Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарынын атрибуттарын жаңылоо жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы 2022-жылдын 22-ноябры № 60
Баткен шаарынын атрибуттарын жаңылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 мыйзамынын 17-беренесине, Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставына жана Баткен шаарынын атрибуттарын кайра жаңылоо максатында, Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун жана шаардык Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарынын сунушунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1.Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын №2-3/11 токтому менен бекитилген, Баткен шаарынын колдонуп келген атрибуттары учур талабына ылайык жокко чыгарылсын.
2. Баткен шаарынын атрибуттарын (Желеги, Гимни, Герби) жаңыдан иштеп чыгуу үчүн конкурс жарыялоо жана иштеп чыгуу жагы Баткен шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
3.Баткен шаарынын атрибуттарын жаңылоо үчүн конкустук байгелерге 310,0 миң сом акча каражаты шаардык Кеңештин 2023-жыл бюджетине киргизилсин.
4.Баткен шаарынын расмий атрибуттары жаңыланаары шаар калкына ММК жана шаардык Кеңештин, шаар мэриясынын расмий сайттары аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Г.Артыкбаев/ тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123