# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги №184 "Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашуунун ратификациялоо тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги №184 "Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашуунун ратификациялоо тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12717/edition/328207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги №184 "Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашуунун ратификациялоо тууралуу"токтому (24.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59035

---

Бишкек ш, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 24-апрели, № 184

"Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган

Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук

түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө

Макулдашуунун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 64-беренесине ылайык мамлекет

ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын

эларалык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик

укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын негизинде

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай

кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө

маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө Макулдашуунун ратификациялоо

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук

комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган

мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган

Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук

түзүмүндө маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө

Макулдашуунун ратификациялоо тууралу

1-статья. Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай

кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы региондук түзүмүндө

маалыматтарды техникалык коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-статья. Кыргыз Республикасыны Тышкы иштер министрлиги аталган

Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги

жол-жоболорду Кыргыз республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай

кызматташтык уюмунун Секретариатына билдирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти
