# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №204 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №204 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12735/edition/328230/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59060.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №204 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому (02.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59060

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-майы № 204

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар

министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик

ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211

"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин,

администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка орган-

дарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды тү-

зүү маселелери жөнүндө" жана 2007-жылдын 16-октябрындагы № 468 "Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республи-

касында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга

концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун жүрүшү жана ад-

министрациялык реформаны терењдетүү боюнча чаралар тууралуу" токтомдо-

рун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-

лигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жө-

нүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-

лиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирүүнү караган нормативдик укуктук актыларды

белгиленген тартипте киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
