Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-майы № 206
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү бо-
лууга дайындалсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-статья.
"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1997-ж., № 6, 232-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 14-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи бөлүктөр
менен толукталсын:
"Балыктардын Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө жашаган өзгөчө
баалуу жана эндемикалык түрлөрү өзгөчө корулууга тийиш.
Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү болуп
Ысык-Көлдөгү жана амударыядагы жилињгир, май канат, момун балык,
Ысык-Көлдөгү көк чаар, Ысык-Көлдөгү чабак, чабакча, сары боор жана
кањылтыр эсептелет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муни-
ципалдык көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемика-
лык түрлөрүн кармоого чектөө киргизилиши мүмкүн.".
2. 18-статьядагы "максаттык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес
фонддор түзүлүшү мүмкүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда фонд түзүлөт"
деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Балык чарбаны өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу
Балык чарбаны өнүктүрүү фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден максаттык балык чар-
ба программаларын ишке ашыруу үчүн бөлүнүүчү которуулардан;
- менчигинин формасына жана чарба жүргүзүүсүнүн ыкмасына карабас-
тан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан, анын ичинде биргелешкен
жана чет өлкөлүк юридикалык жактардан, балык чарба көлмөлөрүн жана суу-
дагы биологиялык ресурстардан пайдалангандык үчүн түшүүлөрдөн:
- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын балык чарбаны
өнүктүрүүгө ыктыярдуу кошумчаларынан;
- балык запастарды көбөйтүү үчүн жумуштарды каржылоого максаттык
каражаттардан;
- балык өстүрүүгө, балык уулоого жана балык запастарды корууга ин-
вестицияларды жана гранттарды тартуудан түшкөн каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка
түшүүлөрдөн (анын ичинде четөлкөлүк валютада).
Кыргыз Республикасынын балык чарбаны өнүктүрүү фондунун каражатта-
ры төмөнкүдөй иш-чараларды каржылоого жумшалат:
- балык тармагын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик балык өстүрүүчү чар-
баларды уюштурууга;
- балык өстүрүүчү ишканаларда жана алардын көлмө фондунда
оњдоо-калыбына келтирүү жана реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүүгө;
- балык чарбалык жана башка көлмөлөрдө илимий жана ихтиологиялык
изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- балык чарбалык көлмөлөрдө жана көлмөлүк балык чарбаларда балык
өстүрүү-мелиорация жумуштарын жана балыктардын ылањдарынын алдын алуу,
балык өстүрүүчү чарбаларды мите фаунадан жана балыктардын инвазийлери-
нен тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- балык питомниктерин жана инкубациялык цехтерди түзүүгө;
- республиканын балык чарбалык көлмөлөрүн балыктандыруу үчүн ба-
лыктын кое берилчү сапаттуу материалын алууга;
- көлмөлүк балык чарбаларда селекциялык-асыл тукумдук ишти
жүргүзүүгө;
- ышкыбоздук жана спорттук балык кармоо үчүн маданий балык чарба-
ларды уюштурууга жана өнүктүрүүгө;
- балыкты коруу мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын иш-
теп чыгууга, балык чарба көлмөлөрдү жана суудагы биологиялык ресурстар-
ды пайдалануунун экономикалык механизмин өркүндөтүүгө;
- садоктук жана көлдүк-товардык балык чарбаларды өнүктүрүүгө жана
аларды заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдууга;
- балык запастарын корууга жана көбөйтүүгө, балыктардын баалуу
түрлөрүн жана суудагы жемдик организмдерди климатташтырууга жана рес-
публиканын көлмөлөрүнө кое берүүгө;
- балык чарба үчүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого;
- балык чарбаны өнүктүрүү жана балык чарбалык көлмөлөрдөгү бра-
коньерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга активдүү катышкан адам-
дарды сыйлоого;
- балык чарбаны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-
дын материалдык-техникалык базасын чыњдоого.
Фондду түзүүнүн жана каражаттарын пайдалануунун тартиби Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-
дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,
1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 15-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 149-1-статья менен толуктал-
сын:
2. "149-1-статья. Мыйзамсыз кармалган балыкты алуу же сатуу
Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан жасалган балык продукцияны
жана икраны алуу же сатуу, - балыкты жана андан жасалган продукцияны
жана икраны конфискациялоо менен жарандарга - жыйырма, кызмат адамдары-
на - отуз эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга кириптер кылат.".
3. 508-статья "149," деген сандан кийин "149-1," деген сан менен
толукталсын.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине (Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998-ж., 229-ст.) төмөнкүдөй то-
луктоо киргизилсин:
1. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 276-1-статья менен толукталсын:
"276-1-статья. Мыйзамсыз кармалган балыкты алып чыгуу, ташуу,
алуу, сатуу
(1) Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан жасалган продукцияны
жана икраны алып чыгуу, ташуу, алуу же сатуу, эгер бул иштер балыктын
өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнө карата жасалса - беш мињ эсеп-
тик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салуу менен, же бир жылга чейин
түзөтүү жумуштары менен же эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу менен
айыпталат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө айтылган ошол эле иштер өнөр
жайлык түрдө, ири өлчөмдө, адамдардын тобу тарабынан мурдатан макулда-
шуу боюнча же уюшкан топ тарабынан жасалса, - бештен он мињге чейинки
эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салуу менен, же эки жылга чейин
түзөтүү жумуштары менен же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу менен
айыпталат.
Эгер балык продукциянын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
кылмыш жасалган учурга карата белгиленген эсептик көрсөткүчтөн мињ эсе
ашык болсо, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган иш ири өлчөмдө деп
эсептелет.".
4-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 514-IV ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Балык чарбасы жөнүндө"…Постановление · 19.06.2008 · № 514-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Балык чарбасы жөнүндөЗакон · 25.06.1997 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон