# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 181"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 181"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59032>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12714/edition/339950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59032.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 181"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө токтому (20.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59032

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-апрели № 181

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-

зам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

2000-ж., № 7, 362-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-статьядагы "Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Эл өкүлдөр жыйы-

нын" деген сөздөр алып салынсын.

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
