# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-апрелиндеги №197 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-апрелиндеги №197 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12728/edition/328223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-апрелиндеги №197 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому (30.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59053

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 30-апрели № 197

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет

өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы

№ 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин жана Кыргыз

Республикасынын Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Башкы

консулдугунун кызматкерлеринин эмгек акыларын жана материалдык стимул-

доо шарттарын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмө-

тү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөр-

дөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна төмөнкүдөй өзгөр-

түүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта "3057,6" деген сан "3108,4" деген санга алмаштырылсын;

- № 22 тиркеме ушул токтомго № 1 тиркемеге ылайык редакцияда баян-

далсын;

- № 24 тиркеме ушул токтомго № 2 тиркемеге ылайык редакцияда баян-

далсын.

2. Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин жана Кыргыз

Республикасынын Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Башкы

консулдугунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү менен бай-

ланышкан чыгымдар 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-

рлигине каралган каражаттын эсебинен жүргүзүлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 30-апрелиндеги

№ 197 токтомуна

№ 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы

Элчилигинин кызматкерлеринин

КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Элчи | 1 | 1400 |
| Кењешчи | 1 | 1252 |
| Чарба башчысы - айдоочу | 0,5 | 700 |
| Бардыгы | 2,5 |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 30-апрелиндеги

№ 197 токтомуна

№ 2 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы

Башкы консулдугунун кызматкерлеринин

КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундардын аталышы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Башкы консул | 1 | 1647 |
| Консул | 1 | 1392 |
| Вице-консул | 1 | 1227 |
| Атташе | 2 | 1062 |
| Бухгалтер - канцелярия | 1 | 1145 |
| башчысы |  |  |
| Чарба башчысы - айдоочу | 1 | 659 |
| Бардыгы | 7 |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
