Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тартиби
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 апреля 2009 года №270 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О праздновании 64-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов и дополнительных мерах по единовременной социальной поддержке ветеранов Великой Отечественной войны" от 27 апреля 2009 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-04-30.
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 30-апрелиндеги № 270 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 24-апрелиндеги
№ 186 токтому менен
бекитилген
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик
согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку
акчалай жөлөкпул төлөөнүн
ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги
№ 135 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине
социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык
2008-жылы 1941-1945-жылдардагы согуштун ардагерлерине республикалык
бюджеттин каражаттарынан кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төмөнкүдөй
өлчөмдө төлөнөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;
1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу
мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмда-
рында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйлан-
ган адамдарга, жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен
сыйланган адамдарга; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана
алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка маж-
бурлап кармаган жерлердин мурдагы жашы жетелек туткундарына - 2000 сом
өлчөмдө;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин
үй-бүлөлөрүнө; Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман
эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери
жана медалдары менен сыйлангандарга; Улуу Ата Мекендик согуштун жылда-
рында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен
мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 500 сом
өлчөмдө.
2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине
кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул ар жылкы төлөмдөр сыяктуу, пенсия
берүүчү ведомствого карабастан райондук, шаардык социалдык жактан кор-
гоо кызматтарынын тизмелери боюнча аймактык байланыш бөлүмдөрү аркылуу
9-майга карата төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Фин-
мин) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги-
не (мындан ары - Эмгексоцмин) ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык байланыш
кызматтарын эске алуу менен облустар боюнча берилген эсептерге ылайык
бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөгө кредиттерди ачат.
4. Эмгексоцмин аталган жөлөкпулдарды төлөө үчүн Кыргыз Республика-
сынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз почтасы"
мамлекеттик ишканасынын шаардык жана райондук байланыш бөлүмдөрүнө
(мындан ары - байланыш бөлүмдөрү) финансылык каражаттарды социалдык
кызмат көрсөтүү борборлору аркылуу которот.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук
коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы, Кыргыз Рес-
публикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырда-
алдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы по-
лициясы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча)
2008-жылдын 30-апрелине чейин Эмгексоцминге Улуу Ата Мекендик согуштун
бир жолку акчалай жөлөкпул алууга укугу бар ардагерлеринин тизмелерин
райондорго жана шаарларга карата облустар боюнча берет.
6. Эмгексоцмин, өз кезегинде, Улуу Ата Мекендик согуштун, күч
структураларынын ардагерлеринин берилген тизмелерин бир жолку акчалай
жөлөкпул төлөө үчүн райондук жана шаардык социалдык коргоо кызматтарына
жиберет.
7. Райондук жана шаардык социалдык коргоо бөлүмдөрү байланыш
бөлүмдөрү боюнча бир жолку акчалай жөлөкпул алуучуларга ведомостторду
түзүшөт.
8. Төлөмдөр аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү райондук жана ша-
ардык социалдык коргоо башкармалыктарына отчет беришет; райондук жана
шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыктары - баш ийүүсүнө карата -
социалдык кызмат көрсөтүү борборлоруна, алар өз кезегинде, бюджеттик
каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү
министрлигинин Социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардамдар бо-
юнча башкы башкармалыгына социалдык кызмат көрсөтүү борборлору тараптан
текшерилген байланыш бөлүмдөрүнүн салыштыруу актылары тиркелген отчет-
торун беришет.
9. Төлөмдөр аяктагандан кийин байланыш бөлүмдөрү "Кыргыз почтасы"
Мамлекеттик ишканасынын облустук филиалдарына маалымат жана отчет бери-
шет жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына жалпыланган маалыматты
беришет, ал өз учурунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни-
кациялар министрлигине отчет берет.
10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги берилген төлөмдөр жөнүндө 2008-жылдын 20-июлуна чейин апта сайын
Эмгексоцминге маалымат берет.
11. Эмгексоцмин 2008-жылдын 1 -августуна карата Финминге облустар,
Бишкек жана Ош шаарлары боюнча кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө
жөнүндө отчет берет.
12. Кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул алуучу адам 2008-жылдын
17-апрелинен-31-майына чейинки мезгил каза болгон учурда жөлөкпул анын
каза болгон күнүнө карата аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө
алар райондук жана шаардык социалдык коргоо органдарына каза болгон
күндөн тартып 6 айдын ичинде кайрылган учурда төлөнөт. Бул учурда же-
сирлер (жесилдер), ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү райондук социалдык жак-
тан коргоо башкармалыктарына желөкпулду өзүнүн атына кайра тариздөө
үчүн каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн тиркөө менен жеке
арыз бериши керек.
13. Дайындалган, бирок жүйөлүү себептер боюнча аягына чейин алын-
бай калган кошумча бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөп берүү Эмгексоц-
миндин уруксаты боюнча кошумча тизмелердин негизинде 2008-жылдын 31-де-
кабрына чейин жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №270 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64…Постановление · 30.04.2009 · № 270
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу АтаМекендик согуштун ардагерлерине социальдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары…Постановление · 24.04.2008 · № 186 · Күчүн жоготкон
- Кырыгыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги №135 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары…Указ · 17.04.2008 · № 135 · Күчүн жоготкон