Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргызинтранс» эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-майындагы
№ 204 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик
ташуу башкармалыгы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы
(мындан ары - "Кыргызинтранс") Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигинин Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн
ортосунда эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө өкмөттөр аралык макул-
дашууларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет.
2. Толук аталышы:
мамлекеттик тилде "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-
кациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу
башкармалыгы";
расмий тилде "Управление международных автомобильных перевозок
"Кыргызинтранс" Министерства транспорта и коммуникаций Кыргызской Рес-
публики";
кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде - "Кыргызинтранс" ЭАТБ;
расмий тилде - УМАП "Кыргызинтранс".
3. "Кыргызинтранс" өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын
Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республика-
сынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ченемдик укуктук
актыларын, эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерин жана че-
немдерин, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле
ушул Жобону жетекчиликке алат.
"Кыргызинтранс" өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мекеме бо-
луп эсептелет. "Кыргызинтранс" ага бекитилген мүлктү оперативдүү түрдө
башкарууну аткарат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы тү-
шүрүлгөн гербдүү мөөрү жана казыналык системада эсеби бар.
4. "Кыргызинтрансты" кармоого чыгымдарды каржылоо республикалык
бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы
келбеген башка кирешелердин эсебинен жүргүзүлөт.
5. "Кыргызинтранстын" Жобосу, башкаруу схемасы жана штаттык саны
Кыргыз Республикасынын Окметү тарабынан бекитилет.
6. "Кыргызинтранстын" юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва
көчөсү, 154-11.
2. "Кыргызинтранстын" негизги милдеттери жана функциялары
7. "Кыргызинтранстын" негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсепте-
лет:
- Кыргыз Республикасында эл аралык автомобилдик ташууларды өнүктү-
рүү жана калыптандыруу жана аларды эл аралык транспорттук системага ин-
теграциялоо;
- тышкы транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү изилдөө, башка мамлекет-
тер менен экономикалык мамилени өнүктүрүү;
- чет мамлекеттер менен эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө ма-
кулдашуулардын жана келишимдердин долбоорун түзүү;
- улуттук жана башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын астында
кыргыз автоташуучулардын кызыкчылыгын коргоо.
8. "Кыргызинтранс" жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функци-
яларды аткарат:
а) тармактык саясат функциясы:
- эл аралык автомобилдик катнашты уюштурууда мамлекеттик саясатты
иштеп чыгууга катышуу;
- эл аралык автомобилдик ташуулар боюнча макулдашуулардын долбоо-
рун иштеп чыгууга катышуу;
б) жөнгө салуу функциясы:
- эл аралык макулдашууларга ылайык эл аралык автомобилдик ташуу-
ларды аткарууда Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча кирүүлөргө, чыгуу-
ларга жана транзиттик өтүүлөргө уруксат берүү;
- эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууга эл аралык товар-
дык-транспорттук коштомолорду (СМК) бланктар менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагына кыргыз жана чет өлкөлүк автот-
ранспорттук каражаттардын киришин жана чыгышын оперативдүү эсепке алуу;
в) координациялоо жана текшерүү функциясы:
- эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдердин сакталышын камсыздоо;
- мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарууну жана алардын сакталы-
шын жана натыйжалуу колдонулушун контролдоо;
г) кызмат көрсөтүү боюнча функциясы:
- эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруунун шарттары жана тар-
тиби жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берүү;
- эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруу боюнча конвенциялар-
дын, макулдашуулардын жоболору жана талаптары жөнүндө автоташуучуларга
нускама берүү жана документтер менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кызматтарды
көрсөтүү;
д) колдоо функциясы:
- финансы ишмердигинде эсеп жүргүзүүнү өркүндөтүүнү камсыздоо жана
топтомо отчетторду жана баланстарды түзүү;
- "Кыргызинтранстын" борбордук аппаратын кармоого чыгымдардын сме-
тасын, ошондой эле республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен каржы-
лануучу аймактык бөлүнүштөрүнүн аппараттарын кармоого чыгымдардын сме-
тасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-
гине берүү;
"Кыргызинтранс" ишмердигинин белгиленген чөйрөсүндө башка функция-
ларды аткарат, эгер мындай функциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык ага жүктөлгөн болсо.
3. "Кыргызинтранстын" укуктары
9. "Кыргызинтранс" ушул Жобо менен аныкталган негизги милдеттерди
ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- эл аралык автомобилдик катнаш жагында эл аралык келишимдердин
жана макулдашуулардын долбоорлорун даярдоого;
- эл аралык автомобилдик ташуулар боюнча ченемдик укуктук актылар-
дын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча чет өлкөлүк автоташуучулар-
дын кирүүгө, чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксатын текшерүүгө;
- эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууга Кыргыз Республикасы-
нын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин макулдугу боюнча баш-
ка мамлекеттер менен уруксат берүүчү бланктарды алмаштырууга;
- аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин докладдарын жана маалымат-
тарын угууга, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери бо-
юнча кењешмелерди өткөрүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде иштерди аткарууга юридикалык жана
жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө.
10. "Кыргызинтранстын" кызматкерлерин укуктук жана социалдык жак-
тан коргоо "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө
салынат.
4. "Кыргызинтранстын" башкаруу органдары
11. "Кыргызинтранс" Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-
кациялар министрлигине отчет берип турат.
12. "Кыргызинтрансты" Кыргыз Республикасынын транспорт жана комму-
никациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу ди-
ректор башкарат.
13. "Кыргызинтранстын" директору:
- "Кыргызинтранстын" ишмердигин жетектейт жана анын ишин уюштурат,
ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жооп-
керчилик тартат;
- "Кыргызинтранстын" борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү
жөнүндө жоболорду бекитет;
- анын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;
- аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- ишеним катсыз эле "Кыргызинтранстын" атынан чыгат жана мамлекет-
тик органдарда, ошондой эле башка юридикалык жактарда анын кызыкчылыгын
жактайт жана ишкердик байланыштарды түзөт;
- ишеним каттарды берет, казыначылыкты тейлөөчү банктарда же
эсеп-сактык компанияларда эсептерди ачат;.
- "Кыргызинтранстын" борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана ай-
мактык бөлүнүштөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бо-
шотот;
- республикалык бюджеттен "Кыргызинтранска" бөлүнгөн каражаттардын
чыгымдар сметасынын сакталышын жана аны аткаруу боюнча отчетторду кам-
сыздайт;
- өз компетенциясынын чегинде кызматкерлер жана аймактык бөлүнүш-
төр үчүн милдеттүү приказдарды жана башка буйруктарды чыгарат;
- "Кыргызинтранска" жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана алар-
дын жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат.
14. "Кыргызинтранстын" директорунун бир орун басары бар.
15. "Кыргызинтранстын" директорунун орун басары "Кыргызинтранстын"
директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана комму-
никациялар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошо-
тулат.
16. Директордун орун басары:
- транспорттук контролдоо пункттарынын адистеринин ортосунда функ-
циялык милдеттерди бөлүштүрөт, анын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда уруксаттардын бери-
лишин уюштурат жана контролдойт;
- документтерди даярдоону жана чет мамлекеттер менен уруксаттарды
өз учурунда алмаштырууну уюштурат;
- эл аралык автомобилдик катнаш жагында ченемдик укуктук актыларды
иштеп чыгууга катышат;
- эл аралык автомобилдик катнаш жагында макулдашууларды ишке ашы-
руу бөлүгүнде чет мамлекеттердин аткаруучу органдары менен туруктуу
байланышты ишке ашырат;
- башка мамлекеттер менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүү мак-
сатында башка мамлекеттин эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүү
рыногун изилдөөнү уюштурат.
5. "Кыргызинтранстын" мүлкү
17. "Кыргызинтранстын" мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражат-
тар, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилген жана
"Кыргызинтранстын" балансында чагылдырылган башка материалдык баалуу-
луктар түзөт.
18. "Кыргызинтранстан" негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражатта-
рын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюуга Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн чечими менен гана жол берилет.
6. "Кыргызинтранстын" эсеби жана отчеттуулугу
19. "Кыргызинтранс" оперативдүү бухгалтердик эсепти жана отчеттуу-
лукту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
20. Финансы-чарбалык ишмердигине текшерүү жүргүзүү Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
7. "Кыргызинтрансты" өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу
21. "Кыргызинтрансты" өзгөртүп кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бө-
лүү, ажыратуу) же "Кыргызинтрансты" жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүргүзү-
лөт.
22. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №204 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу…Постановление · 02.05.2008 · № 204
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон