# "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу АтаМекендик согуштун ардагерлерине социальдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" Өкмөт Үйүнүн 2008-жылдын 24-апрелиннин №186 токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу АтаМекендик согуштун ардагерлерине социальдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" Өкмөт Үйүнүн 2008-жылдын 24-апрелиннин №186 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12719/edition/340340/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу АтаМекендик согуштун ардагерлерине социальдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" Өкмөт Үйүнүн 2008-жылдын 24-апрелиннин №186 токтому (30.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59037

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 270 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 24-апрели № 186

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын

17-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик

согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча

чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги №

135 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин соци-

алдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөргө кошумча бир жолку акчалай пособие берилсин:

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;

1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу

мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмда-

рында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйлан-

ган адамдарга, жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен

сыйланган адамдарга; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана

алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка маж-

бурлап кармаган жерлердин мурдагы жашы жетелек туткундарына - 2000 сом

өлчөмдө;

- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин

үй-бүлөлөрүнө; Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман

эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери

жана медалдары менен сыйлангандарга; Улуу Ата Мекендик согуштун жылда-

рында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен

мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 500 сом

өлчөмдө.

2. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине

кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тиркелген тартиби бекитил-

син.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-

рлиги:

- кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү пенсия берүүчү ве-

домствого карабастан ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын

жашаган жери боюнча райондук социалдык жактан коргоо органдары аркылуу

жүргүзсүн;

- 2008-жылдын 1-августуна карата Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлигине облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча кошумча бир жол-

ку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө отчет берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдору күчүн жо-

готту деп табылсын.

- 2000-жылдын 14-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Прези-

дентинин 2000-жылдын 9-февралындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-

кендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоонун кошумча чарала-

ры жөнүндө" Указын жүзөгө ашыруу жөнүндө";

- 2000-жылдын 3-апрелиндеги № 179 "Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин 2000-жылдын 9-февралындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата

Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоонун кошумча чара-

лары жөнүндө" Указын жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";

- 2004-жылдын 31-майындагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Президен-

тинин 2004-жылдын 5-майындагы № 156 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Ме-

кендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча ча-

ралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу";

- 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 148 "Кыргыз Республикасынын Прези-

дентинин 2005-жылдын 2-мартындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекен-

дик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чара-

лар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу";

- 2007-жылдын 4-майындагы №149 "Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 2-майындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш-

тун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар

жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу".

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
