Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «187 „Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 января 2009 года № 39 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданско-правовой ответственности владельцев транспортных средств"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-01-24.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 25-апрели 187
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 39 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчи-
лигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-
нын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө
салуу кызматынын директору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу системасынын иштешин камсыз
кылуу
3-глава. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишими
4-глава. Камсыздандыруу сыйлыктары
5-глава. Камсыздандыруу учурун, келтирилген зыяндын өлчөмүн жана
камсыздандыруу төлөмүн аныктоо
6-глава. Корутунду жоболор
Бул Мыйзам транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жо-
опкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жагында келип чыгуучу мамилелерди
жөнгө салат жана аны жүргүзүүнүн укуктук, финансылык жана уюштуруу не-
гиздерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- транспорт каражатынын ээси - менчик укугунда, чарба жүргүзүү
укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда транспорт каражатына ээ бол-
гон адам же юридикалык жак;
- пайда табуучу - бул Мыйзамга ылайык камсыздандыруу төлөмүн алуу-
чу болуп эсептелген адам;
- транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилиги -
транспорт каражатын жогорулатылган кооптуулуктун булагы катары пайдала-
нуунун натыйжасында үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна жана (же)
мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун жеке адамдардын жана юридикалык жак-
тардын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамы менен белгиленген толту-
руп берүү милдети;
- камсыздандырылган жак - ага карата камсыздандыруу ишке ашырылып
жаткан адам;
- комплекстүү келишим - камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн эки
жана андан ашык бирдиктеги транспорт каражатынын ээси болуп саналган
адам тарабынан түзүлүүчү жана камсыздандырылган бир жакка карата гана
колдонулуучу транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жооп-
керчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими;
- жүргүнчү - оозеки түрүндө же жазуу жүзүндө ташуучу менен ташуу
келишимин түзгөн адам;
- жапа чегүүчү - транспорт каражатын пайдалануунун натыйжасында
өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген адам, ал зы-
яндын ордун толтуруу милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык
транспорт каражатынын ээси катары камсыздандырылуучуга (камсыздандырыл-
ган жакка) жүктөлгөн;
- стандарттуу келишим - камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн
транспорт каражатынын ээси болуп саналган адам же юридикалык жак тара-
бынан түзүлүүчү жана бир же бир нече камсыздандырылган жакка колдонулу-
учу транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишими;
- камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу менен камсыздандыруу кели-
шимин түзгөн адам. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башка каралбаса
камсыздандырылуучу камсыздандырылган жак болуп эсептелет;
- камсыздандыруу сыйлыгы - камсыздандыруу келишиминде аныкталган
өлчөмдө камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) камсыздандыруу төлөмүн
төлөп берүү милдетин камсыздандыруучу кабыл алгандыгы үчүн камсызданды-
рылуучу ага төлөп берүүгө милдеттүү болгон акчанын суммасы;
- камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруу объектиси камсызданды-
рылган акчанын суммасы жана ал камсыздандыруу учуру пайда болгондо кам-
сыздандыруучунун жоопкерчилигинин чектик көлөмүн түшүндүрөт;
- камсыздандыруу төлөмү - камсыздандыруу учуру пайда болгондо кам-
сыздандыруу суммасынын чегинде камсыздандыруучу тарабынан камсызданды-
рылуучуга (пайда табуучуга) төлөнүүчү акчанын суммасы;
- камсыздандыруу учуру - бул кырдаалдын пайда болушу менен камсыз-
дандыруу келишими камсыздандыруу төлөмүн ишке ашырууну карайт;
- камсыздандыруучу - камсыздандыруу ишин жөнгө салуучу Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамына ылайык өз ишин ишке ашыруучу жана автотранспорт
каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсызданды-
рууну ишке ашырууга белгиленген тартипте лицензия алган камсыздандыруу
уюму. Камсыздандыруучу болуп эркин экономикалык аймактын субъектиси чы-
га албайт;
- транспорт кырсыгы - транспорт каражатын пайдалануу процессинде
жана анын катышуусу менен болгон кырсык, ошондой эле натыйжасында
үчүнчү жакка зыян келтирүү менен транспорт каражатынан бөлүнүп калган
бөлүктөрдүн жана андагы жүктөрдүн кыймылы;
- транспорт каражатын пайдалануу - жолдо жүрүү, ошондой эле транс-
порт каражаттарынын жүрүшү үчүн жасалган же ылайыкталган жана пайдала-
нылуучу жолдун жанындагы аймактарда жүрүү үчүн транспорт каражатын пай-
далануу.
2-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамы
1. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчи-
лигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республи-
касынын Жарандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын
башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Эгерде бул Мыйзамда каралган эрежелерден тышкары Кыргыз Респуб-
ликасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишим менен башка эреже-
лер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
3-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу объектиси
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу объектиси (мындан ары - транспорт каражаттары-
нын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу) болуп транспорт
каражатын жогорулатылган кооптуулуктун булагы катары пайдалануунун на-
тыйжасында жапа чегүүчүгө зыян (өмүрүнө, ден соолугуна жана (же)
мүлкүнө) келтирүү менен байланышкан автотранспорт каражаттарынын ээле-
ринин жапа чегүүчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилиги.
4-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруунун максаты жана негизги
принциптери
1. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруунун максаты болуп транспорт каражатын жогорулатылган ко-
оптуулуктун булагы катары пайдалануунун натыйжасында өмүрүнө, ден соо-
лугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген үчүнчү жактын мүлктүк кызык-
чылыктарын камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу жолу аркылуу коргоону
камсыз кылуу саналат.
2. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
ушул Мыйзамда белгиленген көлөмдө жана тартипте жапа чегүүчүлөрдүн
мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо;
транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишими боюнча тараптардын өз милдеттерин аткаруусун кам-
сыз кылуу;
жолдо жүрүүнүн коопсуздугун жогорулатууда транспорт каражаттарынын
ээлеринин экономикалык кызыкчылыгы.
5-берене. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги милдеттүү
камсыздандырылууга тийиш болгон адамдар
1. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчи-
лиги милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.
2. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчи-
лиги алар пайдалануучу транспорт каражаттарынын ар бир бирдиги боюнча
камсыздандырылууга тийиш.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин
ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүү аларды транспорт каражаттары-
нын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү
боюнча милдеттен бошотпойт.
3. Башка мамлекет менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн
жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдин шарт-
тарына ылайык, транспорт каражатынын ээси Кыргыз Республикасы тааныган
транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу кели-
шимин түзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагына башка мамлекетте каттал-
ган транспорт каражаты кирген учурда транспорт каражаттарынын ээлеринин
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлбөйт.
4. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобилдик инс-
пекциясынын (мындан ары - МАИ) бөлүмдөрүндө мамлекеттик каттоого жана
эсепке алынууга (троллейбустардан тышкары) тийиш болбогон транспорттук
каражаттардын ээлери менен түзүлбөйт.
Бул пунктта көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын ээлери тарабынан
транспорт каражаттарын пайдалануунун натыйжасында жапа чеккендерге кел-
тирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде белги-
ленген тартипте толтурулат.
5. Өзүнүн кызматтык же эмгектик милдеттерин аткаруунун натыйжасын-
да, анын ичинде транспорт каражатынын ээси менен эмгектик же башка ке-
лишимдин негизинде же жазуу жүзүндө келишим түзбөстөн транспорт каража-
тынын ээсинин эркин билдирүүсүнүн негизинде анын көзүнчө, транспорт ка-
ражатын башкарган адамдын жарандык-укуктук жоопкерчилиги милдеттүү кам-
сыздандырылууга жатпайт.
2-глава. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу системасынын иштешин камсыз кылуу
6-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу жагында мамлекеттик контроль
жана көзөмөл
1. Камсыздандыруу уюмдарынын ишине мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу
көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашы-
рылат.
2. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча ушул Мыйзам менен белгиленген
милдеттерди транспорт каражаттарынын ээлеринин аткарышына мамлекеттик
контроль транспорт каражаттарын каттоодо, аларды мамлекеттик техникалык
кароодон өткөрүүдө жана жолдо жүрүү эрежелерин, ошондой эле жолдо жүрүү
коопсуздугун камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укук-
тук актыларын сактоону контролдоо жагында башка өзүнүн ыйгарым укукта-
рын ишке ашырууда МАИ бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
7-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишими жок транспорт
каражатынын пайдаланууга жол берилбестиги
1. Транспорт каражатынын ээсинде транспорт каражаттарынын ээлери-
нин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жок болгон учурда
транспорт каражатын пайдаланууга жол берилбейт.
2. Транспорт каражатын башкарган адам транспорт каражаттарынын ээ-
леринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу
полисин жанында алып жүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыла-
рына ылайык ыйгарым укук берилген МАИнин кызматкерлеринин текшерүүсү
үчүн аны көрсөтүүгө милдеттүү.
МАИнин кызматкерлери документтерди текшерүүдө транспорт каражатын
башкаруучу адамдан транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисин көрсөтүүнү талап кы-
лууга милдеттүү.
8-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү
1. Камсыздандыруу уюму катары катталган юридикалык жак транспорт
каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну ишке
ашырууга укукка лицензия алганга чейин Кепилдик фондун түзүү жана анын
иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте
ал фонддун катышуучусу болууга милдеттүү.
2. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандырууну ишке ашыруучу камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын
аймагында таратылуучу кеминде эки мезгилдүү басылмада мамлекеттик жана
расмий тилде финансылык отчеттуулукту квартал сайын жарыялап турууга
милдеттүү.
3. Атаандаштыкты чектөөгө же четтетүүгө, транспорт каражаттарынын
ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө бир
камсыздандыруучуга башкаларынын алдында негизсиз артыкчылык берүүгө же
алуусуна, камсыздандырылуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылык-
тарын кемсинтүүгө багытталган ишке жол берилбейт.
9-берене. Маалыматтык өзара аракет
1. МАИнин бөлүмдөрү транспорт кырсыгынын катышуучуларына же алар-
дын өкүлдөрүнө камсыздандыруу учурунун пайда болушунун фактысын ырасто-
очу документтердин, анын ичинде кырсыктын схемасы менен Жолдо жүрүү
эрежелерин бузгандыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсүнүн бирден нускасын
акысыз берет.
2. МАИнин бөлүмдөрү, прокуратура органдары, соттор, саламаттык
сактоо уюмдары, транспорт кырсыктары жана алардын кесепеттери жөнүндө
маалыматтарга ээ болгон башка мамлекеттик органдар жана уюмдар камсыз-
дандыруучу кайрылган учурда ага бул маалыматтарды акысыз берүүгө мил-
деттүү.
3. Камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак), жапа чегүүчү же
алардын мураскорлору тарабынан камсыздандыруу учуру пайда болгондугу
жөнүндө билдирүүгө мүмкүн болбогон учурда МАИнин бөлүмдөрү ушул транс-
порт кырсыгы жөнүндө тийиштүү камсыздандыруучуга маалымдайт.
Транспорт кырсыгы жөнүндө камсыздандыруучуга ошондой эле кайсы бир
башка адам билдирүүгө укуктуу.
3-глава. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишими
10-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишими жана аны түзүү
тартиби
1. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу ушул Мыйзамга ылайык камсыздандырылуучу менен камсыздан-
дыруучунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат.
2. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими жапа чеккен адамдын өмүрүнө, ден соолугуна жана
(же) мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер
боюнча камсыздандыруу төлөмүн ишке ашырууну карайт, ага моралдык зыян-
дын жана жапа чеккен адамдын колдон чыгарылган пайдасынын ордун толту-
руп берүү, анын ичинде мүлктүн товардык наркынын жоготулушу, ошондой
эле жапа чегүүчүнүн товарларды алып келүү жана иш жүргүзүү (кызмат
көрсөтүү) мөөнөттөрүн бузгандыгына байланыштуу айып төлөмдүн ордун тол-
туруп берүү, контракт (келишим) боюнча анын башка милдеттери кирбейт.
3. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруунун белгилүү бир түрү
боюнча иш жүргүзүүгө укукка лицензиясы бар камсыздандыруучу менен гана
түзүлүшү керек.
Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну эркин тандай алат.
Камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга транспорт каражаттарынын ээ-
леринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш
тартууга укугу жок.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишими боюнча ушул Мыйзамга ылайык камсыздандырылуучу
камсыздандыруу сыйлыгын төлөөгө, ал эми камсыздандыруучу камсыздандыруу
учуру пайда болгондо пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыру-
уга милдеттүү.
4. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимдери төмөнкүдөй эки түргө бөлүнөт:
1) стандарттуу;
2) комплекстүү.
5. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга (камсыз-
дандырылган жакка) камсыздандыруу полисин берүү аркылуу жазуу жүзүндө
түзүлөт.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп камсыздандырылуучунун ары-
зы эсептелет.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш болгон шарттардын толук
эместигине камсыздандыруучу жоопкерчилик тартат. Айрым шарттардын толук
эместигинин натыйжасында транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчи-
лигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча талаш-тартыштар пайда
болгон учурда талаш-тартыштар камсыздандырылуучунун пайдасына чечилет.
6. Камсыздандыруу полиси Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси-
нин 935-статьясында айтылган шарттардан тышкары бир камсыздандыруу учу-
ру боюнча камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин чектик көлөмүнүн өлчөмүн
жана келишимдин түрүнө көрсөтмөнү камтышы керек.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин тариздөөгө талаптар Кыргыз
Республикасынын камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө мыйзамы-
на ылайык белгиленет.
7. Камсыздандыруу полиси жоголуп кеткен учурда камсыздандыруучу
камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) жазуу жүзүндөгү арызы-
нын негизинде ага камсыздандыруу полисинин дубликатын берүүгө милдет-
түү.
Камсыздандыруу полисинин бланкын даярдоого жана анын дубликатын
тариздөөгө чыгымдардын орду камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак)
тарабынан толтурулат.
8. Эгерде камсыздандыруучу транспорт каражаттарынын ээлеринин жо-
опкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин ушул Мыйзамда каралган
шарттарга салыштырмалуу камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жак-
тын) же жапа чегүүчүнүн абалын начарлатуучу шарттарда түзсө, анда кам-
сыздандыруу учуру пайда болгондо ушул Мыйзам менен белгиленген шарттар-
да камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) же жапа чегүүчүнүн
алдында милдеттенме алат.
11-берене. Стандарттуу келишим
1. Стандарттуу келишим боюнча транспорт каражатынын бир же бир не-
че ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылышы мүмкүн.
2. Стандарттуу келишим камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга (кам-
сыздандырылган жакка) пайдаланылуучу транспорт каражатынын ар бир бир-
дигине өзүнчө камсыздандыруу полисин берүү аркылуу түзүлөт.
3. Камсыздандыруу полиси камсыздандырылуучу (камсыздандырылган
жак, камсыздандырылган жактар) жана пайдаланылуучу транспорт каражаты
жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.
4. Камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) стандарттуу келишим-
ди түзүүдө, ошондой эле аны колдонуу мөөнөтү ичинде камсыздандыруу по-
лисине камсыздандырылган жактар катары транспорт каражатынын бардык ээ-
лерин киргизүүнү талап кылууга укуктуу.
Камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизүү камсыздандырылуучу-
нун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде камсыздандыруучу тарабынан
жүргүзүлөт.
5. Стандарттуу келишим боюнча үчүнчү жакка камсыздандырылуучунун
(камсыздандырылган жактын) өзү тарабынан зыян келтирүүсүнүн натыйжасын-
да же төмөнкү учурларда келип чыккан камсыздандырылуучунун (камсыздан-
дырылган жактын) жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылды деп
эсептелет:
1) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) көзүнчө транс-
порт каражатын башкарууга укугу бар адам транспорт каражатын башкаруу-
да;
2) камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) менен жазуу жүзүндө
таризделген эмгектик же башка келишимдин негизинде транспорт каражатын
бир адам башкарууда;
3) эгерде келтирилген зыянга жоопкерчилик камсыздандырылуучуга
(камсыздандырылган жакка) жүктөлсө, транспорт каражатын мыйзамга каршы
өзүнө тартып алган адам тарабынан транспорт каражатын башкарууда.
4. Эгерде ушул берененин 4-пунктунда каралган өзгөртүүлөрдү кир-
гизүү камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга алып
келсе, камсыздандыруучу камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүн кайтадан
эсептөөгө жана камсыздандырылуучудан кошумча төлөөнү же ишти жүргүзүүгө
камсыздандыруучунун чыгымдарынын жабылышын эсепке алуу менен камсыздан-
дырылуучу тарабынан төлөнгөн ашыкча сумманы кайтарып берүүнү талап кы-
лууга милдеттүү.
12-берене. Комплекстүү келишим
1. Комплекстүү келишим боюнча эки же андан ашык транспорт каража-
тынын ээси болуп саналган жеке жактын жарандык-укуктук жоопкерчилиги
камсыздандырылышы мүмкүн.
2. Комплекстүү келишим камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыры-
луучуга (камсыздандырылган жакка) бардык эксплуатациялануучу транспорт
каражаттарына камсыздандыруу полисин берүү жолу менен түзүлөт.
3. Камсыздандыруу полиси камсыздандырылуучу (камсыздандырылган
жак) - жеке жак жана ал эксплуатациялаган транспорт каражаттары жөнүндө
маалыматтарды камтыйт.
4. Камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) комплекстүү келишим-
дин колдонуу мөөнөтүндө ал өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин кам-
сыздандырууга милдеттүү болгон транспорт каражаттарынын саны көбөйгөн
же азайган учурда камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү та-
лап кылууга укуктуу.
Камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизүү камсыздандыруучу
тарабынан камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) жазуу
жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.
5. Комплекстүү келишим боюнча камсыздандырылуучунун (камсызданды-
рылган жактын) үчүнчү жакка зыян келтиришинин натыйжасында же төмөнкү
учурларда келип чыккан камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын)
жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылды деп эсептелет:
1) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) катышуусунда
транспорт каражатын башкаруу укугу бар жак аны башкарганда;
2) транспорт каражатын укукка каршы ээлеп алган жак транспорт ка-
ражатын башкарганда, эгерде, келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик камсыз-
дандырылуучуга (камсыздандырылган жакка) жүктөлгөн болсо.
6. Ушул берененин 4-пунктунда каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү кам-
сыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга алып келген
учурда камсыздандыруучу камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүн кайра эсептеп
чыгууга жана камсыздандырылуучудан кошумча төлөөнү же ишти жүргүзүүгө
камсыздандыруучунун чыгымдарын жабууну эсепке алуу менен камсыздандыры-
луучу төлөгөн артыкбаш сумманы кайра кайтарып берүүнү талап кылууга
милдеттүү.
7. Комплекстүү келишим боюнча камсыздандыруу сыйлыгы транспорт ка-
ражатынын бир бирдиги үчүн төлөнөт, мында камсыздандыруу сыйлыгынын
өлчөмү ошол камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн транспорт каражаттары
үчүн белгиленген камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүнүн кыйла жогоркусуна
тењдеш аныкталат.
13-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу
1. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими ушул Мыйзамга ылайык жапа чегүүчү деп таанылган
бардык жактарга, анын ичинде зыян келтирүүнүн күнөөкөрү болуп саналган,
транспорт каражатында болгон камсыздандырылуучуга (камсыздандырылган
жакка) карата, төмөнкү учурлардан тышкары колдонулат:
1) камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) менен кызматтык же
эмгектик милдеттерин аткаруу боюнча, анын ичинде транспорт каражатынын
ээси менен эмгек же башка келишимдин негизинде же камсыздандырылуучунун
(камсыздандырылган жактын) эрки боюнча жазуу жүзүндө бүтүм түзбөстөн,
ошол транспорт каражатын башкарган жакка;
2) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) кызматкерлери-
не, эгерде, иш берүүчү катары Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары
менен камсыздандырылуучуга (камсыздандырылган жакка) кызматкер эмгектик
(кызматтык) милдеттерин аткарууда анын ден соолугуна жана өмүрүнө кел-
тирилген зыян үчүн өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу милдеттенмеси
жүктөлгөн болсо.
2. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчили-
гин милдеттүү камсыздандыруу келишими менен белгиленген күндөн тартып
күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
3. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтү тараптардын макулдашуусу бо-
юнча аныкталат жана Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаты
убактылуу кирген учурларды кошпогондо, ал күчүнө кирген күндөн тартып
кеминде 1 (бир) күндү түзүүгө тийиш.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишими жеке же юридикалык жакта транспорт каражатына ээ-
лик кылуу укугу пайда болгон күндөн тартып, бирок, ошол транспорт кара-
жаты МАИ бөлүмдөрүндө мамлекеттик катталган (кайра катталган) күндөн
тартып он жумушчу күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө тийиш.
4. Транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу
кирген учурда транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин мил-
деттүү камсыздандыруу келишими убактылуу кирген бүткүл мезгилге, бирок
ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктунда каралган учурлардан тышкары
кеминде беш календардык күндө түзүлөт.
5. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишиминин колдонулушу Кыргыз Республикасы түзгөн эл
аралык келишимдерде башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагы
менен чектелет.
14-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушун
токтотуу
1. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими төмөнкү учурларда токтотулду деп эсептелет:
1) келишимди колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулганда;
3) пайда болгон биринчи камсыздандыруу учуру боюнча камсыздандыру-
учу тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдө;
4) камсыздандыруучунун иши токтотулганда (анын ичинде лицензия
кайра чакыртылганда);
5) транспорт каражаты мамлекеттик каттоодон чыгарылганда;
6) транспорт каражатын андан ары эксплуатациялоо мүмкүн болбой
калганда.
2. Камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүдө камсыздандыруучу камсызданды-
руу полисин алып коет. Мында транспорт каражатынын ээси (эгер ал жок
кылынбаган болсо) транспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин мил-
деттүү камсыздандыруу келишимин жањы мөөнөткө, анын тандоосу боюнча
милдеттүү камсыздандыруунун ушул түрүн (классын) жүргүзүүгө укугу бар
каалаган камсыздандыруучу менен түзүүгө милдеттүү.
15-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда
токтотуу
1. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинде бел-
гиленген учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
2. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн камсыздандыры-
луучу (камсыздандырылуучу өлгөн учурда - анын мураскору (мураскорлору)
камсыздандыруучуга жазуу жүзүндө арыз берет.
3. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда камсыздандырылу-
учу камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынан 10 пайызды чыгарып салуу менен
камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин калган толук
айлары үчүн сыйлыктын тийиштүү бөлүгүнүн өлчөмүндө камсыздандыруу сый-
лыгынын бөлүгүн кайра кайтарып алууга укуктуу.
16-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттенмелери
1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Камсыздандыруучудан транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкер-
чилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын, транспорт каражаттарынын
ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча анын
укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрүп берүүнү талап кылууга;
2) камсыздандыруу полиси жоголгон учурда анын дубликатын алууга;
3) жапа чегүүчүнүн ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген зы-
яндын өлчөмүн баалоо үчүн көзкарандысыз эксперттин кызматынан пайдала-
нууга;
4) келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүүнүн натыйжасы жана кам-
сыздандыруучу же көзкарандысыз эксперт жүргүзгөн камсыздандыруу
төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн эсеби менен таанышууга;
5) транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
6) камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш тартуу же анын
өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республика-
сынын мыйзамында белгиленген тартипте талашууга;
7) ушул Мыйзамда каралган учурларда камсыздандыруу төлөмдөрүн алу-
уга. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишими менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына
карама-каршы келбеген камсыздандырылуучунун башка укуктары да каралышы
мүмкүн.
2. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимин түзүүдө ушул Мыйзамга ылайык транспорт кара-
жаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине
киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
2) транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө
камсыздандыруу сыйлыгын төлөөгө;
3) камсыздандыруу учуру пайда болгондугу жөнүндө белгилүү болуп
калганда дароо, бирок үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жеткиликтүү ыкма
(оозеки, жазуу жүзүндө) ал туурасында камсыздандыруучуга кабарлоого.
Оозеки билдирүү кийин (жетимиш эки сааттын ичинде) жазуу жүзүндө
ырасталууга тийиш. Камсыздандырылуучу жана камсыздандырылган жак бир
эле жак болуп саналбаган учурда камсыздандыруу учуру пайда болгондугу
жөнүндө камсыздандыруучуга маалымдоо милдети камсыздандырылган жакка
жүктөлөт. Эгерде камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) жүйөлүү се-
бептер боюнча аталган аракеттерди аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал
аны документ менен ырастоого тийиш;
4) транспорт кырсыгы болгон учурда жапа чеккендерге жана МАИ кыз-
маткерлерине алардын талабы боюнча транспорт каражаттарынын ээлеринин
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсызданды-
руучунун аталышы жана турган орду билдирилет;
5) транспорт кырсыгы болгон учурда түзүлгөн кырдаалда мүмкүн болу-
учу чыгымдарды болтурбоо же азайтуу үчүн акыл-эстүү жана жеткиликтүү
чараларды, анын ичинде мүлктү сактап калуу же жапа чеккен адамдарга
жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө;
6) транспорт кырсыгы жана жапа чеккен адамдар жөнүндө тийиштүү ор-
гандарга жана уюмдарга (МАИ бөлүмдөрүнө, өрт өчүрүү кызматынын, медици-
налык тез жардам кызматынын, авариялык кызматтардын органдарына) алар-
дын компетенциясына негизденүү менен билдирүүгө;
7) камсыздандыруу учурунун пайда болушу жөнүндө камсыздандыруучуга
дароо, бирок, камсыздандыруучуга билдирилген күндөн тартып эки жумушчу
күндөн кечиктирбестен жапа чегүүчүгө бул туурасында билдирүүгө;
8) камсыздандыруу учурунун пайда болушу үчүн жооптуу жакка карата
кайра талап укугунун камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы кел-
беген камсыздандырылуучунун башка милдеттенмелери каралышы мүмкүн.
Ушул берененин 2-пунктунун 4), 5) жана 6) пунктчаларында
көрсөтүлгөн камсыздандырылуучунун милдеттенмелери транспорт кырсыгы
болгон учурда түздөн-түз транспорт каражатын башкарып бараткан жакка
жүктөлөт.
17-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттенмелери
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодек-
синде каралган маалыматтардан тышкары камсыздандырылуучудан ушул Мый-
замга ылайык транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин мил-
деттүү камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүн зарыл болгон маалымат-
тарды, анын ичинде мурдагы транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкер-
чилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими, камсыздандыруу учуру жана
камсыздандыруу төлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды талап кылууга;
2) тийиштүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, ошондой эле
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алардын компетенциясына
негизденүү менен камсыздандыруу учурунун пайда болушунун фактысын жана
жапа чегүүчүгө келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастаган документтерди су-
ратууга;
3) транспорт кырсыгынын себебин жана башка жагдайларды аныктоо
үчүн жапа чегүүчүнүн бузулган (жок болгон) мүлкүнө баа берүүгө;
4) жапа чегүүчүнүн ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген зы-
яндын өлчөмүнө баа берүү жана камсыздандыруу учуру пайда болгондо кам-
сыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн көзкарандысыз эксперттин
кызматынан пайдаланууга;
5) ушул Мыйзамдын 29-беренесинде каралган учурларда зыян келтирүү
үчүн жооптуу жакка кайра талап укугун коюуга;
6) ушул Мыйзамдын 30-беренесинде каралган негиздер боюнча камсыз-
дандыруу төлөмүн толук же жарым-жартылай төлөп берүүдөн баш тартууга.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишими менен камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын
жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктары да каралышы
мүмкүн.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандырылуучуну (камсыздандырылган жакты) транспорт кара-
жаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими-
нин шарттары менен тааныштырууга, транспорт каражаттарынын ээлеринин
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан анын
укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрүп берүүгө;
2) транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча камсыздандырылуучуга (камсыздан-
дырылган жакка) камсыздандыруу полисин берүүгө;
3) ушул Мыйзамдын 11- жана 12-беренелеринде каралган учурларда
камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
4) ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 1-пунктунун биринчи бөлүгүндө
көрсөтүлгөн жактарга камсыздандыруу сыйлыгын төлөп берүү боюнча жењил-
диктерди берүүгө;
5) транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүү алынганда аны токтоосуз кат-
тоого;
6) камсыздандыруу учуру пайда болгондугу жөнүндө билдирүү алынган
учурдан тартып жети жумушчу күндүн ичинде камсыздандырылуучунун же анын
өкүлүнүн арызы боюнча бузулган (жок кылынган) мүлккө баа берүүгө, кам-
сыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн эсебин көрсөтүү менен камсыздандыруу ак-
тысын түзүүгө жана аны пайда алуучунун таанышуусуна сунуш кылууга;
7) камсыздандыруу учуру пайда болгондо ушул Мыйзамда белгиленген
тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүгө;
8) камсыздандыруу учурунда чыгымды болтурбоо же азайтуу максатында
ал тарткан чыгашаларды камсыздандырылуучуга (камсыздандырылган жакка)
ордун толтуруп берүүгө;
9) камсыздандыруунун жашырындыгын камсыз кылууга.
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-кар-
шы келбеген камсыздандыруучунун башка милдеттенмелери да каралышы
мүмкүн.
18-берене. Жапа чегүүчүнүн укуктары
1. Жапа чегүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруучуга камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак)
келтирген кесепеттен ага зыян алып келген транспорт кырсыгы жөнүндө
билдирүүгө;
2) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) ордуна камсыз-
дандыруу төлөмүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди чогултууга
жана камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) транспорт каражаттары-
нын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн
камсыздандыруучуга аларды тапшырууга;
3) ден соолукка жана (же) мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа
берүү үчүн көзкарандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга;
4) камсыздандыруучу же көзкарандысыз эксперт жүргүзгөн келтирилген
зыяндын өлчөмүнө баа берүүнүн натыйжасы жана камсыздандыруу төлөмүнүн
өлчөмүнүн эсеби менен таанышууга;
5) ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте камсыз-
дандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу
жөнүндөгү камсыздандыруучунун чечимин талашууга;
7) келтирилген зыяндын суммасынын алынган камсыздандыруу төлөмүнүн
суммасынан ашкан өлчөмүндө транспорт каражатынын ээсине келтирилген зы-
яндын ордун толтуруу жөнүндө талап коюуга.
2. Ушул Мыйзамда каралган учурларда ушул берененин 1-пунктунда
белгиленген жапа чегүүчүнүн укуктары пайда алуучу катары чыккан башка
жактарга өтүп кетет.
4-глава. Камсыздандыруу сыйлыктары
19-берене. Камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтерин мамлекеттик
жөнгө салуу
1. Камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу
ушул Мыйзамга ылайык экономикалык жактан негизделген камсыздандыруу
сыйлыгынын тарифтерин же алардын чектелген дењгээлин, ошондой эле кам-
сыздандыруу сыйлыгынын тарифтеринин түзүмүн жана аларды камсыздандыруу-
чулар милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгын
аныктоо учурунда колдонушунун тартибин белгилөө аркылуу жүзөгө ашыры-
лат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйлыгынын та-
рифтери (алардын чектелген дењгээлдери), камсыздандыруу сыйлыгынын та-
рифтеринин түзүмү жана аларды камсыздандыруучулар милдеттүү камсыздан-
дыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгын аныктоо учурунда колдону-
шунун тартиби ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-
бынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Мында камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтерин эсептөө учурунда колдо-
нулуучу жана жапа чеккендерге камсыздандыруу жана компенсациялоо
төлөмдөрүн түздөн түз жүзөгө ашырууга арналган камсыздандыруу сыйлыгы-
нын үлүшү камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүнүн 80 пайызынан кем болууга
тийиш эмес.
3. Камсыздандыруу сыйлыгынын белгиленген тарифтеринин колдонулушу-
нун мөөнөтү алты айдан аз болууга тийиш эмес.
Камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтерин өзгөртүү милдеттүү камсыздан-
дыруу келишими боюнча тарифтерди төлөө учуруна карата колдонуудагы кам-
сыздандырылуучу төлөгөн анын аракеттеринин мөөнөтүнүн ичинде камсыздан-
дыруу сыйлыгынын өзгөрүшүнө алып келбейт.
4. Камсыздандырылуучулардын башка категориялары үчүн камсызданды-
руу сыйлыктарын жогорулатуунун эсебинен алар төлөгөн камсыздандыруу
сыйлыктарын камсыздандырылуучулардын айрым категорияларына толук же жа-
рым-жартылай компенсациялоого жол берилбейт.
5. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө ар жылдагы статистикалык маа-
лыматтар Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамле-
кеттик башкаруу органы тарабынан расмий жарыяланууга тийиш.
20-берене. Камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтеринин базалык
ставкасы жана коэффициенттери
1. Камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтери базалык ставкалардан жана
коэффициенттерден турат. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча
камсыздандыруу сыйлыктары камсыздандыруу сыйлыктарынын базалык ставка-
ларынын жана коэффициенттеринин көбөйтүндүсү катары эсептелет.
Камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтеринин базалык ставкалары пайдала-
нуу учурунда зыян келтиришинин ыктымалдуулугуна жана келтирилген зыян-
дын потенциалдуу өлчөмүнө олуттуу таасир эткен транспорт каражаттарынын
техникалык мүнөздөмөлөрүнө, конструктивдүү өзгөчөлүктөрүнө жана багыты-
на жараша белгиленет.
2. Камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтеринин курамына кирген коэффи-
циенттери төмөнкүлөргө байланыштуу:
транспорт каражатын артыкчылыктуу пайдалануу аймактарына;
көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын өткөн мезгилдердеги ээлеринин
жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруу учу-
рунда камсыздандыруучулар жүргүзгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бар же
жоктугуна;
камсыздандыруу тобокелдигинин чоњдугуна олуттуу таасир эткен башка
кырдаалдарга.
Өздөрүнө таандык болгон транспорт каражаттарын пайдаланган жаран-
дардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу та-
рифтеринде ошондой эле коэффициенттер белгиленет, аларда төмөнкүлөр эс-
ке алынат:
милдеттүү камсыздандыруу келишиминде транспорт каражатын башкаруу-
га камсыздандырылуучу көрсөткөн айдоочуларга гана жол берилгендиги
жөнүндө шарт каралгандыгы жана, эгерде мындай шарт каралса, - алардын
айдоочулук стажы, курагы жана башка жеке маалыматтары;
транспорт каражатын сезондук пайдалануу.
3. Ушул берененин 2-пунктуна ылайык белгиленген коэффициенттерден
тышкары камсыздандыруу тарифтеринде коэффициенттер каралат, алар транс-
порт каражатынын төмөнкүдөй ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу учурунда колдонулат:
транспорт каражаттарынын ээлери ишенимдүү маалыматтарды билдирген
учурда төлөгөн суммага салыштырганда азыраак сумманы төлөөгө алып кел-
ген милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгынын
өлчөмүнө таасир эткен, камсыздандыруучуга алар сураткан кырдаалдар
жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды билдирген;
камсыздандыруу учурунун келишине же аны менен байланышкан зыяндын
көбөйүшүнө атайылап көмөктөшкөн же камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн
көбөйтүү максатында камсыздандыруу учуру келишинин кырдаалдарын билип
туруп бурмалаган;
регресстик талап коюуга негиз болгон кырдаалдардын учурунда зыян
келтирген.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн коэффициенттерди камсыздандыруучулар мил-
деттүү камсыздандыруу келишимин түзүү же ушул пунктта каралган аракет-
тер (аракетсиздик) жасалгандыгы жөнүндө камсыздандыруучуга белгилүү бо-
луп калган мезгилден кийинки жылга узартуу учурунда колдонот.
4. Камсыздандыруу сыйлыгынын тарифтеринде кошумча түрдө базалык
ставкалар жана коэффициенттер каралышы мүмкүн, аларды камсыздандыруучу-
лар чет мамлекеттерде катталган же Кыргыз Республикасынын аймагында
убактылуу пайдаланылган транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жо-
опкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу учурунда колдонот.
5. Ушул Мыйзамга ылайык белгиленген камсыздандыруу сыйлыгынын та-
рифтерин камсыздандыруучулар милдеттүү түрдө колдонууга тийиш. Камсыз-
дандыруучулар камсыздандыруу сыйлыгынын белгиленген тарифтеринен айыр-
маланган ставкаларды жана (же) коэффициенттерди колдонууга укуксуз.
6. Комплекстүү келишим боюнча камсыздандыруу сыйлыгы транспорт ка-
ражатынын бир бирдиги үчүн төлөнөт, мында камсыздандыруу сыйлыгынын
өлчөмү камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн транспорт каражаттары үчүн
белгиленген камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмдөрүнүн ичинен алда канча
чоњ өлчөмүнө барабар деп аныкталат.
21-берене. Камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмүн азайтуу жана
көбөйтүү
1. Транспорт каражаттарынын ээлери - Улуу Ата-Мекендик согуштун
катышуучулары жана аларга тењештирилген адамдар, I жана II топтогу ма-
йыптар стандарттык келишимди түзүү учурунда төлөнүүгө тийиш болгон кам-
сыздандыруу сыйлыгынын элүү пайызы өлчөмүндө камсыздандыруу сыйлыктарын
төлөйт.
Эгерде транспорт каражаты ушул пункттун биринчи бөлүгүндө
көрсөтүлгөн адамдардын категориясына тиешелүү болбогон башка ээлер та-
рабынан пайдаланылса, анда транспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү
камсыздандыруусу ушундай жењилдикти көрсөтпөстөн жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандыруучу, эгерде транспорт каражаттарынын ээлеринин жо-
опкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун мурдагы келишими күчүндө бол-
гон мөөнөттүн ичинде камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн транспорт ка-
ражатынын ээси камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашырууга алып келген зыян-
ды келтирсе, камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүн элүү пайызга чейин
көбөйтүүгө укуктуу.
Бул пункттун аракети ушул берененин 1-пунктунун биринчи бөлүгүндө
көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын ээлерине жайылтылбайт.
3. Камсыздандыруучу ушул беренеде каралгандан башка негиздер
боюнча камсыздандыруу сыйлыгын төлөөгө тийиш болгон өлчөмдү азайтууга
же көбөйтүүгө укуксуз.
22-берене. Камсыздандыруу сыйлыктарын төлөө тартиби
1. Эгерде транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин мил-
деттүү камсыздандыруу келишиминде башкасы каралбаса, камсыздандыруу
сыйлыгын камсыздандырылуучу бир жолку төлөм менен төлөйт.
2. Камсыздандыруучу транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчи-
лигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу сыйлыгын
узартып төлөөнү кароого укуксуз. Мында камсыздандыруучу транспорт кара-
жаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими
колдонууда болгон бүткүл мөөнөттүн ичинде камсыздандырылуучунун алдында
жоопкерчилик тартат. Камсыздандырылуучу кезектеги камсыздандыруу взно-
сун төлөбөй коюшу транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн кам-
сыздандыруучуга негиз боло албайт.
3. Кезектеги камсыздандыруу взносун өз учурунда төлөбөй калган
учурда камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга Кыргыз Республикасынын Жа-
рандык Кодексинде белгиленген тартипте жана өлчөмдө үстөк айыпты
төлөөгө милдеттүү.
5-глава. Камсыздандыруу учурун, келтирилген зыяндын өлчөмүн
жана камсыздандыруу төлөмдөрүн аныктоо
23-берене. Камсыздандыруу суммасы
Камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру келип жеткенде жапа чеккен-
дерге келтирилген зыян үчүн ордун толтурууга милдеттенген камсызданды-
руу суммасынын минималдуу өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү анык-
тайт.
24-берене. Камсыздандыруу учурун жана келтирилген зыяндын өлчөмүн
аныктоо
1. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн транспорт каражатын камсызданды-
рылган жак пайдалануунун натыйжасында жапа чеккен деп табылган адамдар-
дын өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун
толтуруу боюнча камсыздандырылган жактын жарандык-укуктук жоопкерчилиги
келип чыгышынын фактысы камсыздандыруу учуру деп табылат.
2. Жапа чеккен адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зы-
яндын өлчөмү тиешелүү уюмдар берген документтердин негизинде ушул Мый-
замга ылайык аныкталат.
3. Мүлк бузулган учурда келтирилген зыяндын өлчөмү зыянга учураган
мүлктү кайрадан калыбына келтирүү наркынын эсебине таянуу менен аныкта-
лат, мында камсыздандыруу учуруна чейин орун алган мүлктүн кошуп эсеп-
телген амортизациясы (эскириши) алып салынат.
Бузулган мүлктү кайрадан калыбына келтирүүнүн наркы камсыздандыруу
учуру келип жеткен күнгө карата аракетте болгон рыноктук бааларга тая-
нуу менен эсептелет.
4. Мүлктү жок кылуу учурунда келтирилген зыяндын өлчөмү камсыздан-
дыруу учуру келип жеткен күнгө карата анын рыноктук наркына таянуу ме-
нен аныкталат.
Эгерде, мүлктү техникалык жактан кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн
болбосо же ал экономикалык жактан негизсиз болсо, ал жок кылынды деп
эсептелет. Мүлктү кайрадан калыбына келтирүү, эгерде мында мүлктү кай-
радан калыбына келтирүү учурунда күтүлгөн чыгымдар камсыздандыруу учуру
келип чыккан күнгө карата анын рыноктук наркынын сексен пайызынан ашса,
экономикалык жактан негизсиз деп эсептелет.
5. Мүлк бузулган учурда келтирилген зыяндын өлчөмүн камсыздандыры-
луучунун же анын өкүлүнүн арызы боюнча камсыздандыруучу же көзкаранды-
сыз эксперт баалайт. Баалоо камсыздандыруучунун каражаттарынын эсебинен
жүргүзүлөт.
Баалоонун натыйжалары камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак)
же жапа чеккен адам үчүн милдеттүү эмес болуп саналат, ал башкасын да-
лилдөөгө укуктуу.
6. Мүлкүнө зыян келтирилген жапа чеккен адам алар же камсызданды-
рылуучу (камсыздандырылган жак) тарабынан камсыздандыруучуну камсыздан-
дыруу учуру пайда болгондугу жөнүндө кабардар кылган күндөн тартып жети
жумушчу күн ичинде ошол мүлктү транспорт кырсыгынан кийин кандай абалда
болсо ошондой кылып сактоого жана келтирилген зыянга баа берүү үчүн
камсыздандыруучуга же көзкарандысыз экспертке мүмкүнчүлүк берүүгө мил-
деттүү.
7. Атайылап камсыздандыруу учурун түзүү, ошондой эле камсызданды-
руу төлөмүн мыйзамсыз түрдө алууга багытталган башка алдамчылык аракет-
тер Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тарты-
лууга алып келет.
25-берене. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоонун өзгөчө
шарттары
1. Камсыздандыруучу же анын өтүнүчү боюнча көзкарандысыз эксперт
тарабынан жүргүзүлгөн мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүүнүн
жыйынтыктары менен макул болбогон учурда камсыздандырылуучу (камсыздан-
дырылган жак) же жапа чеккен адам зыяндын өлчөмүнө баа берүү үчүн башка
көзкарандысыз экспертке кайрылууга укуктуу. Мында эгерде өткөрүлгөн баа
берүүнүн негиздүүлүгү жана калыстыгы камсыздандыруучу тарабынан тааныл-
са же сот тарабынан белгиленсе камсыздандырылуучу (камсыздандырылган
жак) кетирген чыгымдын орду камсыздандыруу төлөмүнүн ишке ашырылганды-
гына карабастан камсыздандыруучу тарабынан толтурулууга тийиш.
2. Эгерде камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру пайда болгондугу
жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин жети жумушчу күндүн ичинде камсыздан-
дыруу актысын түзүү менен мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа
берүүнү уюштурбаса, анда камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) же
жапа чеккен адам көзкарандысыз эксперттин кызмат көрсөтүүлөрүн колдону-
уга жана мүлктү калыбына келтирүүнү (утилдештирүүнү) баштоого укуктуу.
Мында эгерде камсыздандыруучу зыян келтирилген (жок кылынган) мүлккө өз
убагында баа берүүгө мүмкүн эместик жөнү бар себептер менен же камсыз-
дандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) же жапа чеккен адамдын баа
берүү үчүн мүлктөрдү берүүдөн баш тартуусу менен байланышкан күнөөсү
менен шартталгандыгын далилдей албаса, мүлккө келтирилген зыяндын
өлчөмүнө баа берүүнүн жыйынтыктарын талашууга укугу жок.
3. Келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу үчүн камсыздандыруу
суммасы жетпей калган учурда камсыздандырылуучу жапа чеккен адамга кам-
сыздандыруу суммасынын өлчөмү менен зыяндын иш жүзүндөгү өлчөмүнүн ор-
тосундагы айырмасынын ордун толтуруп берет.
4. Жапа чеккен адам кайтыш болуп анын мураскору жок болгон учурда,
жапа чеккен адамдын сөөгүн койгон адамга камсыздандырылуучу тарабынан
иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө, бирок транспорт каражаттарынын ээ-
леринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими менен белги-
ленген камсыздандыруу суммасынын чегинде сөөк коюуга кеткен тийиштүү
чыгымдардын орду толтурулуп берилет.
26-берене. Камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруунун жалпы шарттары
1. Камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмү жөнүндө талаптар кам-
сыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди тиркөө
менен жазуу жүзүндө камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) же пайда
табуучу болуп саналган башка адам тарабынан айтылат.
2. Камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер
тиркелет:
1) камсыздандыруу полиси (анын дубликаты);
2) камсыздандыруу учуру пайда болгондугун жана жапа чеккен адамга
келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастоочу документ;
3) жапа чеккен адамдын убактылуу эмгекке жарамсыздыгынын мөөнөтү
жөнүндө саламаттык сактоо уюмдарынын маалымкатынын же жапа чеккен адам-
дын майыптуулугу белгиленген учурда, майыптуулукту белгилөө жөнүндө
адистештирилген мекемелердин маалымкатынын көчүрмөсү;
4) жапа чеккен адамдын каза болгондугу жөнүндө күбөлүгүнүн нотари-
алдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана зыяндын ордун толтурууга пайда та-
буучунун укугун ырастоочу документ (көчүрмөсү), - жапа чеккен адам каза
болгон учурда;
5) келтирилген зыяндын өлчөмүнө көзкарандысыз эксперт тарабынан
жүргүзүлгөн баа берүү боюнча документтер, - мындай документтер болгон
учурда;
6) пайда табуучунун өздүк күбөлүгүнүн көчүрмөсү (адамдар үчүн) же
юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним каттын түп нускасы;
7) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) же транспорт
каражатын башкарган адамдын айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана ошол
транспорт каражатын башкарууга анын укугун ырастоочу документтин
көчүрмөсү.
Камсыздандыруучу камсыздандырылуучудан (камсыздандырылган жактан)
же жапа чеккен адамдан башка кошумча документтерди талап кылууга жол
берилбейт.
3. Документтерди кабыл алган камсыздандыруучу арыз берүүчүгө бе-
рилген документтердин толук тизмесин жана аларды кабыл алган күнүн
көрсөтүү менен маалымкат берүүгө милдеттүү.
4. Пайда табуучу болуп жапа чегүүчү (ал каза болгон учурда - жапа
чеккен адамдын каза болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын
мыйзамына ылайык зыяндын ордун толтурууга укугу бар адам), ошондой эле
камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) же жапа чеккен адамга келти-
рилген зыяндын ордун ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруучунун жо-
опкерчилигинин көлөмүнүн чегинде толтурган жана камсыздандыруу төлөмүнө
укук алган башка адам эсептелет.
5. Жапа чеккен адамдын жазуу жүзүндө таризделген арызы же нотари-
алдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты боюнча камсыздандыруу төлөмү жапа
чеккен адамдын ден соолугун жана (же) мүлкүн калыбына келтирүү боюнча
кызмат көрсөткөн (көрсөтүүчү) адамга берилиши мүмкүн.
6. Жапа чеккен адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зы-
янга камсыздандыруу төлөмү ага (зыяндын ордун толтурууга укугу бар
адамдарга) башка камсыздандыруу келишимдери боюнча кошулуучу суммаларга
карабастан ишке ашырылат.
7. Камсыздандыруу төлөмүн ишке ашырууда камсыздандыруучу камсыз-
дандыруучуга талап коюу укугун чектеген шарттарды кабыл алууну пайда
табуучудан талап кылууга укугу жок.
8. Камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру пайда болгон күнгө ошол
мүлктүн базар баасынын өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн ишке ашырган
учурда камсыздандыруучу мүлккө же анын калдыктарына укуктуу.
27-берене. Камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруунун тартиби
1. Камсыздандыруу төлөмү камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 26-бере-
несинде көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып жети жумушчу
күндүн ичинде ишке ашырылат.
2. Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнө пайда табуучу тарабынан талаш
жүргөн учурда камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн көрсөтүлгөн адам-
дардын бири менен да талашылбаган бөлүгүндө ушул берененин 1-пунктунда
белгиленген мөөнөттүн ичинде тез арада ишке ашырууга милдеттүү.
Камсыздандыруу төлөмүнүн талаш жүрүп жаткан бөлүгү жарашуу макул-
дашуусу түзүлгөн жана аны сот бекиткен күндөн тартып же эгерде чечим
сот тарабынан тез арада аткарылууга тийиш эмес болсо, ушул талаш боюнча
соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн
ичинде камсыздандыруучу тарабынан төлөнүп берилиши керек.
3. Эгерде камсыздандыруу учурун пайда кылууга алып келген кырдаал-
дын натыйжасында жапа чегүүчүнүн ден соолугу начарласа (майыптуулук же
майыптуулуктун кыйла жогорку тобу белгиленсе) же каза болсо, камсыздан-
дыруучу жапа чеккен адамдан (пайда табуучудан) түшкөн арыздын жана тие-
шелүү документтердин негизинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кам-
сыздандыруу төлөмүнүн суммасын кайтадан эсептөөгө милдеттүү. Камсыздан-
дыруу суммасын кайтадан эсептөөдө мурда төлөнүп берилген суммалар эсеп-
ке алынат.
4. Камсыздандыруу төлөмү өз убагында ишке ашырылбаган учурда кам-
сыздандыруучу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде белгиленген
тартипте жана өлчөмдө пайда табуучуга айып төлөмдү төлөп берүүгө мил-
деттүү.
28-берене. Бир нече адамдар зыян келтиргенде камсыздандыруу
төлөмү
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишими бар бир нече транспорт каражаттары менен адамга
зыян келтирилгенде пайда алуучу алардын ар бири боюнча өзүнчө камсыз-
дандыруу төлөмүн алууга укуктуу. Ар бир камсыздандыруучу ушул Мыйзам
менен белгиленген жоопкерчилик көлөмүнүн чегинде жана камсыздандырылуу-
чунун жоопкерчилигинин өлчөмүнө тењдеш камсыздандыруу төлөмүн төлөп бе-
рет. Муну менен бирге бардык камсыздандыруучулар жүргүзгөн камсызданды-
руу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы жапа чегүүчүгө келтирилген реалдуу зыян-
дын өлчөмүнөн жана ар бир камсыздандыруучу үчүн каралган жоопкерчилик-
тин көлөмүнүн чегинен ашпоого тийиш.
29-берене. Зыян келтирген жакка кайталап талап коюу укугу
1. Камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн камсыздандыруучу төмөнкү учур-
ларда төлөнгөн сумманын чегинде камсыздандырылуучуга (камсыздандырылган
жакка) кайталап талап коюу укугуна ээ:
1) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) жарандык-укук-
тук жоопкерчилиги анын зарыл коргонуу жана өтө зарылчылык абалда жасал-
ган аракеттерден тышкары камсыздандыруу учурун пайда кылууга же анын
пайда болушуна көмөк көрсөткөн атайылап жасалган аракеттерден улам ке-
лип чыкса;
2) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) жарандык-укук-
тук жоопкерчилиги алар транспорт каражаттарын алкоголдук, бањги заттык
же токсиндик мас абалында башкаруудан улам келип чыкса;
3) транспорт каражатын башкарган адам аны башкарууга укугу болбо-
со;
4) соттук териштирүүнүн жүрүшүндө камсыздандыруу учуру транспорт
каражаттарынын техникалык бузуктугунан улам пайда болгондугу аныкталса,
ал туурасында камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) билсе же
билүүгө тийиш болсо;
5) транспорт каражаты анын техникалык колдонулушуна коошпогон мак-
сатта пайдаланылса;
6) камсыздандырылуучу (камсыздандырылган жак) камсыздандыруу учу-
рунан зыян тартууну азайтуу боюнча атайылап чара көрбөсө;
7) транспорт каражатын башкарган адам транспорт кырсыгы болгон
жерден жашырынып кетсе.
2. Эгерде, ушул берененин 1-пунктунда саналып өткөн учурларда зыян
келтирүүгө күнөөлүү адам жазуу жүзүндөгү бүтүм түзбөстөн транспорт ка-
ражатын эмгек мамилелеринен улам анын ээси менен же анын ээсинин каты-
шуусунда эксплуатациялаган болсо, анда камсыздандыруучу ошол транспорт
каражатынын ээсине кайталап талап коюу укугуна ээ.
3. Камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн камсыздандыруучуга ал төлөгөн
сумманын чегинде кайталап талап кылуу укугу өтөт, аны камсыздандырылуу-
чу (камсыздандырылган жак) камсыздандыруунун натыйжасында камсызданды-
руучу ордун толтурган чыгашалар үчүн жооптуу адамга коет. Мында, эгер-
де, камсыздандыруу учуру автомобиль жолдорун жана алардагы курулуштарды
канааттандыраарлык эмес тейлөөдөн улам келип чыккан жолдогу шарттардан
улам пайда болсо, камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн камсыздандыруучуга
кайталап талап коюу укугу өтөт, аны транспорт каражатынын ээси андай
шарттарды түзүүгө күнөөлүү адамга коет.
30-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүдөн
бошотуунун негиздери
1. Камсыздандыруучу эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүлөрдөн улам
келип чыкса, камсыздандыруу төлөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай
баш тартууга укуктуу:
1) зарыл коргонуу жана өтө зарылчылык абалда жасалган аракеттерден
тышкары камсыздандыруу учурун пайда кылууга багытталган же анын пайда
болушуна көмөк көрсөткөн пайда алуучунун атайылап жасалган аракеттери;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен белгиленген тар-
типте камсыздандыруу учуру менен байланышы бар атайылап жасалган кылмыш
же администрациялык укук бузуу катары таанылган пайда алуучунун аракет-
тери.
2. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш
тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
1) камсыздандырылуучунун зыян келтирүүгө күнөөлүү жактан зыяндын
ордун талаптагыдай толтуртуп алуусу;
2) ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары камсыздандыруу учуру-
нун келип чыгышы жөнүндө камсыздандыруучуга билдирбей коюу же өз уба-
гында билдирбей коюу;
3) камсыздандырылуучунун (камсыздандырган жактын) транспорт кара-
жаттарын мелдештерде, сыноолордо же ал үчүн атайын арналган жерлерде
айдаганга үйрөтүүдө пайдаланышы;
4) транспорт каражатына жүк жүктөөдө же жүк түшүрүүдө зыян кел-
тирүү;
5) жапа чегүүчүнүн мүлкүнө акча, баалуу кагаз, алтындан, күмүштөн
жасалган буюмдар, баалуу буюмдар, кооз буюмдар, көркөм сүрөт, антиква-
риат, илим, интеллектуалдык менчик объекттери же башка баалуулуктар
түрүндө зыян келтирүү;
6) жапа чегүүчүнүн ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 6-пунктунун та-
лаптарын бузушу.
3. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш тартуу үчүн негиз
болгондо камсыздандыруучу талап коюлган күндөн тартып жети жумушчу
күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмү жөнүндө талап билдирген жакка андан
баш тартуунун жүйөлүү негиздери менен жазуу жүзүндө камсыздандыруу
төлөмдөрүн толук же жарым-жартылай төлөөдөн баш тартуу жөнүндө тийиштүү
чечим жөнөтөт.
4. Камсыздандыруу учурунун пайда болушу жөнүндө камсыздандыруучуга
өз убагында билдирбей коюу же билдирбей коюу, эгерде, ал жүйөлүү себеп-
тер менен шартталган жана камсыздандыруу учурунун пайда болушунун, жапа
чегүүчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендигинин фактысын
ырастаган тийиштүү документтер жана транспорт кырсыгынан кийинки аба-
лында баа берүү үчүн мүлк тапшырылган болсо, камсыздандыруу төлөмүнөн
баш тартуу үчүн негиз болуп кызмат кылбайт.
5. Камсыздандыруучу эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүлөрдөн улам
пайда болсо, камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн бошотулат:
1) ядролук жардыруунун, радиациялык же радиоактивдүү булгануунун
таасиринен;
2) аскердик аракеттерден;
3) жарандык согуштан, ар кандай элдик толкундоолордон, жапырт тар-
типсиздиктерден же иш таштоолордон.
6. Камсыздандыруучу ушул беренеде каралбаган негиздер боюнча кам-
сыздандыруу төлөмдөрүнөн баш тартууга укуксуз.
6-глава. Корутунду жоболор
31-берене. Талаштарды кароо тартиби
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу келишиминен келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын
мыйзамында белгиленген тартипте каралат.
32-берене. Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузууга күнөөлүү
адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти
тартышат.
33-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин
күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук
актыларды иштеп чыксын;
- тийиштүү жылга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда
ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды карасын;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.БАКИЕВ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №39 ""Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 24.01.2009 · № 39 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №39 ""Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 24.01.2009 · № 39 · Күчүн жоготкон