# "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 176 "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 176 "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12709/edition/328199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 176 "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59027

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-апрели № 176

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 1998-ж., N 2, 20-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-статьяда:

- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин төрагасы;";

- төртүнчү абзац алып салынсын.

2. 25-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Жогорку Кењешинин палаталары-

на" деген сөздөр "Жогорку Кењешине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
