# "Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2015- жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Өмөт Үйүнүн 2008-жылдын 24 апрелинин №185 токтому

- Толук аталышы: "Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2015- жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Өмөт Үйүнүн 2008-жылдын 24 апрелинин №185 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12718/edition/554191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2015- жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Өмөт Үйүнүн 2008-жылдын 24 апрелинин №185 токтому (26.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59036

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 24-апрели № 185

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

"Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу га- рантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы № 387 Жарлыгына ылайык, калктын репродуктивдүү саламаттыгын коргоо, эненин жана баланын ооруларын жана өлүмүн азайтуу жаатында координацияланган саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Рес- публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Калктын репродукциялык саламаттыгын сактоо боюнча Секторлор

аралык координациялык кењеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Калктын репродукциялык саламаттыгын сактоо боюнча Секторлор

аралык координациялык кењеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын Сала- маттык сактоо министрлигине "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы № 387 Жарлыгы менен бекитилген 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө ма- алыматты жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берип турушсун.

4. "Жарандардын репродукциялык укуктары жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 529 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 185 токтомуна тиркеме

Калктын репродукциялык саламаттыгын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Секторлор аралык координациялык кењештин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кењештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Кењештин төра- гасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медицина- лык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын энеликти жана балалыкты коргоо бөлүмүнүн башчысы, Кењештин катчысы.

Кењештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун ба- сары; Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Бишкек шаарынын вице-мэри; Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бо- юнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамле- кеттик агенттиктин башкы адиси; "Аялдарга жардамдашуу борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу ди- ректору (макулдашуу боюнча); "Алга" айылдык аялдардын коомдук бирикмесинин директору (макулда- шуу боюнча); ЮНФПАнын Кыргызстандагы аткаруучу өкүлү (макулдашуу боюнча); ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы аткаруучу өкүлү (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
