Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-апрели № 173
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-
зам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
1-статья.
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-ж., №
2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр тиешелүү
жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши" деген сөздөргө алмаш-
тырылсын.
2. 17 жана 20-статьялардагы түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук коопсуздук
министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "улуттук коопсуздук боюнча
мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 18-статьядагы "Өзгөчө жагдайлар жана жарандык коргонуу боюнча
министрлигинин" деген сөздөр "Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген
сөздөргө алмаштырылсын.
4. 25-статьядагы түрдүү жөндөмөдөгү "Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген
сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши" деген
сөздөргө алмаштырылсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.БАКИЕВ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 5-сентябры № 600-IV ""Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз…Постановление · 05.09.2008 · № 600-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы № 909-IV ""Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Кыргыз…Постановление · 22.01.2009 · № 909-IV
Шилтеме берет (3)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон