Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 29-апрели № 191
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ту-
уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу
боюнча) бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-
раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-
далсын.
4. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ту-
уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 595 токтомуна ылайык
жиберилген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-
гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын.
5. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ту-
уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 595 токтому күчүн жо-
готту деп табылсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-
домосттору, 1997-жыл, № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор киргизилсин:
1. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл болгон курак жана стаж
1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка тол-
гон аялдар укуктуу.
Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептик
камсыздандыруу стажы эркектер үчүн - 25 жылды, аялдар үчүн - 20 жылды
түзөт.
Толук эсептик камсыздандыруу стажы жок адамдарга пенсия ушул Мый-
замдын 10-статьясына ылайык дайындалат.
2. Курагы боюнча пенсияга акыркы иштеген ордуна карабастан, жењил-
дик берүүчү шарттарда төмөнкү кызматкерлер укуктуу:
а) жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана
өзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштар-
дын, кесиптердин, кызматтардын жана жер алдындагы жумуштарга, иши
жењилдетилген шарттарда курагы (карылыгы боюнча) боюнча пенсияга чыгуу-
га укук берүүчү эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон
жумуштарга көрсөткүчтөрдүн № 1 Тизмеси боюнча (мындан ары - № 1 Тизме):
53 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 20
жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде
жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген эркектер;
48 жашка толгон жана иштөөнүн жалпы камсыздандыруу стажы 15 жыл,
анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын
көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген аялдар.
№ 1 Тизме боюнча талап кылынуучу камсыздандыруу стажынын тењинен
аз иш стажы болгондо ушул статьянын 1-пунктунда каралган жаш курагы
көрсөтүлгөн иштин ар бир толук жылы үчүн бир жылга кыскартылат.
№ 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөө социалдык камсызданды-
руу каражаттарынын эсебинен Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан
жүргүзүлөт;
б) эмгек шарттары зыяндуу жана оор болгон башка жумуштарда толук
жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бе-
китилүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана
жер алдындагы жумуштарга, иши жењилдетилген шарттарда курагы (карылыгы
боюнча) боюнча пенсияга чыгууга укук берүүчү эмгек шарттары өзгөчө зы-
яндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарга көрсөткүчтөрдүн № 2 Тизмеси
(мындан ары - № 2 Тизме) боюнча:
58 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 25
жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде
жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген эркектер;
53 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 20
жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде
жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген аялдар;
станоктордо жана машиналарда иштеген текстиль өндүрүштөрүнүн аял
кызматкерлери - 53 жашка толгондо жана көрсөтүлгөн жумуштардагы камсыз-
дандыруу стажы кеминде 20 жыл болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн жана кесиптердин тизмеси боюнча.
№ 2 Тизме боюнча жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине
пенсия дайындоо жана төлөө жумуш берүүчү тарабынан жењилдик берүүчү
стаждын көпчүлүк бөлүгүн иштеген жери боюнча жана ушул статьянын
1-пунктуна ылайык кызматкер пенсиялык куракка толгонго чейин жумуш
берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Ишкана жоюлган, кайра уюштурулган учурда № 2 Тизме боюнча зарыл
болгон иш стажын иштеген адамдарга жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял
кызматкерлерине пенсия төлөө, ал пенсияны төлөөгө арналган каражаттар
капиталдаштырылган жана өткөрүлүп берилген шартта Социалдык фонддун ор-
гандары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Калк көчүрүлгөн зонанын чектеринде Чернобыль АЭСиндеги кыйроо-
нун кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан (анын ичинде убактылуу
жиберилген же иш сапарына жиберилген) же ушул мезгилде Чернобыль АЭСин
иштетүүдө же башка жумуштарда иштеген адамдар, ошондой эле жайгаштырыл-
ган жерине жана аткарган ишине карабастан, ошол мезгилде атайын жыйын-
дарга чакырылган жана көрсөтүлгөн кыйроонун кесепеттерин жоюуга байла-
ныштуу жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге
милдеттүүлөр, ошондой эле калк көчүрүлгөн зонада кызмат өтөгөн ички иш-
тер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башкаруучу жана
катардагы курамынын адамдары:
а) 1986-1987-жылдардын катышуучулары:
53 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгына
карабастан, камсыздандыруу стажы 20 жыл болгон эркектер;
48 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгына
карабастан, камсыздандыруу стажы 15 жыл болгон аялдар;
б) 1988-1989-жылдардын катышуучулары:
58 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгына
карабастан, камсыздандыруу стажы 25 жыл болгон эркектер;
53 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгына
карабастан, камсыздандыруу стажы 20 жыл болгон аялдар курагы боюнча
пенсия алууга укуктуу.
4. Гипофиздик нанизм (лилипуттар) дартына чалдыккан адамдарга жана
диспропорциялуу эргежээлдерге курагы боюнча пенсия:
45 жашка толгон жана 20 жыл камсыздандыруу стажы болгон эркектер-
ге;
40 жашка толгон жана 15 жыл камсыздандыруу стажы болгон аялдарга
белгиленет.
5. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдарга (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилүүчү Бийик тоолуу шарт-
тарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесине ылайык) курагы боюнча
пенсия төмөнкү учурда белгиленет:
а) 55 жашка толгон эркектерге, 50 жашка толгон аялдарга, эгерде
алар бийик тоолуу шарттарда кеминде 20 календардык жыл иштесе жана жал-
пы камсыздандыруу стажы тиешелүү түрдө 25 жана 20 жыл болсо;
б) үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин
тарбиялаган аялдарга 45 жашка толгондо жана 20 жыл камсыздандыруу стажы
болгондо, эгерде алар бийик тоолуу шарттарда кеминде 15 календардык жыл
иштесе.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белги-
ленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына бай-
ланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.
6. Алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адам-
дарга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилүүчү
Алыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тиз-
месине ылайык) курагы боюнча пенсия 60 жашка толгон эркектерге, 55 жаш-
ка толгон аялдарга белгиленет, эгерде алар алыскы жана барууга кынын
аймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштесе.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белги-
ленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына бай-
ланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.
7. Беш жана андан көп бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин
тарбиялаган аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу стажы
болгондо курагы боюнча пенсия алууга укуктуу.
Тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейин тарбиялаган
аялдар 53 жашка толгондо жана камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондо ку-
рагы боюнча пенсия алууга укуктуу.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белги-
ленген курагына чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына байланыштуу
чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.
8. Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюу-
га, штаттын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байла-
ныштуу бошотулуучу кызматкерлер:
камсыздандыруу стажы 25 жыл болгондо - бошотулган күнүнө карата 61
жашка толгон эркектер;
камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондо - бошотулган күнүнө карата 56
жашка толгон аялдар пенсия алууга укуктуу.
Бул пенсияларды дайындоо пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген кура-
гына чейин пенсия төлөөгө жумуш берүүчү тарабынан Социалдык фондго ка-
ражаттар чегерилген шартта жүргүзүлөт.".
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 статья менен толукталсын:
"9-1 статья. Курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия
1. 9-статьянын 1-пунктунда каралган пенсия чектөө үчүн талап кы-
лынган стажы 15 жылдан ашкан камсыздандыруу стажы бар адамдар: курагы
боюнча пенсияга эркектер 60 жаштан, аялдар 55 жаштан укуктуу.
Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажы 10 жылдан ашкан камсыздан-
дыруу стажы бар адамдар, алардын ичинен жарымынан кем эмеси 9-статьянын
2-пунктунун а) пунктчасында, 3-пунктунун а) пунктчасында каралган
жењилдетилген шарттарда болсо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга эркектер 50
жаштан, аялдар 45 жаштан укуктуу.
Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажы 10 жылдан ашкан камсыздан-
дыруу стажы бар адамдар, алардын ичинен жарымынан кем эмеси 9-статьянын
2-пунктунун б) пунктчасында, 3-пунктунун б) пунктчасында жана 7-пунктта
каралган жењилдетилген шарттарда болсо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга эр-
кектер 55 жаштан, аялдар 50 жаштан укуктуу.
2. 9-статьянын 1-пунктунда каралган пенсия чектөө үчүн талап кы-
лынган стажы 10 жылдан ашкан камсыздандыруу стажы бар адамдар курагы
боюнча пенсияга укуктуу, бирок жалпы белгиленген пенсияга чыгуу курагы-
на жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес.
Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажы 5 жылдан ашкан камсыздан-
дыруу стажы бар адамдар, алардын ичинен жарымынан кем эмеси 9-статьянын
2, 3 жана 7-пункттарында каралган жењилдетилген шарттарда болсо
мөөнөтүнөн мурда пенсияга укуктуу, бирок жењилдетилген шарттарда пенси-
яга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес.
Бул пунктта каралган курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия ушул
Мыйзамдын 22-статьясында белгиленген тартипте пенсиянын өлчөмүнүн пен-
сияга укук берген куракка жеткенге чейин жетпеген ар бир ай үчүн 1,5
пайызга азайтуу менен тиешелүү негиздер боюнча эсептелет.
Пенсияларды дайындалган өлчөмдөрдө төлөп берүү тийиштүү негиздер
боюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин жүргүзүлөт.
Мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындалган адам тийиштүү негиздер боюнча
каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенде пенсиялардын өлчөмү ушул Мый-
замдын 22-статьясына ылайык мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сумма
толук тындырылганга чейин пенсиянын өлчөмү азайтылуу менен кайра кара-
лат. Сумманы жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан анык-
талат.".
3. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиялар
1. Эмгектин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсияга
төмөнкүлөр укуктуу:
а) учуу жана учуу-сыноо курамынын ушул кызматтарда иштөө узактыгы
төмөнкүдөй кызматкерлер:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Учуу, учуу-сы-
ноо, инженердик-техникалык курамын кызматкерлеринин жана жумушу иштеген
жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү аба кыймылын башкаруучу
кызматкерлердин кызматтарынын тизмесине жана Учуу, учуу сыноо курамынын
кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүн
эсептөө тартибине ылайык кеминде 25 жыл иштеген эркектер, кеминде 20
жыл иштеген аялдар;
б) аба кыймылын башкарууну жүзөгө ашыруучу жана диспетчердин
күбөлүгү бар кызматкерлер:
58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын ичинде
камсыздандыруу стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учууларын тике-
лей башкаруу боюнча болгон эркектер;
53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын ичинде
камсыздандыруу стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учуусун тикелей
башкаруу боюнча болгон аялдар;
в) жарандык авиациянын инженердик-техникалык курамынын кызматкер-
лери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Учуу,
учуу-сыноо, инженердик-техникалык курамын кызматкерлеринин жана жумушу
иштеген жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү аба кыймылын башка-
руучу кызматкерлердин кызматтарынын тизмесине жана Учуу, учуу сыноо ку-
рамынын кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынын
мөөнөтүн эсептөө тартибине ылайык:
58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын кеминде
20 жылы көрсөтүлгөн кызматтарда болгон эркектер;
53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын кеминде
15 жылы көрсөтүлгөн кызматтарда болгон аялдар;
г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Театрлардын
жана башка театралдык-оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгек-
тин өзгөчө шарты үчүн пенсияга чыгууга укуктуу артисттеринин айрым ка-
тегорияларынын тизмесине ылайык театрлардын жана башка театрал-
дык-оюн-зоок ишканалары менен жамааттардын пенсия алууга укук берген
чыгармачыл иште 20 жыл стажы бар артисттери.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда саналган кызматкерлерге пенсияларды
дайындоо жана төлөө жалпы белгиленген пенсияга чыгуу курагына чыкканга
чейин иш берүүчү тарабынан иштеп берген жењилдик стажына пропорцианал-
дуу түрдө иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мыйзамдарга ылайык ишканалар жоюлган, кайра түзүлгөн учурларда эм-
гектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу адамдарга пенсия төлөө Со-
циалдык фонддун органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жүргүзүлөт.".
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-абзац менен толукталсын
"12-1 статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда
пенсия
1. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоо үчүн талап кылын-
ган стажы 10 жылдан ашкан камсыздандыруу стажы бар адамдар алардын ичи-
нен кеминде жарымынан көбү 12-статьянын б) жана в) пункттарында карал-
ган жењилдетилген шарттарда болсо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга эркектер
55 жаштан, аялдар 50 жаштан укуктуу.
2. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоодо талап кылынган
стажы 5 жылдан ашкан камсыздандыруу стажы бар адамдар, алардын ичинен
кеминде жарымынан көбү 12-статьянын б) жана в) пункттарында каралган
жењилдетилген шарттарда болсо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга укуктуу, бирок
жењилдетилген шарттарда пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жыл-
дан эрте эмес.
Ушул пунктта каралган эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн
мурда пенсия ушул Мыйзамдын 22-статьясында белгиленген тартипте ти-
йиштүү негиздер боюнча пенсияга укук берген куракка чыкканга чейин жет-
пеген ар бир ай үчүн 1,5 пайызга пенсиясынын өлчөмү азайтылып эсепте-
лет.
Пенсияларды дайындалган өлчөмдө төлөө тийиштүү негиздер боюнча ка-
ралган пенсияга чыгуу курагына чыкканга чейин жүзөгө ашырылат.
Мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындалган адам тийиштүү негиздер боюнча
каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенде пенсиялардын өлчөмү ушул Мый-
замдын 22-статьясына ылайык мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сумма
толук жоюлганга чейин пенсиянын өлчөмү азайтылып кайра каралат. Сумманы
жоюунун тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча
көзөмөлдөөчү кењештин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-
бынан аныкталат.
3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында саналган кызматкерлерге
пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү иштеп берген жењилдик стажына
пропорцианалдуу түрдө иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашы-
рылат.".
5. 33-1-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи аб-
зац менен толукталсын:
"2006-2007-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн 2008-жылы".
2-статья.
Бул Мыйзам ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 2 жана 4-пункттарын кошпо-
гондо кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Мыйзамдын 1-статьясы-
нын 2 жана 4-пункттары 2008-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик актыларын ушул
Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-июнундагы № 495-IV ""Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 13.06.2008 · № 495-IV
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 595 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана…Постановление · 17.12.2007 · № 595 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О внесении изменений и дополнений в закон Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страхованииЗакон · 25.06.1998 · № 81
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 595 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана…Постановление · 17.12.2007 · № 595 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон