган соњ жер казынасын
пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген стан-
дарттарга жооп берүүчү отчетторду жана бардык баштапкы документтерди
берүүгө;
10) жер казынасын геологиялык изилдөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү
процессинде алынган геологиялык жана башка документтерди сактоого.
24-берене. Жер казынасын пайдалануучулардын укугун коргоо
Жер казынасын өздөштүрүү үчүн бөлүнүп берилген жер участокторунда-
гы тоо-кен мүлкү, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар тарабынан
салынган курулмалар жана имараттар, аларга тиешелүү болгон бардык алын-
ган жабдуулар жер казынасын пайдалануучунун менчигин түзөт жана мамле-
кеттин же башка жер казынасын пайдалануучулардын карамагына келишимдик
негизде же соттун чечими менен өтүшү мүмкүн.
Жер казынасын пайдаланууну мыйзамсыз токтоткон учурларда, иштин
токтотулушу менен шартталган экономикалык зыян жер казынасын пайдалану-
учуга өндүрүштүк ишти токтоткон мамлекеттик орган тарабынан соттун че-
чиминин негизинде төлөнүп берилет.
Кен казуу тармагына инвестиция жумшаган жер казынасын пайдалануу-
чулар жањы мыйзам актыларынын кабыл алынышынан же Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилишинен улам жер
казынасын пайдалануу үчүн экономикалык шарттар начарлап кетсе өздөрү
үчүн ыњгайлуу экономикалык шарттарды тандап алууга укуктуу.
IV бөлүм. Жер казынасын пайдалануучулар менен жердин укуктуу
ээлеринин ортосундагы мамилелер
25-берене. Жер казынасын пайдаланууга жерге укуктарды
алуунун тартиби
Жер казынасын пайдаланууга жер участоктору жергиликтүү мамлекеттик
администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (жер-
дин укуктуу ээсинин) чечими менен лицензиянын иштөө мөөнөтүнө убактылуу
пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык
төмөндөгүлөр үчүн берилет:
- жер участогун ажыратуунун объективдүү зарылдыгы келип чыкканда
жер бетинин жана жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу менен пайдалуу кен
чыккан жерлерди геологиялык издөө жана чалгындоо үчүн;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн.
Жер казынасын пайдаланууга жер участогун пайдалануу укугун алуу
үчүн жер казынасын пайдаланууга лицензиянын ээси жердин укуктуу ээсине
төмөнкү документтерди берет:
- арыз;
- жер казынасын пайдаланууга лицензиянын жана анын ажырагыс бөлүгү
болгон лицензиялык макулдашуунун көчүрмөлөрүн;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн тоо-кен жана жер
бөлүгүнүн чектери жана бурчтагы чекиттеринин координаталары менен то-
пографиялык картанын (пландын) көчүрмөсүн же пайдалуу кен чыккан жер-
лерди чалгындоо үчүн лицензиялык аянттын чектери жана бурчтагы чекитте-
ринин координаталары менен топографиялык картанын көчүрмөсүн;
- тиешелүү мамлекеттик органдардын экспертизасынын натыйжалуу жы-
йынтыктары менен техникалык долбоорду.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органы жер участогун пайдалануу укугун алууга берилген доку-
менттерди бир айдын ичинде карап чыгышат.
Жер казынасын пайдаланууга лицензиянын ээсине эгер суралып жаткан
жердин бөлүгү башка жер казынасын пайдалануучуга берилип калган болбосо
жер казынасын пайдаланууга жер участогун берүүдөн баш тартуу болушу
мүмкүн эмес.
Жер участогун ажыратпастан жер казынасын геологиялык изилдеген
учурларда (пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө жана башка атайын геоло-
гиялык изилдөөлөр), жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдала-
нууга берилген лицензиянын негизинде лицензиялык аянтка туура келген
аймактарда көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациянын жазуу түрүндөгү макулдугу берилет.
Жер казынасын пайдаланууга жер участогун мөөнөттүү (убактылуу)
пайдалануу укугун билдирүүчү документ болуп жер участогун убактылуу
укукта пайдалануучу күбөлүк болуп саналат.
Жер казынасын пайдаланууга жер участогун убактылуу пайдалануу уку-
гуна күбөлүк жер казынасын пайдаланууга берилген лицензиянын жана жер-
дин укуктуу ээсинин башка кошумча шарттарды көрсөтпөгөн чечиминин неги-
зинде берилет, төмөндөгүлөрдүн тышкары учурларда:
- жер салыгын төлөө;
- айыл-чарба жерлерин ээлик кылуудан ажыраткан учурларда айылчарба
өндүрүшүнө келтирилген зыяндын жана коромжунун ордун толтуруу;
- жер казынасын пайдалануу токтотулгандан кийин жер участогун ре-
культивациялоо боюнча милдеттенме алуу.
Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануу
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтотулгандан (жок-
ко чыгарылгандан) кийин жердин укуктуу ээси тарабынан токтотулат (жокко
чыгарылат).
Эгерде жердин укуктуу ээси же жерди пайдалануучу жер казынасын
пайдалануучуга берилген жер участогун пайдалануунун мөөнөтү бүткөнгө
чейин айыл-чарбасына багытталган өзүнүн ирригациялык жана башка систе-
маларын өзгөртүү ниети болсо жана мындай өзгөртүүлөрдүн жер казынасын
пайдаланууга таасири тийиши мүмкүн болсо, анда ал мындайга жер казына-
сын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик органдардан уруксат алууга милдеттүү.
Жеке менчиктеги жер участоктору боюнча аларды жер казынасын пайда-
лануу максатында колдонууда Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын
талаптарын эске алуу менен жер участогуна менчик ээси менен убактылуу
пайдаланууга келишим түзүлөт.
Жер казынасын пайдаланууга жер бөлүгүнүн чегаралары жана өлчөмдөрү
пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө жана геологиялык изилдөөгө тех-
никалык долбоору менен же жер астындагы сууларды чыгаруунун технология-
лык схемасы менен аныкталат.
Жер казынасын пайдаланууга жер участогунун аянтынын бурчтагы че-
киттеринин координаталары лицензиялык макулдашууда тик бурчтуу коорди-
наталар системасында белгиленет.
26-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер бөлүктөрүндө
сервитуттун пайда болушу
Чектеш же чектеш эмес жердин бөлүгүнө эркин же аргасыз кирүү укугу
төмөнкү учурларда пайда болот:
1) бөлүнүп берилген жердин аянты боюнча салынган унаа жана темир
жол магистралдарын, суу жолдорун, нефтегазтүтүктөрүн, электр линияларын
жана башка региондук жана мамлекеттик маанидеги курулуштарын тейлөөдө
жана оњдоодо;
2) эгерде тоо-кен бөлүгүндө авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн чек-
теш жана/же чектеш эмес жердин бөлүгү тараптан кирүү мүмкүндүгү тезирэ-
эк ачылса;
3) геологиялык, геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, архео-
логиялык жана башка мамлекеттик маанидеги изилдөө иштерин жүргүзүүдө.
27-берене. Жер казынасын пайдаланууда чектеш тоо-кен/геологиялык
бөлүктөрдө сервитуттун пайда болушу
Чектеш тоо-кен/геологиялык бөлүктөрдө эркин же аргасыз кирүү укугу
төмөнкү учурларда пайда болот:
1) эгерде транспорттук, электрдик же башка коммуникацияларды чек-
теш тоо-кен/геологиялык бөлүктөргө алып өтүүгө жана эксплуатациялоого
мүмкүн болбогондо;
2) эгерде чектеш тоо-кен/геологиялык бөлүгүнүн аянтынан тоо-кен
иштетүүлөрдөгү аварияларды жоюу боюнча жумуштарды тезирээк жүргүзүүгө
мүмкүн болгондо.
3) эгерде бир геологиялык бөлүккө эки же андан көп жер казынасын
пайдалануучуга пайдалуу кендердин ар кандай түрлөрүнө лицензия берилсе
жана алардын чектеш же дал келген геологиялык бөлүгүнө кирүү зарылчылы-
гы пайда болгондо.
Бардык учурларда, ушул берененин 1, 2 жана 3-пунктчаларында
көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө байланышкан чыгымдар пайда алуучу тарап-
тын эсебинен толтурулат.
28-берене. Жер боюнча талаш - тартыштарды чечүү
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары менен жер казынасын пайдалануучулардын ортосундагы
талаш-тартыштар жер участогун берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
тарабынан чечилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине макул
болбогон учурда жер талаш-тартыштары сот тартибинде каралат.
V бөлүм. Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик жөнгө салуу
29-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын
пайдаланууга жана коргоого, айлана-чөйрөнү коргоого
жана иштерди коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик контроль
Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдаланууга жана коргоо-
го, айлана-чөйрөнү коргоого жана иштерди коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик
контролдун милдети бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан мый-
замдардын, жер казынасын пайдалануунун жана изилдөөнүн эрежелерин жана
ченемдерин, пайдалануу кендердин корлорун мамлекеттик эсепке алуу эре-
желеринин сакталышын, айлана-чөйрөнү коргоону, тоо-кен иштерин коопсуз
жүргүзүүнү камсыз кылуу, алардын калкка, курчап турган чөйрөгө, имарат-
тарга жана курулуштарга тийгизген зыяндуу таасирлеринин алдын алуу жана
жоюу болуп эсептелет.
30-берене. Жер казынасын пайдаланууга талаптар
Жер казынасын пайдалануунун негизги талаптары төмөндөгүлөр болуп
саналат:
1) жер казынасын пайдаланууга берүүнүн белгиленген тартибин сактоо
жана жер казынасын өз бетинче пайдаланууга жол бербөө;
2) жер казынасын иликтөө, пайдалануу жана коргоо боюнча мыйзамдар-
дын жана белгиленген тартипте бекитилген стандарттардын (эрежелердин,
ченемдердин) талаптарын сактоо;
3) пайдалуу кендердин корлорун, ошондой эле пайдалуу кендерди ка-
зып алууга байланышпаган максаттарда пайдаланылуучу жер казынасынын
участокторун мамлекеттик эсепке алуу;
4) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө негизги жана алар менен
бирге жайгашкан пайдалуу кендердин жана чогуу компоненттердин чыгарыл-
ган жана жер казынасында калтырылган корлорун эсепке алуу;
5) пайдалуу кен чыккан жерлерди суу каптоодон, суу басуудан,
өрттүн жана пайдалуу кендердин сапатын жана кен чыккан жерлердин өнөр
жайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдантуучу баш-
ка факторлордон коргоо;
6) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө,
ошондой эле нефтини, газды же башка заттарды жана материалдарды жер ал-
дына сактоодо, зыяндуу заттарды жана өндүрүштүн калдыктарын көмөөдө,
саркынды сууларды агызууда жер казынасынын булганышына жол бербөө;
7) пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуу
кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды кон-
сервациялоонун жана жоюунун белгиленген тартибин сактоо;
8) пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды өзү билип курууга
жол бербөө жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун белги-
ленген тартибин сактоо;
9) иче турган же өнөр жайлык суу менен камсыз кылуу үчүн пайдала-
нылуучу аянттарда жана жер астындагы суулар жаткан жерлерде өнөр жайлык
жана турмуш-тиричилик калдыктарынын топтолушуна жол бербөө;
10) жер казынасынан пайдалуу кендерди жана минералдык сырьелорду
кайра иштетүүдөн пайдалуу компоненттерди чыгарууда техникалык долбоордо
белгиленген көрсөткүчтөрдү сактоо.
31-берене. Монополияга каршы талаптар
Төмөндөгүлөргө багытталган ар кандай аракеттер белгиленген тартип-
те жараксыз деп табылат же тыюу салынат:
1) юридикалык жана жеке жактардын жер казынасын пайдаланууга укук
алууга конкурстарга, аукциондорго же сүйлөшүүлөргө катышууга
мүмкүнчүлүк алышын чектөөгө;
2) лицензияны берүүдөн негизсиз баш тартууга;
3) жер казынасын пайдаланууда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгон
чарбакер субъекттер менен атаандашкан юридикалык жана жеке жактарды
басмырлоого;
4) чектеш жана чектеш эмес жер, тоо-кен жана геологиялык
бөлүктөргө кирүү укугун берүүнү басмырлоого;
5) пайдалуу кендер чыккан жерлерди геологиялык изилдөөдө жана/же
иштетүүдө кайсы бир лицензиат үчүн монополиялык жагдайды түзүүгө.
32-берене. Жер казынасын пайдалануу жумуштарын коопсуз
жүргүзүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу
Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды, жер астында ар
кандай багыттагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого, жер казы-
насын геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жер астындагы кендерди пайдалануу
менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө курчап турган чөйрөнүн жана жер
астындагы кендердин физикалык жана биологиялык абалына таасиринин
мүмкүн болгон ченемдерин сактоо менен, иштин таасир эткен зоналарында
бул ишкананын жумушчуларынын жана калктын саламаттыгын жана жашоосунун
коопсуздугун камсыз кылганда гана жол берилет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жер казынасын
пайдалануучулар өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде жер астындагы
кендерди пайдалануу менен байланышкан мыйзамдардын, иштерди коопсуз
жүргүзүү боюнча белгиленген тартипте бекитилген ченемдердин жана эреже-
лердин талаптарын аткарууну камсыз кылууга милдеттүү.
33-берене. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар жер
казынасынын участокторун коргоо
Өзгөчө илимий жана маданий баалуулуктагы геологиялык ачык кендер,
минералогиялык түзүлүштөр, палеонтологиялык объекттер жана башка жер
казынасынын участоктору жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын корутундусу боюнча белгиленген тартипте геология-
лык коруктар же атайын коруктар, жаратылыш же маданият эстеликтери деп
жарыяланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн коруктардын, атайын коруктардын жана
жаратылыш эстеликтеринин сакталышын бузуучу ар кандай иш-аракеттерге
тыюу салынат.
Жер казынасын пайдаланууда сейрек кездешүүчү геологиялык же мине-
ралогиялык түзүлүштөр, метеориттер, палеонтологиялык, археологиялык же
илим жана маданият үчүн мааниси бар башка объекттер табылган учурда жер
казынасын пайдалануучулар тийиштүү участокко иштерди токтото туруп, бул
жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
ганга билдирүүгө милдеттүү.
34-берене. Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды
куруунун шарттары
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-
дан курулуш түшө турган участоктордун астындагы жер казынасында пайда-
луу кендердин жок экендиги тууралуу маалыматты алганга чейин калктуу
конуштарды, өнөр жай комплекстерин жана башка чарбакер объекттерди дол-
боорлоого жана курууга тыюу салынат.
Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды курууга, ошондой эле
алар жаткан жерлерге пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган
жер астындагы курулуштарга жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен негизделген ТЭН бар болгон
өзгөчө учурларда жол берилет.
35-берене. Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды
жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган
объекттерди жоюу жана консервациялоо
Пайдалуу кендердин корлору иштетилип бүткөндөн кийин же жер казы-
насын пайдаланууда колдонулуучу объекттердин жана курулуштардын зарыл-
дыгы болбой калган учурда, ошондой эле экономикалык жана башка себептер
боюнча кен чыккан жерди андан ары иштетүүгө же объектти эксплуатацияло-
ого мүмкүн болбой калган кезде, пайдалуу кендерди казып алуу боюнча иш-
каналар же казып алуу үчүн багытталбаган объекттер жана курулуштар эко-
логиялык, техникалык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча мамле-
кеттик органдардын макулдугу менен атайын долбоор боюнча иштердин конт-
ролдук мөөнөтүн көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануучулардын каража-
тынын эсебинен жоюлууга же консервацияланууга тийиш.
Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды же казып алууга
багытталбаган объекттерди толук же жарым-жартылай жоюуда же консерваци-
ялоодо тоо-кен казмаларын жана жер казынасын пайдалануучу объектилер
жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен калктын коопсуздугун, курчап
турган чөйрөнү коргоону, имараттардын жана курулуштардын сакталышын
камсыз кылгыдай, ал эми консервациялоо учурунда - ошондой эле кен чык-
кан жерди, тоо казмаларын жана объекттерди консервация мезгилинде сак-
талгандай абалга келтирүүгө тийиш.
Пайдалуу кендерди казып алуучу ишкана жоюлган учурда тоо-кен каз-
маларын башка максатка пайдалануу мүмкүнчүлүгу кошо чечилиши керек.
Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалар, жер казынасындагы
объекттер жана курулуштар жоюлган жана консервацияланган учурда бардык
маркшейдерлик, геологиялык жана техникалык документтер жер казынасын
пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактап коюуга
өткөрүлөт.
Тоо-кен казмаларын жана объекттердин инфраструктураларын консерва-
циялоо жана жоюу боюнча иштердин техникалык талаптары жана жүргүзүүнүн
тартиби мамлекеттик тоо-кен көзөмөлү жана мамлекеттик экологиялык конт-
ролдоочу органдар тарабынан жер казынасын коргоо бөлүгү жагынан жер ка-
зынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ма-
кулдашуу аркылуу аныкталат.
36-берене. Жер казынасын пайдалануу объектилерин
рекультивациялоо
Жер казынасын пайдалануу объектилерин рекультивациялоо кен чыккан
жерди өнөр жайлык иштетүүдөн баштап лицензиат тарабынан ай сайын кото-
руулардын эсебинен чогулган рекультивациялоо фондунун каражаттары менен
ишке ашырылат. Рекультивация кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мам-
лекеттик орган менен, жер казынасын пайдалануу боюнча, тоо-кен жана
экологиялык көзөмел боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен
жана жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органы менен макулдашылган атайын долбоор боюнча жүргүзүлөт.
Рекультивациялоо фондунун каржылык каражаттары банктардын атайын
эсептерине жайгаштырылат жана башка максаттарга, анын ичинде салык жана
бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды жоюу үчүн да сарпталышы мүмкүн эмес.
Ишкананын кудуретсиздиги учурунда же өзүн-өзү жоюусунда рекульти-
вациялоонун атайын фондусундагы каражаттар кредиторлордун доо арыздарын
канааттандыруу үчүн сарпталышы мүмкүн эмес, алар лицензиялык объекти-
деги рекультивациялык иштерди каржылоо үчүн жердин укуктуу ээлеринин
эсептешүү эсебине которулат.
VI бөлүм. Жер казынасын пайдалануу объекттерин мамлекеттик
эсепке алуу жана пайдалуу кендердин корлорун мамлекеттик
экспертизалоо
37-берене. Жер казынасын пайдалануу объекттерин
мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо
Мамлекеттик эсепке жана мамлекеттик каттоого алууга тийиштүү бол-
гондор: жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер, пайдалуу кен-
дерди казып алуу үчүн, анын ичинде техногендик түзүлүштөрдөн, ошондой
эле казып алуу менен байланыштуу болбогон максаттар үчүн, берилген жер
казынасындагы участоктор.
Жер казынасындагы пайдалануу объектилерин мамлекеттик эсепке алуу
жана каттоо жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган тарабынан ишке ашырылат.
38-берене. Жер казынасын пайдалануудагы мамлекеттик
кадастрлар
Мамлекеттик кадастрлар пайдалуу кендер чыккан, байкалган жерлер
жана техногендик түзүлүштөр боюнча, ошондой эле пайдалуу кендерди казып
алуу менен байланышпаган максаттарда колдонулуучу жер казынасындагы
объекттер боюнча түзүлөт.
Пайдалуу кендердин чыккан, байкалган жерлеринин жана техногендик
түзүлүштөрүнүн мамлекеттик кадастрлары алардын жайгашкан ордун, негизги
жана аны менен кошо жаткан пайдалуу кендин санын жана сапатын
мүнөздөөчү маалыматтарды, тоо-кен техникалык, гидрогеологиялык жана
башка пайдалуу кендер чыккан жерди иштетүүнүн башка шарттарын жана
алардын экономикалык бааланышын камтыйт.
Пайдалуу кендерди казып алуу үчүн багытталбаган жер казынасындагы
объектилердин мамлекеттик кадастрлары алардын жайгашкан орду,
өлчөмдөрү, багыты, колдонуу мөөнөтү, тоо-кен - геологиялык жана объект-
тин жайгашуусунун башка жаратылыш шарттары жөнүндө маалыматтарды кам-
тыйт.
Мамлекеттик кадастрлар жер астындагы кендерди пайдалануу боюнча
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
39-берене. Пайдалуу кендердин корлорун жана казып алуу менен
байланышпаган жер казынасынын участоктору жөнүндөгү
геологиялык маалыматты мамлекеттик экспертизалоо
Чалгындоо жүргүзүлгөн кен чыккан жерлердин пайдалуу кендеринин
корлору жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган
жер астындагы объектилерди куруу жана эксплуатациялоо үчүн белгиленген
жер казынасынын участоктору тууралуу геологиялык маалымат Кыргыз Рес-
публикасынын пайдалуу кендердин корлору боюнча Мамлекеттик комиссиясы
тарабынан мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
Пайдалуу кендер чыккан жерлердин чалгындоо жүргүзүлгөн корлоруна
мамлекеттик экспертиза кен чыккан жерлердин геологиялык изилдөөнүн кай-
сы гана баскычында болбосун жүргүзүлөт, эгерде экспертизага берилип
жаткан геологиялык материалдар пайдалуу кендердин корлорунун санына жа-
на сапатына, алардын экономикалык маанисине, аларды казып алуунун
тоо-кен техникалык, гидрогеологиялык, экологиялык жана башка шарттарына
объективдүү баа берүүгө мүмкүндүк берген шарттарда.
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган жер ас-
тындагы курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо үчүн жарактуу болгон
жер казынасынын участоктору тууралуу геологиялык маалымат да мамлекет-
тик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш. Мындай жер казынасындагы участок-
торду пайдаланууга берүүгө геологиялык маалымат мамлекеттик экспертиза-
дан өткөрүлгөндөн кийин гана уруксат берилет.
Мамлекеттик экспертизанын пайдалуу кендердин корлору тууралуу ко-
рутундусу пайдалуу кендердин чалгындоо жүргүзүлгөн корлорун мамлекеттик
баланска (эсепке) коюуга негиз болуп саналат.
40-берене. Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик
баланстары жана аларды эсептен чыгаруу
Корлордун мамлекеттик баланстары өнөр жайлык мааниси бар кен чык-
кан жерлер боюнча пайдалуу кендердин саны, сапаты жана канчалык даража-
да изилденгени, алардын экономикалык баалуулугу, жайгашкан орду жана
өнөр жайлык өздөштүрүлгөн даражасы, казып алынышы, коромжуга учурашы
жана иштеп жаткан ишканалардын пайдалуу кендердин чалгындоо жүргүзүлгөн
корлору менен камсыз кылынгандыгы тууралуу маалыматтарды камтыйт.
Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары жер казынасын
пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекет-
тик экспертизанын корутундусунун жана жер казынасын пайдалануучулардын
жыл сайын берүүчү геологиялык жана тоо-кен бөлүктөрүнүн чектериндеги
чалгындоонун жыйынтыктары жана чалгындоо жүргүзүлгөн корлордун түгөнүшү
жөнүндөгү маалыматтардын негизинде түзүлөт.
Казып алуу процессинде өнөр жайлык маанисин жоготкон же коромжу
болгон же болбосо кийинки геологиялык чалгындоо иштеринде же кен чыккан
жерди иштетүүдө тастыкталбаган пайдалуу кендердин баланстык корлорун
тоо-кен өндүрүүчү ишкананын эсебинен чыгарып таштоо пайдалуу кендердин
корлорунун мамлекеттик баланстарына тиешелүү өзгөрүүлөрүн көрсөтүү ме-
нен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
тарабынан жүргүзүлөт.
VII бөлүм. Мамлекеттик геологиялык фонд
41-берене. Жер казынасы жөнүндөгү геологиялык жана башка
маалыматтар, мамлекеттик геологиялык маалымат
ресурстары
Жер казынасы жөнүндөгү геологиялык жана башка маалыматтар (маалы-
мат ресурстары) деп геологиялык отчеттордогу, карталардагы жана башка
материалдардагы геологиялык, тоо-кен-техникалык, экономикалык маалымат-
тар, анын ичинде Жерге аралыктан зонд жасалгандагы геологиялык де-
шифрлөөнүн маалыматтарын кошкондо, ошондой эле геофизикалык жана геохи-
миялык аянттар, тоо тектердин, пайдалуу кендердин, жер астындагы суу-
лардын, жылуулук процесстердин жана жер казынасынын бөлүктөрүнүн башка
параметрлеринин касиеттери жөнүндөгү маалыматтар эсептелет.
Геологиялык маалымат ресурстары жер казынасын изилдеп жаткан бар-
дык уюмдар, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан, Мамле-
кеттик геологиялык фондго (мындан ары - Фонд) сөзсүз түрдө акысыз
өткөрүп берүүчү материалдардын (отчеттордун) системасынын негизинде,
жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бел-
гилеген тартипте түзүлөт. Отчеттор кагаз жана электрондук түрдө болуп
изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын камтыш керек, анын ичинде алынган сынамык-
тардын мейкиндикке байланыштырылуусу менен жыйынтыктардын электрондук
базалык маалыматтарын камтыйт.
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууну администрациялоо жер
казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кура-
мында иштеп жаткан Фонд оперативдүү башкаруу укугунда жүзөгө ашырат.
Фонддун аймактык филиалдары болушу мүмкүн, бирок геологиялык маалымат-
тын бир нускасы сөзсүз түрдө борбордук сактоо жайында сакталууга тийиш.
Фонд бардыгына жалпы жеткиликтүү болуп саналат, Кыргыз Республика-
сынын жарандары жана чет өлкөлүк жактар үчүн ачык жана маалымат ресурс-
тарды пайдаланууга эч кандай кошумча уруксат алууну талап кылбайт.
Фонддун маалымат ресурстарына эркин кирүүгө пайдалануучулардын укугу эч
кандай чектелбейт.
42-берене. Жер казынасы жөнүндөгү маалыматка ээлик кылуу
жана аны колдонуунун тартиби
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен алынган, ошондой эле
мамлекеттин үлүшү бар ишканалардан алынган жер казынасы жөнүндөгү гео-
логиялык жана башка маалымат мамлекеттин менчиги болуп саналат. Мамле-
кеттин менчиги болуп турган Фонддо сакталуучу отчеттордун түп нускалары
сатып алуу-сатуунун объектиси болууга тийиш эмес жана менчиктөөгө бол-
бойт.
Жеке компаниялардын өздүк каражаттарынын эсебинен алынган жер ка-
зынасы жөнүндөгү геологиялык жана башка маалымат, лицензия күчүндө тур-
ган мезгил ичинде алардын менчиги болуп саналат, анын мөөнөтү бүткөндөн
кийин жер казынасы жөнүндөгү маалымат мамлекеттин менчигине акысыз
өтөт.
Жер казынасын пайдалануучу тарабынан жер казынасын пайдалануу бо-
юнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген аралык маалымат, анын
ээсинин талабы боюнча жашыруун мүнөздө болушу мүмкүн.
Мындай маалыматка кирүүгө мүмкүндүгү бар кызмат адамдары анын жа-
шырындуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
Фонддун маалымат ресурстарын пайдаланууга акы төлөнөт. Фонддун
пайдалануучулары геологиялык маалымат ресурстарынын кагаз жана элект-
рондук көчүрмөлөрүн алууга укугу бар.
Фонддун маалымат ресурстарындагы анык документтин бардыгы
жөнүндөгү маалымат акысыз берилет.
Жер казынасы жөнүндөгү мамлекеттик маалыматты колдонуунун тартиби
жана шарттары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекет-
тик орган тарабынан аныкталат жана геологиялык материалдарды тариздөө
тартиби, аларды Мамлекеттик геологиялык фондго өткөрүү жана аларды пай-
далануу жөнүндөгү атайын жобо менен жөнгө салынат.
VIII бөлүм. Жер казынасын пайдалануудагы салыктар
жана төлөмдөр
43-берене. Жер казынасын пайдалануудагы салык салуулар
Жер казынасын пайдалануучуларга Кыргыз Республикасында салык
мыйзамдары жайылтылат.
Ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралгандан тышкары учурларда жер
казынасын пайдалануу акы төлөө менен болот.
Төлөнүлүүчү төлөмдөрдүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын
Салык кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен атайын жобо-
лор менен аныкталат.
44-берене. Жер казынасын пайдаланууда төлөмдөрдөн бошотуу
Жер казынасын пайдаланууда төлөмдөрдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) айыл чарба продукциясын өндүрүүчү, жалпы таралган пайдалуу кен-
дерди белгиленген тартипте өздөрүнүн муктаждыктары үчүн казып алуучу
жер бөлүктөрүнүн менчик ээлери, ошондой эле жерди пайдалануучулар;
2) жер казынасын изилдөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана
башка иштерди, жер титирөөлөрдү алдын ала болжолдоо боюнча иштерди, ин-
женердик-геологиялык изилдөөлөрдү, геоэкологиялык изилдөөлөрдү, жер ас-
тындагы суулардын режимин көзөмөлдөөнү, ошондой эле жер казынасынын
бүтүндүгүн бузбастан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен же
гранттык негизде башка иштерди жүргүзүүчү жер казынасын пайдалануучу-
лар;
3) өзгөчө экологиялык, жаратылыш коргоочу, илимий, тарыхый-мада-
ний, эстетикалык жана башка мааниси бар өзгөчө корголуучу жаратылыш
объекттилерин түзүү үчүн жер казынасынын участокторун алган жер казына-
сын пайдалануучулар;
4) чачынды пайдалуу кендердин билинген жерлерин иштетүүнү каттату-
унун негизинде жүргүзүүчү өз алдынча кен чайкоочулар;
5) пайдалуу кендердин техногендик түзүлүштөрүн кайрадан иштетүүчү
жер казынасын пайдалануучулар.
IX бөлүм. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш-
тартыштарды чечүү жана жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарды
бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45-берене. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча
талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча талаш-тартыштар жер ка-
зынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуу-
су менен сот же соттон сырткары тартипте чечилет.
46-берене. Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы
үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамда каралган жер казынасына ээ болуу, пайдалануу жана
тескөө укуктарын бузуучу түз же жабык түрдөгү бүтүмдөр (аракеттер) жа-
раксыз болуп саналат.
Төмөндө көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү (аракеттерди) бузууга көнөөлүү
адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарты-
шат:
- жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди иштегендердин
жана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч туудурган ыкмалар, жер казынасын
жана курчап турган чөйрөнү булгоо менен жүргүзүшсө;
- пайдалуу кендер жайгашкан аянттарга өз алдынча курулуштарды ку-
рушса;
- жер казынасын өз эркинче пайдаланышса;
- кен чыккан жерлерди ылгап казып алышса;
- жер казынасы жөнүндөгү маалыматка менчик укугун бузушса;
- жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүүчү режимдик скважиналарды,
маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылышса же бузушса;
- жоюлуп же консервацияланып жаткан тоо-кен казмаларын жана сква-
жиналарды калктын коопсуздугун камсыз кылуучу абалга келтирүү боюнча
талаптарды, ошондой эле ишкананын консервациялануу мезгилинде тоо-кен
казмаларын жана бургулоочу скважиналарды сактап калуу боюнча талаптарды
аткарышпаса.
Жер казынасын өз эркинче пайдалануу жана пайдалуу кендер жайгаш-
кан аянттарга өз алдынча курулуштарды куруу жер казынасын пайдалануу
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде чыгым-
дары кайрылып берилбестен токтотулат.
47-берене. Жер казынасын пандалануучуга тарткан зыяндарынын
ордун толтуруу
Эгерде юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ишинин натыйжа-
сында жер казынасынын табигый касиеттери начарлап кетсе жана жер казы-
насын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай же толук жокко чыгаргыдай
шарттар түзүлсө, жер казынасын пайдалануучунун тарткан зыяндарынын орду
ошолордун эсебинен толтурулат. Эгерде участок толук пайдаланылбай тур-
са, анда зыяндардын орду жер казынанын ээсине - мамлекетке толтурулат.
48-берене. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан
зыяндардын ордун мамлекетке толтуруу
Жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү менен келтирилген зыяндардын
ордун мамлекетке толтуруу экономикалык маанисин жоготкон корлордун са-
нына жана баалуулугуна жараша аныкталат.
Зыяндардын ордун толтуруунун жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын
жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
X бөлүм. Корутунду жоболор
49-берене. Өтмө жоболор
Геологиялык иликтөөгө мурда берилген лицензиялар ушул Мыйзам
күчүнө кирген күндөн баштап бир жылдын ичинде пайдалуу кендерди издөө
лицензиясына жана чалгындоо лицензиясына өзгөртүлүүгө тийиш.
Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин алынган лицензиялар үчүн лицен-
зиялык аянттардын конфигурацияларын сактоого жол берилет.
50-берене. Эларалык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда бел-
гиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда кам-
тылгандан бөлөк эрежелер аныкталса анда эларалык келишимдердин эрежеле-
ри колдонулат.
51-берене. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
жөнүндө
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин
күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" 1997-жылдын 2-июлун-
дагы N 42 Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 27-июнундагы № 584-IV ""Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу" токтомуПостановление · 27.06.2008 · № 584-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы №588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-майындагы № 210 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 17.09.2009 · № 588 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуЗакон · 10.04.2002 · № 49
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы №588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-майындагы № 210 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 17.09.2009 · № 588 · Күчүн жоготкон