Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Токой экосистемасын өнүктүрүү департаменти жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-апрелиндеги
№ 139 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган
чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик
агенттиктин Токой экосистемасын өнүктүрүү
департаменти жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Токой экосис-
темасын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой
чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамагенттик) Кыр-
гыз Республикасынын аймагында токой экосистемасын өнүктүрүү, сактоо жа-
на токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүү тармагында бирдиктүү мамлекеттик
саясат жүргүзүүчү борбордук дењгээлдеги мамлекеттик органы болот.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын Токой кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз
Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, Мамагенттиктин
буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин Мамагенттиктин түзүмдүк бөлүнүштөрү, минис-
трликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз
Республикасынын аткаруучу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры, эл аралык, коомдук уюмдар менен өз ара тыгыз байланышта жүргүзөт.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, өзүнүн мамлекеттик
жана расмий тилдердеги аталышы түшүрүлгөн мөөргө, штамптарга, фирмалык
бланктарга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыначылык
тутумунда алыш-бериш жана башка эсептерге ээ.
5. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин каражатынын,
өзүнө караштуу бөлүнүштөрдүн өздөрүнө түшкөн атайын каражаттардын сум-
масынан которууларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу
салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
6. Башкармалыктын расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап
турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин
Токой экосистемасын өнүктүрүү департаменти";
- орус тилинде: "Департамент развития лесных экосистем Государст-
венного агентства по охране окружающей среды и лесному хозяйству при
Правительстве Кыргызской Республики".
7. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720040,
Бишкек шаары, Горький көчөсү, 142.
II. Департаменттин максаттары жана милдеттери
8. Департаменттин ишинин максаты токой баскан аянттарды көбөйтүү
максатында Кыргыз Республикасынын аймагында токой экосистемасын өнүктү-
рүүнү, сактоону жана токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүүнү камсыз кылуу
болуп саналат.
Аталган максаттарына ылайык Департамент төмөнкүдөй негизги маселе-
лерди чечет:
- токой экосистемасын туруктуу өнүктүрүү, сактоо тармагында бир-
диктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- концепцияларда жана программаларда белгиленген иш-чаралардын ат-
карылышын камсыз кылуу;
- Мамлекеттик токой фондунун (мындан ары - МТФ) аймагында токой-
лорду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, коргоо жана сактоо, күрдүүлүгүн
арттыруу жана сарамжалдуу пайдалануу иштерин уюштуруу;
- токой жайгаштырууну пландаштыруу өркүндөтүлүшүнө, ал боюнча иш-
тердин аткарылышына контролду уюштуруу жана ишке ашыруу.
III. Департаменттин иш-милдеттери
10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй иш-
терди жүргүзөт:
а) тармактык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндө:
- токой чийки заттарын жана башка ресурстарды изилдөө жана аларды
натыйжалуу пайдалануу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу;
- токой экосистемасынын жер кыртыштарынын бузулуу процесстеринин
алдын-алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- токой чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын коргоо, сактоо, кө-
бөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу тармагында нормативдик укуктук акты-
лардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорлорун, иштелип жаткан
мамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгуу жана Мамагенттикке
киргизүү;
- республиканын илимий мекемелери менен бирдикте токой фондунун
продукттуулугун жана сапаттык курамын жогорулатууну, аны коргоону жана
сактоону камсыз кылган токой чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын
иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Мамагенттикке жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын
пайдалануу жаатында жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмде-
рин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте токой
продукциясына баалардын прейскурантын иштеп чыгуу жана түзүү, тиешелүү
мамлекеттик органдар менен макулдашуу жана аны менен Департаменттин тү-
зүмдүк бөлүнүштөрүн кабардар кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте токой
чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелери
боюнча эрежелерди, негизги жоболорду жана нускамаларды, токой чарбачы-
лыгы боюнча иш-чаралардын бирдиктери аткарылгандыгы үчүн типтүү норма-
ларды жана баа ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- токой чарба ишканаларына токойду калыбына келтирүү жана санитар-
дык абалды кармоо боюнча иште көмөк көрсөтүү, токойлордун күрдүүлүгүн
жогорулатуу, калкалоочу жана кыртыштын бузулушуна каршы өстүрүлгөн
өсүмдүктөрдүн тилкелерин, ошондой эле шаарлардын жана айылдардын жана
өнөр жай борборлорунун айланасында жашыл зоналарды түзүү боюнча иш-ча-
раларды жүргүзүү;
- Мамагенттикке эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен токой эко-
системасын сактоого жана токой тармагынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө
багытталган макулдашууларды, келишимдерди түзүү боюнча сунуштарды кир-
гизүү;
б) координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:
- улуттук илимдер академиясынын илимий изилдөө институттары менен
бирдикте токойдун зыянкечтерин изилдөө жана аларга каршы күрөшүү чара-
ларын иштеп чыгуу;
- токой өсүмдүктөрүнүн генетикасын, селекциясын изилдөө;
- МТФ аймагында токойду мамлекеттик коргоого жетекчилик кылуу, то-
кой ооруларына байкоо салуу жана токой зыянкечтеринин уюктарын жана ил-
деттерин каттоо, зыянкеч курт-кумурскаларга, токой илдеттерине каршы
күрөшүү боюнча профилактикалык жана башка иш-чараларды жүргүзүү;
- токой чарба мекемелери жана уюмдары токой чарба иш-чараларын
жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын сакташын кон-
тролдоо;
- токой чарба иштеринин сапатын, токойлорду мамлекеттик каттоо бо-
юнча тартиптин, эрежелердин жана нускамалардын сакталышын, мамлекеттик
токой кадастрынын сапаттуу жүргүзүлүшүн контролдоо;
- МТФнын жерлерин бөлүүнүн жана кабыл алууну эсепке алуу, ошондой
эле МТФ жерлеринин сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо;
- токой чарба иштеринин жүргүзүлүшүн контролдоо;
- өзүнүн түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, башка юридикалык жактардын жана
адамдардын токой чарбасын жүргүзүү боюнча иштерин координациялоо жана
көзөмөлдөө;
- мыйзамда аныкталган тартипте МТФнун токой жайгаштыруу иштеринин
жүргүзүлүшүн контролдоо, токой жайгаштыруу материалдарын Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитүү;
- токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюулардан сактоону, жапайы жаны-
барларды браконьерликтен жана МТФнын токой экосистемасына зыян келтирчү
башка аракеттерден коргоону уюштуруу;
- Департаменттин илимий жана ишкер чөйрөлөр менен токой экосисте-
масын сактоо жана токой тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча ишин жүр-
гүзүү жана координациялоону камсыздоо;
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын токой чарбасын жүргү-
зүү маселеси боюнча иштерин координациялоо;
в) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- токой экосистемасынын объекттеринин иштерин жөнгө салуу макса-
тында токой экосистемасынын абалын талдоо жана аларды андан ары
өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте токой
кыюу жана токойчулук билеттерин берүүнү уюштуруу, берүүнү жана жокко
чыгарууну жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жыгач
бөлүп берүүгө наряддарды, жыгач берүүгө ордерлерди берүү;
г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- байыртан сакталып келаткан өсүмдүктөрдүн генофондун аныктоо жана
сактоо, токой үрөнчүлүгү, селекциясы боюнча иштерди уюштуруу, МТФнын
аймагында жањгак жемиш жыгачтарынын, тез өсө турган теректердин, мажү-
рүм талдын жана дарактын башка түрлөрүнүн өнөр жайлык плантацияларын
түзүү;
- токойду сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу, ушул маселелер боюнча
ишканаларды жана уюмдарды методикалык камсыздоо;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында аныкталган тартипте акылуу кызматтарды көрсөтүү;
д) ишти колдоо чөйрөсүндө:
- токой экосистемасынын фаунасын сактоо үчүн биотехникалык иш-ча-
раларды жүргүзүү;
- токой экосистемасынын объекттеринин баштапкы эсебин алуу жана
маалыматтык базасын түзүү;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экосистеманын
алкагында маалыматтарды чогултуу жана алмашуу;
- туристтик уюмдарга токой массивдеринде экологиялык туристтик
маршруттарды уюштурууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын илимий мекемелери менен бирдикте Департа-
менттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин окутуу жана
квалификациясын жогорулатуу;
- жаратылыш жөнүндө билимдерди пропагандалоо жана таркатуу, токой
экосистемасын сарамжалдуу пайдалануу жана токой чарбасын жүргүзүү боюн-
ча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды уюшту-
руу;
- токой ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында
аткаруу бийлиги органдарын, чарбакер субъекттерди, коомчулукту жана
калкты токой ресурстарынын абалы жөнүндө кабардар кылууга катышуу.
IV. Департаменттин укуктары жана милдеттери
11. Департамент өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө
укуктуу:
- МТФ аймагында жањгактын, тез өсө турган теректердин, мажүрүм
талдардын жана дарактын башка түрлөрүнүн өнөр жайлык плантацияларын тү-
зүү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий инс-
титуттары менен бирдикте токой зыянкечтерине жана илдеттерине каршы кү-
рөшүү чараларын иштеп чыгуу;
- токой экосистемасынын объекттерин өнүктүрүү жана жөнгө салуу бо-
юнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу;
- токой экосистемасынын фаунасын сактоо үчүн биотехникалык иш-ча-
раларды жүргүзүү;
- токой экосистемасынын топурак кыртышынын бузулуу процесстеринин
алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- токой экосистемасынын объекттеринин баштапкы эсебин алуу жана
маалыматтык базасын түзүү;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялык ма-
алыматтар системасынын алкагында маалыматтарды чогултуу жана алмашуу;
- республиканын илимий мекемелери менен бирдикте токой фондунун
продукттуулугун жана сапаттык курамын жогорулатууну, аны коргоону жана
сактоону камсыз кылган токой чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын
иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- токойлорду сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу маселеси боюнча иш-
каналарга жана уюмдарга усулдук жардам көрсөтүү;
- МТФ аймагында мамлекеттик токой коргоого жетекчилик кылуу, токой
ооруларына байкоо салуу жана токой зыянкечтеринин уюктарын жана токой-
дун илдеттерин эсепке алуу жана зыянкеч курт-кумурскаларга, токой ил-
деттерине каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана башка иш-чараларды
өткөрүү;
- токой чарба мекемелери жана уюмдары токой чарба иш-чараларын
жүргүзгөндө Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын сакташын конт-
ролдоо;
- токой чарба иштеринин сапатына, токойлорду мамлекеттик каттоо
боюнча тартиптин, эрежелердин жана нускамалардын сакталышына, мамлекет-
тик токой кадастрынын жүргүзүлүшүнө контроль кылуу;
- МТФ жерлерин башка категорияга которуу боюнча материалдарды ка-
роо жана макулдашуу;
- МТФ жерлерин бөлүү кабыл алуу эсебин жүргүзүү, ошондой эле МТФ
жерлеринин сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо;
- токой чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын коргоо, сактоо, кө-
бөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу тармагында нормативдик укуктук акты-
лардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорлорун, иштелип жаткан
мамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгуу жана Мамгенттикке
киргизүү;
- Мамагенттикке жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын
пайдалануу жаатында жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмде-
рин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте токой
продукциясына баалардын прейскурантын иштеп чыгуу жана аны тиешелүү
мамлекеттик органдар менен макулдашуу, аны менен Департаменттин түзүм-
дүк бөлүнүштөрүн кабардар кылуу;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан баалардын прейску-
рантынын туура колдонулушун контролдоо;
- өзүнүн түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, башка юридикалык жактардын жана
адамдардын токой чарбасын жүргүзүү боюнча иштерин координациялоо жакта
көзөмөлдөө;
- мыйзамда аныкталган тартипте токой кыюу жана токойчулук билетте-
рин берүү жана жараксыз кылуу ишин уюштуруу, жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте МТФнын
токой жайгаштыруу иштеринин жүргүзүлүшүн контролдоо, токой жайгаштыруу
материалдарын мыйзамында аныкталган тартипте бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте токой
чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселеси
боюнча негизги жоболорду жана нускамаларды, токой чарба иш-чараларынын
бирдиктери аткарылгандыгы үчүн типтүү нормаларды жана баа ченемдерин
иштеп чыгуу жана бекитүү;
- токой чарба ишканаларына токойлорду калыбына келтирүү жана сани-
тардык абалды кармоо боюнча иште көмөк көрсөтүү, токойлордун күрдүүлү-
гүн жогорулатуу, калкалоочу жана кыртыштын бузулушуна каршы өстүрүлгөн
өсүмдүктөрдүн тилкелерин, ошондой эле шаарлардын жана айылдардын жана
өнөр жай борборлорунун айланасында жашыл зоналарды түзүү боюнча иш-ча-
раларды жүргүзүү;
- токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюулардан сактоого, жапайы жаны-
барларды браконьерликтен жана токой экосистемасына МТФга зыян келтирчү
башка аракеттерден коргоого багытталган иш жүргүзүү;
- токой экосистемасын сактоо үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды жана
гранттарды тартуу максатында эл аралык кызматташтык жүргүзүү;
- Мамагенттикке эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен токой эко-
системаны сактоого жана токой тармагынын көйгөйлөрүн чечүүгө багыттал-
ган макулдашууларды, келишимдерди түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Департаменттин илимий жана ишкер чөйрөлөр менен токой экосисте-
масын сактоо жана токой тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча иштешүүсүн
жүргүзүү жана координациялоо;
- туристтик уюмдарга токой массивдеринде туристтик маршруттарды
уюштуруу жаатында экотуризмди өткөрүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын илимий мекемелери менен бирдикте Департа-
менттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин окутуу жана
квалификациясын жогорулатуу;
- жаратылыш жөнүндө билимдерди пропагандалоо жана таркатуу, токой
экосистемасын сарамжалдуу пайдалануу жана токой чарбасын жүргүзүү боюн-
ча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды уюшту-
руу;
- юридикалык жактардын жана адамдардын токой чарбасын жүргүзүү ма-
селелери боюнча иштерин координациялоо;
- токой ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында
аткаруу бийлигинин органдарын, чарбачылык субъекттерин, коомчулукту жа-
на калкты токой ресурстарынын абалы жөнүндө кабардар кылуу;
- мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте токой фондунун жерлерин пайдалану-
уга, ижарага жана токой чарбасын жамааттык жүргүзүүгө (ТЧЖЖ) берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жыгач
бөлүп берүүгө наряддарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте акы
алынчу кызматтарды көрсөтүү;
- ишканаларга (бирикмелерге), уюмдарга жана мекемелерге, ошондой
эле жарандарга жана чет өлкөлүк адамдарга жана юридикалык жактарга то-
койду пайдалануу эрежелерин бузгандыгы, токой ресурстарын сарамжалсыз
пайдалангандыгы, ошондой эле курчап турган чөйрөнү булгоонун натыйжа-
сында токойлорду бузгандыгы жана жок кылгандыгы менен байланышкан токой
чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду коюу.
11. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө
милдеттүү:
- өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ка-
туу ылайык жүргүзүүгө;
- токой экосистемасын сактоону, көбөйтүүнү, токой чарбасын сарам-
жалдуу жүргүзүүнү камсыздоого көмөктөшүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин жана Кыргыз Республика-
сынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары катуу сакталышына же-
тишүүгө;
- калкка, мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына токой экосистемасынын абалы туурасында өз убагында
жана ишенимдүү маалымат берүүгө.
V. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана бошотуучу ди-
ректор башкарат.
13. Департаменттин директорунун орун басары, бөлүм башчылары Де-
партаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери кызматка Департамент-
тин директорунун сунушу боюнча Мамагенттиктин директору тарабынан дай-
ындалышат жана бошотулушат.
14. Башкармалыктын ишин Мамагенттик контролдойт.
15. Департаменттин директору:
- Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин жетектейт
жана координациялайт;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын толук
жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат жана
көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн токой чарба ишине өндү-
рүштүк тапшырмаларды бекитет;
- Департаменттин Техникалык кењешинин отурумун өткөрөт;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- орун басарынын жана Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн же-
текчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Мамагенттикке Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчиле-
рин кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу боюнча сунуштарды кирги-
зет;
- Мамагенттикке Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, санынын, эм-
гек акы төлөө фондунун чегинде чыгымдардын эсеп-кысабын жана штаттык
тизимин бекитүүгө киргизет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн сметаларын жана штаттык
тизимдерин бекитет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жаратылышты коргоо мый-
замдарынын бузулганы туурасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
каршы келген актыларын, протоколдорун жокко чыгарат;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык Департаменттин мамлекеттик кызматчыларын, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Эмгек кодексине ылайык башка кызматкерлерди жумушка
алат жана жумуштан бошотот;
- Департаменттин кызматкерлерин мамлекеттик жана башка сыйлыктар
менен сыйлоого Мамагенттиккке сунуш кылат;
- Департаменттин жетекчилерине, адистерине жана башка кызматкерле-
рине тартиптик жазаларды берет;
- сотто жана башка мамлекеттик органдарда, мекемелерде Департамен-
ттин атынан чыгат;
- Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу мак-
сатында аларды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматерлерине
социалдык колдоо көрсөтүүгө, алардын эмгек жана турмуш шартын жакшырту-
уга көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарым
укуктарды ишке ашырат.
16. Департаменттин директору жок учурда анын милдетин орун басары
аткарат.
17. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бардык кыз-
маткерлерине бекитилген үлгүдөгү атайын форма кийим берилет, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте табелдик курал жана
атайын каражаттарды сактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга уруксат
берилет.
18. Токой экосистемасын сактоо, көбөйтүү жана токой чарбасын өнүк-
түрүү тармагында айрыкча маанилүү маселелерди кароо жана чечүү үчүн Де-
партаментте 5 кишиден турган Техникалык кењеш түзүлөт, анын курамына
Департаменттин жетекчиси (Техникалык кењештин төрагасы), анын орун ба-
сары, Департаменттин башка жетекчи кызматкерлери жана окумуштуулар ки-
рет. Департаменттин Техникалык кењешинин мүчөлөрү Мамагенттиктин дирек-
торунун буйругу менен бекитилет.
VI. Эсеп жана отчеттуулук
19. Департаментте бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчет мый-
замдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
20. Департамент квартал сайын Департаменттин жана анын түзүмдүк
бөлүнүштөрүнүн негизги жана финансылык иштери жөнүндө отчетторду Мама-
генттикке берип турат.
VII. Департаменттин ишин токтотуу
21. Департаментинин ишин токтотуу өзгөртүп түзүү жана жоюу жолу
менен ишке ашырылат.
22. Департаментти өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
23. Департаменттин иши юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине
тийиштүү жазуу жазылган учурдан тартып токтоду деп эсептелет.
24. Департаменттин иш процессинде түзүлгөн документтер "Кыргыз
Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик…Постановление · 10.04.2008 · № 139 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон