Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өкмөт Үйүнүн «Балыктын Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, алууга,сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-майы № 205
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Балыктын Ысык-Көлдө жана Соњ-Көлдө жашаган өзгөчө баалуу
жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, алууга,
сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Балыктын Ысык-Көлдө жана Соњ-Көлдө жашаган өзгөчө баалуу жана
эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, алууга, сатууга жана алып чы-
гууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуу-
га дайындалсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Балыктын Ысык-Көлдө жана Соњ-Көлдө жашаган өзгөчө
баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга,
алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын балык чарбалык көлмөлөрүндө ба-
лыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнүн запастарын сактоого
жана көбөйтүүгө арналган.
1-статья.
Балыктын Ысык-Көлдө жана Соњ-Көлдө жашаган өзгөчө баалуу жана эн-
демикалык түрлөрүн илимий жана балык запастарын көбөйтүү максатынан
башка учурларда кармоого, анын ичинде алардан жасалган балык продукция-
ны жана икраны ташууга, алууга, сатууга жана алып чыгууга 2 жыл мөөнөт
менен тыюу салынсын.
2-статья.
Балыктын Ысык-Көлдө жана Соњ-Көлдө жашаган өзгөчө баалуу жана эн-
демикалык түрлөрүн мыйзамсыз кармаганда, алардан жасалган продуктуларды
же алардын икрасын, ташыганда, алганда, сатканда жана Кыргыз Республи-
касынан алып чыкканда мындай иштерди жасоонун куралы же түздөн түз объ-
екти болгон, же өнөр жайлык кармоого, ташууга, балык продукциясын жана
алардын икрасын өндүрүүгө же кайра иштетүүгө катышкан предметтер (мый-
замсыз балык кармоонун куралдары, сүзүүчү жана башка транспорттук кара-
жаттар, балыкты иштетүү боюнча цехтер, мыйзамсыз кармалган же алынган
балык, алардан жасалган балык продукция жана икра) соттук тартипте кон-
фискацияланууга тийиш.
Балыкты браконьерлик кармоодо пайдаланылган конфискацияланган сү-
зүүчү каражаттар жана башка транспорттук каражаттар, ошондой эле эреже
бузгандардан алып коюлган балык жана андан жасалган балык продукция жа-
на икра Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү жобого ылайык сатылууга
тийиш.
Балыкты браконьерлик кармоодо алып коюлган мыйзамсыз балык уулоо
үчүн куралдар балык чарба субъекттерине сатылат же Кыргыз Республикасы-
нын балык чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу атайын мамлекеттик органы
аныктачу тартипте жок кылынат.
Браконьерлик иштен түшкөн кирешелер алып коюлат жана республикалык
бюджетке кириштелүүгө тийиш.
Бул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-июнундагы № 480-IV ""Ысыккөлдө жана Соңкөлдө жашаган балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатып…Постановление · 12.06.2008 · № 480-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 191 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон