# Биринчи Май айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 76 "Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Биринчи Май айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 76 "Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77449/edition/1260217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биринчи Май айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 76 "Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун берүү жөнүндө" токтому (11.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590339

---

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы 2022-жылдын 11-ноябры № 76 Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун берүү жөнүндө Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун берүү маселени угуп жана талкуулап, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,архитектура курулуш, транспорт, экология, айыл чарба жана регламент боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде 2022-жылдын 23-октябрындагы № 7, ченемдик укуктук актылары 12-ст. 1-пунктуна, 13-ст. 3-пунктуна, 25-ст., 18-ст. 4-пункту, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин”, «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-ст., Биринчи Май айылдык Кеңешинин сессиясы, -

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Биринчи май айыл өкмөтүнө пайдалануудагы жалпы аянты 72,0 кв.м. дареги боюнча: Ак-Суу а., Түштүк көчөсү н/ж жер тилкеси мөөнөтсүз пайдалануу укугуна муниципалдык менчикке берилсин.

2. Биринчи май айыл өкмөтүнө бул жер тилкеси аукцион аркылуу ижарага берилсин.

3. Биринчи Май айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси жер-кадастрдык иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана бөлүнгөн участоктун иш кагаздарын Москва районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалына түзүүнү;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

Төрага

Н.И. Акматалиев
